Нурлан Насип, Бегиш "Ысык-Көлүм"
Жанр:Поп
00:03:23
35,53 Мб
Жүктөлгөн: 25-08-2015


Сөзү:Жылдызбек Турсунбаев, Кундуз Качкынбаеваныкы
Обону:Нурлан Насиптики

Бүтпөйт го эч качан иш деген,
Жүргүлө көлүмө биз менен.
Эс алуу жээгинде эң сонун,
Эңсөөнү табасың издеген.
Толкуну Ысык-Көлүмдүн,
Толкутуп турат өмүрдү,
Ыр-бийге толуп шаңданып,
Ар бир күн өтөт көңүлдүү.

Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Кучагын жайып чакырат, го.
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жээгине баарын батырат, го.
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жүрөккө сүйүү толтур да,
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жаныма кубат толкундар.

Ач чардак көл үстүн айланып,
Ажары күү болуп чертилер.
Ак кеме үн салып айдалып,
Азгырат чиркин, сымбаттуу селкилер.
Кыз-жигиттер жээктеги.
Кыналып бүтпөйт кептери,
Ырахат менен куурчалган,
Ысык-Көлүмдүн кечтери.

Кайырма:

Аба ырайы күн ысык кезде,
Керектүү буюмдарды тезден,
Чогултам мен, чогултат досторум.
Баарыбыз көл жээгинде бирге таңды тоскону,
Нурлар менен кубат алып, позитивди кошкону.
Баратам Ысык-Көл, керемети Салкын-Төр,
Калды саналуу мүнөттөр,
Сүйүнүч бардай жүрөктө,
Өтүп нечен чакырым, жай, ылдам, акырын.
Кирип келдик Ысык-Көлгө,
Жанымда бар жакыным.
Ысык-Көл керемети, кыргызымдын бермети.

Байлыгым Ысык-Көл,
Балуу, сыймыгым Ысык-Көл.
Келер дарегим Ысык-Көл,
Көрөр карегим Ысык-Көл.
  • Currently 4.38/5
(16 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

25.08.2015. 17:59
 karona
Ысык колум дегенден башка соз укпадым
25.08.2015. 18:07
 Asel-91
Ырдын өзү абдан жагат. Клипте болсо мен күткөн нерсе акталбай калгандай эле болду.
Түстөр ачык-айкын эмес (мүмкүн, камерадан), көлдүн кооздугу, сулуулугу такыр эле чагылдырылбай калыптыр((
28.08.2015 11:47
Dj_NEWANS
Asel-91,кошулам,мен куткон клип эмес!!!
25.08.2015. 19:37
 guljigit96
анча жакпады.
26.08.2015. 02:16
 chika-chika88
Соонун тартылыптыр, биздин ушундай коооз жерлерибиз бар экен,мен барган эмесмин колго.... Аябай жакты клип азаматсынар
26.08.2015. 14:29
 kepka
Супер мага жакты сенде чыныгы талант бар,азамат ийгилик.
26.08.2015. 20:55
 merinargiz
Мага озгочо Нурландын деерзкий болуп машинадан тушуп туруп тыпылдап басып кеткен жери ващще хаха веер менен желпингени да.)))) Сонун болуптур ырды клип кооздогон десем болот мага олллоо жакты супер
26.08.2015. 22:15
 Nur0701
Нурлан Насип негедир жалкоолонуп бараткандайсын,анча жакпады клип!
27.08.2015. 00:39
 bati81
башкача еле жаза болмок екен еки созунун бири ысык колум дегенден башка соз болгон жок?????
Нурлан
27.08.2015. 04:05
 Aichoy
Соонун чыгыптыр! Суппер!!!
27.08.2015. 05:08
 Mirba24
Начар Нурлан быйыл озгочо ыр жарата албады. Жакшыраак клип да тарта албады.
27.08.2015. 15:17
 Mars55
орто экен
27.08.2015. 16:48
 anya
Клипти коргондон коро ырын уксан жакшы таасир калтырат экен.
27.08.2015. 20:59
 Bek94
Бегиштин ырдаганы жакты
28.08.2015. 01:33
 aiana1993
Ысыкколум деп эле ырды бутуруп коюптур Нурлан
28.08.2015 11:48
Dj_NEWANS
aiana1993,Болок созу жок болсо не кылсын анан,,,Нурлан
28.08.2015. 12:53
 erketaiko
Жаннным го жаннымм эн соонун
29.08.2015. 01:30
 adina_love
Нурлан , Бегиш соонун ырдапсынар... Кравчики
30.08.2015. 23:54
 AFRODITA-89
интересный клип болуптур Колго баргынды келтиретго чиркин! Коптон бери бара элекмин, клип болсо ыры да сонун тартылган уксан болчудай экен, Нурланды озу обожаюда лапочка прям
12.09.2015. 21:58
 BeStOne
Ысык Кол эмес Ысы Кол деп атат го
20.09.2015. 22:09
 burulu
качан жаңы ыр чыгарасыз нурланчик
28.09.2015. 16:07
 Maksutov.95
Соонун ыр
28.09.2015. 16:28
 osor
Качан жаны ырларынызды угабыз Нурлан байке
04.10.2015. 17:07
 rasan
биздин айылдан тартылган турбайбы молодец
09.10.2015. 08:45
 TAYiRbEK_kGZ
Азаматсыздар братандар ушул убакытка чейин Бегиш байкени ырдаганы мага жакпайт эле бирок бул ырда соонун ырдаптыр, Нурлан байке негизиле зынк ырдайт, клип суппер ийгилик!
27.10.2015. 21:21
 dastan_nookat
Ысык-Кол керемет жер!!!
29.10.2015. 20:04
 gulu86
агатай сизге ийгилик
15.11.2015. 11:41
 power444
jakshy klip eken yssyk kol kyrgyzstandyn bermeti da
15.11.2015. 11:47
 power444
Admin kechee jakynda ele yrdap chykkan yrchylardyn yrlaryn baaryn juktopsuzdor al emi Syimyk Beishekeev. Bek Borbiev. Kanikei Eralieva. Aibek Kasymovgo okshogon jyldyzdardyn yrlary jokko ese bar bolso da az ushulardyn yrlarynan koburook juktosonuzdor
16.11.2015 12:08
admin_media
power444,
Саламатсызбы! Бул аткаруучулардын өз суранычтары менен порталдан ырлары алынган.
18.11.2015. 02:19
 LadyD
ыр жагат, бирок клипте кечкеле ысып тердей бергени жаккан жок... анан да айланайын Нурлан майкачан, дэги эле устундо футболкасы жок чыкпаганга аракет кылчы, ото эле арык экенсин, жарашпай калат экен... пиджак кийип жургонун он...
24.11.2015. 14:54
 Nurzat1
НУЛАН байке жазбайсызбы ырларды
24.11.2015. 15:21
 admin_media
Nurzat1,
Эскертүү! Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: