Нурлан Насип "Айта албайм"
Жанр:Поп
00:04:05
51,29 Мб
Жүктөлгөн: 09-07-2013


Сулуу келбети,
Көздөрү - көлдүн бермети.
Кылгырып караганың,
Кымбатым, самаганым.
Жымыңдаган көз карашың,
Кыялдарга терметти.
Оюмдан кетпеди неге,
Жомокто ханыша беле?
Сыйкыры арбады,
Сыр болуп калганы,
Жүрөктө кадалды жебе.

Кайырма:
Сезимди арнап беремин,
Сездирбей, бирок келемин.
Айта албайм, айта албайм,
Айта албайм анын себебин.
Ийилген белиң, билегиң,
Имерип алды илебиң.
Жүрөктү, жүрөктү,
Жүрөктү неге эзесиң?

Эсимден кетпейт элесиң,
Эңсетип дайым келесиң.
Күн болуп көрүнүп,
Нуруна төгүлүп.
Муздай тоңгон жүрөгүмө,
Муза болуп бересиң.
Карабай башканын баарын,
Карады, жүрөктө жалын.
Кылыктуу каш кагып,
Сезимге баш багып,
Сүйдүрүп алдыңбы, жаным?

Кайырма:
  • Currently 4.07/5
(29 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (94)

12.07.2013. 22:41
 vikarus
клиптин эч кандай мааниси жок
13.07.2013. 00:07
 Aykan
men da koshulam... Tushunuksuz klip yr aiabai jakty..
13.07.2013. 05:35
 ainura220888
Клип мааниси жок турбайбы лучще Нурландын досу командировкага кетип анан нурлан аяшкасынан кабар алганы келсе уй ремонт кылып жаткан болсо жардамдашып ошол кызыктуу окуялары болсо анан айталбайм типа суйоорумдун себебин деп ырдаса болчудай. Кыз жылдыздуу эле экен бирок дискотекада жургонсур бийлебей эле койбоптур неси болсода опут чон роль ойнойтда эркелетсемби деген иклиптеги кыздай кичине кыймылдасада болмок экен как не как досунун девушкасы болгондон кийин карочи одним словам клип отстой.
13.07.2013. 15:52
 akulya17
Болбогон эле бир нерсени тарта беришет же мааниси жок!!
14.07.2013. 00:08
 basmer_9193
tushunuksuz, bashy jok je ayagy jok bolup kalyptyr
15.07.2013. 21:03
 Rimanto
Нурландын жаны ырын жуктоп койгулачы "Окунбо" деген ырын,алдын ала рахмат))))

16.07.2013 13:48
admin_media
Rimanto,
Саламатсызбы! Нулан Насип "Өкүнбө" деген ыр жаздырбагандыгын кабарлады. Сиз башка ырчы менен алмаштырып жатсаңыз керек)))
23.07.2013 01:16
Neba.
Rimanto, окунбо деген ырды Жоодарбешим деген жигит ырдайт нурлан насип эмес
15.07.2013. 22:06
 ZarinaSM
!!!пффф....окшош клиптерден тажадым! Ырчылар !!- что то оригинальное придумайте,включайте фантазию!
17.07.2013. 16:33
 alysta
Жоодарбешим "Өкүнбө"
23.07.2013 01:14
Neba.
alysta, жоодарбешимге допинг менен чуркаса да жетпейт ильяз жоодарбешим омар самые самые самые первые
19.07.2013. 19:48
 Dili007
эчтекеге тушунбодум
20.07.2013. 04:01
 booru.1991
Клип менимче жакшыдай корунгону менен, катачылык абдан коп.
23.07.2013. 01:19
 Neba.
бул айда нурлан насип менен асел банкрот болушту экоо окшошушуп
02.08.2013. 03:36
 azile8691
сооонууун мага аябай жакты. ийгилик сага нурлан
12.08.2013. 14:51
 sneg88
эн сонун чон рахмат Нурлан
21.08.2013. 00:33
 mosk
Клип жакшы болуптур,молодец Нурлан.
05.09.2013. 19:20
 bekush
ырга соз жок супер клип жаккан жок
05.09.2013. 20:57
 Sweetnuri
Молодеееееееец Нурлан !!!
08.09.2013. 21:14
 Nuraxmad
ушу клипке дегеле бир тушунбодум емнени тушундурот бул? Досун узатып досунун кызын озуно откоруп алганбы емне???
26.09.2013. 09:27
 nursyi
Ыр жакшы ырдалган,бирок,клиптин мааниси жеткиликтуу берилген эмес. Кыз-жаш,жакшынакай,бирок,кашы анын курагына туура келбейт ж-а,клиптин акырында кыздын "отургандагы буттарынын абалы"этикага жатпай калган.
16.10.2013. 10:14
 dina
Ыр эң сонун! Клип тажатма.
20.10.2013. 01:18
 akusya.kg
все завидуйте молча...она красотка и у нее красивая улыбка...колунардан келсе силерда клипке таргыла ушул кыздай болуп... Нурлан байке уважаю вас вы молодцы...ийгилик сизге...
21.10.2013. 04:24
 Aigerimkaa
Башы тушунукту,остальное сами до думайтесь экенда клибы
26.10.2013. 01:07
 Ханбийке
тушунуктуу соонун эле, жымшышка деле жылдыздуу экен китаянкаларга окшошуп.
28.10.2013. 13:31
 Sancho_Arsenal
Ырыда клипида жакты. Алла ыразы болсун!
10.11.2013. 23:59
 SOLITARY
тушунбой калдым да..ну ладно..бирок Нурландын дайыма кулуп, шайырдыгы жагат..дубал аябай агарды го..
12.11.2013. 03:05
 gulperi.kg
кыз мынча куник((башка кыз таппадынбы клибинин корку жок болуп калыптыр
23.11.2013. 18:06
 taalaybek76
ырга соз жок суппер
25.01.2014. 03:25
 Itachi
соз жок вашше класс!!))))))
01.02.2014. 03:33
 Zaur88
аяшы эмес э досунун карындашы
04.06.2014. 18:18
 dasya
клиптин Эч кандай мааниси чынын айтсам башталышы маанисиз башталган окшошу маанисиз бутту
16.09.2015. 00:14
 Lovelove
Kak etu devuwku zovut? Skajite poj-sta,..
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: