Айжамал Кабылова "Турмуш сабагы"
Жанр:Поп
00:03:29
52,25 Мб
Жүктөлгөн: 24-08-2016


Сөзү:Нуркан Койчуманованыкы
Обону:Алишер Мамадалиевдики

Бул турмушта кайгырсам да чөкпөдүм,
Ийгиликке жеткенде да көппөдүм.
Жабыркадым, азап тарттым сүйүүдөн,
Ошондо да көз жашымды төкпөдүм.

Кээ бирөөлөр менде өчү барчылап,
Майда сүйлөп жан дүйнөмдү жанчылап.
Көрө албастар тузак жайып жолума,
Чыйралтышты, кайра мени камчылап.

Кайырма:
Суук сөзгө көңүлүмдү оорутпа,
Жаман көзгө карегимди соолутпа.
Оо, Жараткан, өзүң берген энчиң бул,
Өнөр жолдо жан дүйнөмдү толукта.

Ушак сөздөр сөөгүмө жеткенде,
Ыза болуп, жаш экенмин, ыйлагам.
Кыйын кезде достор чанып кеткенде,
Ошондо да жамандыкка кыйбагам.

Тагдыр экен, сыноо салды башыма,
Жаш экенмин, баарын чыдап көтөрдүм.
Дагы канча сыноо барын ким билет?
Бышып калдым кыйналбастан өтөмүн.

Кайырма:
  • Currently 4.35/5
(34 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (56)

24.08.2016. 15:14
 nastinbaba89
Ээээ
24.08.2016. 15:15
 bosmos777
Жакшы ! Ийгиликтер! Айжамал!
24.08.2016. 15:31
 snejinka
Клип кичине супсак болуп калыптыр. Айжамалдын үнү сонун, Ырдын мааниси абдан жаккан, ошого жараша "мощный" клип күткөн элем. Дагы да болсо ийгилик, талантыңыз өсө берсин!
24.08.2016. 16:14
 ilgis1991
Айжамал болду эми озунду озун эзе бербей кичине мощныйраак,жашоого позитивдуу карап шандуураак ырлардан ырда.А так голос +5.
24.08.2016. 16:14
 normalnyi..kyz
Голосу жагатда
24.08.2016. 16:58
 Asanovna1805
ийгилик
24.08.2016. 17:06
 nazgul90
Клип да ырда жакты голос +5 сонун. ийгилик.
24.08.2016. 17:22
 Kanzada97
Вообще жакпады
24.08.2016. 17:52
 ais9
Начар....
Балчайган, жарашыксыз макияж(
Филармониянын жанына жатып алганында же логика же эстетика жок((
Баягы эле эптемей клип(
24.08.2016. 17:56
 aksy.koi-tash
Уну абдан жагатда игилик калайм клип жакшы
24.08.2016. 17:59
 Matilda
Мага клиптеги кыз эле жакты.
24.08.2016. 18:03
 oilonchu92
олбо жаным олбо клип
24.08.2016. 19:14
 altyn2015
Айжамалдын уну сонун. Ырды жакшы ырдаган, клип супсак.
24.08.2016. 19:51
 tuigan.
Алдыда дагы коп сабак аласын турмуштан синдим
24.08.2016. 20:00
 Salman777
базар жок
24.08.2016. 20:23
 altynai.almazova
Жакпады.
24.08.2016. 20:40
 asanovna
Саны бар сапаты жок клиптердин бири
02.12.2016 19:02
tina76.65
Шамал болбосо - Чоптун башы кыймылдабайт!
02.12.2016 19:04
tina76.65
Жасалма. Оозун отто эле чоё бергени жакпайт.
24.08.2016. 20:58
 Mile
Ак койнок кийгендеги макияжы чачы жарашыптыр. Кийинки кийим макияж чач жарашпаптыр. Картан арык жанын оголе арык корсотуп коюптур.
24.08.2016. 21:59
 zhyldyzka
Молодец Айжамал, унун сонун, клип дагы сонун болуптур, ийгилик!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: