Кубаныч Сатаев "Билесиңби"
Жанр:Эстрада
00:04:03
64,01 Мб
Жүктөлгөн: 18-02-2009


Сөзү:Кубаныч Сатаевдики
Обону:Кубаныч Сатаевдики

Тунжурап бул жашоодон тажаганда,
Өзүңдөн мээрим күтөм, келесиңби?
Көп кыздар айланамда жайнаса да,
Баары бир сени күтөм, билесиңби?
Арман күчөп...

Кайырма:
Ыйлап, ыйлап, көз жашым соолуп барат,
Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
Ай алмашып, жылдарым жылып барат,
Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.

Жашоомдо жакшы күнгө кабылсаң да,
Баары бир бөксөм толбойт, билесиңби?
Кыялдан неге кетпейт жалжал көзүң?
Жалганда бир арманым жалгыз өзүң,
Жалгыз өзүң.

Кайырма:
Ыйлап, ыйлап, көз жашым соолуп барат,
Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
Ай алмашып, жылдарым жылып барат,
Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
  • Currently 4.20/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (64)

18.02.2009. 13:53
 ROZI
Ырдын мазмуну клипке туура келбейт го...
А клип башкалардыкына караганда скромный экен...
18.02.2009. 14:38
 moi lev
Кубанычтын мындай жакшы ыры бар экенин билбептирмин. Бирок, клип жакшы деле эмес.
18.02.2009. 16:03
 Samus
Негизи ыр жакшы экен... Бирок, мурун уккандай болуп жатам. Эски ырлардын бири окшойт. Аткаруучулук жана ырдоо 5, клип 4+
18.02.2009. 16:18
 DaniMiX
"Карап, карап, кайрадан сени самап..." деген создору бар ырдын обонун ушунун кайырмасына алып койгонсуп калыптыр :(
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: