Жанр:Поп
00:02:54
43,82 Мб
Жүктөлгөн: 30-12-2013
Сөзү:Мирбек Атабековдуку
Обону:Мирбек Атабековдуку
Билемин сүйүүм сага түбөлүккө сакталат,
Жашоонун жарык нуру бир өзүңө арналат.
Сүйүүмдүн ачылбаган барактары өзүң менен го,
Жазгы таңдай нур төктүң го,
Жан дүйнөмдү гүлдөттүң ай, ай
Асманда толуп турган айдай,
Агарып жаркыраган таңдай,
Түбөлүк жүрчү мени жандай,
Жаныңда болуу - бакыт кандай,
Өзүңдү сүйө берем танбай,
Өмүрдү жалгыз сага арнай.
Сен десем сезимимде канат байлап уча алам,
Сезилет бир өзүңдөн жаралгандай бүт аалам.
Гүлүмдүн жыпар чачып жаңы ачканы өзүң элең го,
Жазгы таңдай нур төктүң го,
Жан дүйнөмдү гүлдөттүң ай, ай
Асманда толуп турган айдай,
Агарып жаркыраган таңдай,
Түбөлүк жүрчү мени жандай,
Жаныңда болуу - бакыт кандай,
Өзүңдү сүйө берем танбай,
Өмүрдү жалгыз сага арнай.
"Талисман" романтикалык комедиясына саундтрек.