Нурлан Насип "Сагына берем"
Жанр:Поп
00:03:56
38,02 Мб
Жүктөлгөн: 06-09-2013


Тагдыр жазганын билдим, түшүндүм,
Сен деп жаңылып, эми өкүндүм.
Жалган көздөрүң, арман коштогон,
Муздап жүрөгүм, жалын кошпогон.

Кайырма:
Мен сагына берем, сагынып келем,
Арманыма азаптан жазылган белең?
Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм,
Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм?

Сен деп жашагам өмүрдү өткөн,
Жол карап дайым, озунуп күткөм.
Эми кайдасың, аттиң арман,
Ким менен кеттиң, жашынып жалган?

Кайырма:
Мен сагына берем, сагынып келем,
Арманыма азаптан жазылган белең?
Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм,
Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм?
  • Currently 4.41/5
(27 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (71)

09.09.2013. 18:44
 laki
КЛИП болот эми,
09.09.2013. 19:03
 adiletik
ыр жакшы клип анча болбой калыптыр,ушунча клип тарткандан кийин сулуу кыз тапса болмок экен
09.09.2013. 19:59
 sneg88
adilеtik сизге толугу менен кошулам клиптин коркун тартылган кыз ачарына эми чын эле ынандым кыз тарынбасын бирок "серая" экен
09.09.2013. 20:47
 ainazik_tokmok
клип жакшы жакты)
09.09.2013. 21:19
 dinka.vip777
байкуш жамгырда титиреп калыптыр го. мага ыр жагат, клипти да ырдын денгээлиндей жакшы болот деп куткон болчум, андай болбоптур. бирок ийгилик
09.09.2013. 22:11
 nuraid
мага жакты, кыз деле жакшынакай экен, естественная!
10.09.2013. 22:01
 Oscar2356
Мага ыры жагат.
10.09.2013. 23:32
 masr88aza
Норм
11.09.2013. 14:30
 alibekova94
клип жакшы тартылган! азаматсыз Нурлан талантынызга беш деген баа берем!
11.09.2013. 17:25
 nurperishka05
жагат да ушул ыр
12.09.2013. 00:25
 azia9393
мен ыры менен ооруп калдым
12.09.2013. 19:58
 Sweetnuri
Мен сагына берем, сагынып келем
13.09.2013. 18:26
 slanting
клип абдан жакты!НУРЛАН талантын ташкындап,онорун осо берсин берсин!
16.09.2013. 02:02
 Typyskoo
Кыздын басканы башкача экен артынан караганда! А Нурланга соз жок азаматсын!
18.09.2013. 16:22
 KAREGLAZAYA_VOLCHICA
Аябай жакшы ыр экен. Клип деле биздин ырчылардын денгеелинде. Ашык да,кем да эмес. Клипмейкерлердин тептакыр идеясы жок болуш керек го. Клиптин сенариясын ырчылар оздору таппаса керек. Тартып аткан адам професианал болсо клип коркуно чыгат да. А биздики эптемей. Орконун оссун Нурлан. Дагы ушундай ыр кутом.
12.10.2013 00:41
AZAP_2009
KAREGLAZAYA_VOLCHICA, meni ke4irip koyunuz birok men sizdin oiunizga kowula albaym!klipmeykerler birin4io4eretde yr4ynyn oyun esepke alyp anan iwti bawtayt. En ele birin4i biz koro albastyk saltybyzdy jogotuwubuz kerek ...
19.09.2013. 00:18
 SuLuWkA
Ыр эн соонун соз жок клип анча эмес темага жооп бербей калгандай неси болсо да ийгилик сага.
21.09.2013. 18:45
 patriot_kyrgyzstan
баары жакшы тартылган,клип,ыр сонун,олконун денгелине толугу менен жооп берет,алга нурлан,сени колдочулар кооооооооооооооп,биз сени менен сыймыктанабыз,чон рахмат !
22.09.2013. 01:29
 Gulzina_91
Клипке сулуураак кызды койсо боло эле
22.09.2013. 13:06
 Nursaikal
саламатсызбв...кечиринеиз бирок мен да баары эле айткан кемчилигиниз рубашканыздын ичинен майка кийбегенинизди айтат элем...а так клип жакшы чыккан
26.09.2013. 14:30
 Asus84
1) майкак кийиш керек эле
2) кыз жокпу башка
3) песня ок
4) бир эле жер бекен дубайда
5) бир аз жансыз
6) бирок жакты
13.11.2013 18:15
TolonturCN
Asus84, Дубай эмес Үрүмчүдө тартылган
27.09.2013. 16:06
 Syrgagul
Унунон сенин, унун бир озгочого! Унуно береке!
28.09.2013. 15:30
 anara85
Сагынып келем сагындым деген жанынан сенин жакты кыз да жакты очень простая экен ++++10
29.09.2013. 21:39
 jazy
Ыры сонун экен бирок кыз анча эмес клиптин коркун чыгарбаптыр суулурак кыз тапса болмок
25.07.2014 11:57
burulu
jazy, tyyra,culuurak kyz tapsachy,,,,
01.10.2013. 09:27
 sulaiman.erkin
Китай кыргыз кызы болсо емне болyпутр !бызды жаратпаган создорду жазуга жолкойбойм!!!кыргызстан кыргыз тилин сактап кала албаган аалына биз китайдакы кыргыздарды жаратбаханга укунунар жок!
05.10.2013. 00:32
 NADUW
жакшына журушуп эле кетип калды го туруп туруп! кызык!
16.10.2013. 15:28
 jamuhan
соонун ыр мага жагат
25.07.2014. 11:55
 burulu
urumchu tartylyptyrgooo,kyz dele kyrgyz kyz,
23.10.2014. 01:09
 mi-li-na
Ыр жакшы, клиптеги кыз нукура кыргыз жуздуу татына кыз экен.
26.03.2015. 00:34
 Afina
уну жакшы, ыр жакшы. Бирок клипине тушунсом мурдумду тен экиге болуп берейин.
07.06.2015. 09:09
 manchini
сонун клипкен
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: