Нурлан Насип "Мени унут"
Жанр:Поп
00:04:20
73,15 Мб
Жүктөлгөн: 29-01-2018


Сөзү:Жаңылай Кекееваныкы
Обону:Эдил Маматовдуку

Сөздөрүм ырларымда угуп кой,
Жетинип айта албаган
Келечек күнгө болбо сен тоскоол,
Өткөнгө кайтып бара албайм.
Алгачкы махабатты берген деп
Өзүңдү эч жашыра албайм.
Ашыктар болгонбуз биз ээрчишкен,
Ал күндөр эми кайтпаган.

Кайырма:
Мени унут, сен менсиз жаша, өкүнбө,
Мени унут, сүйөм деп эстеп, өксүбө.
Мени унут, ыйлаба, көз жашың төкпө,
Мени унут, убакыт дары күндөргө.

Сезимдер сага деген муздады,
Көңүлүм жүрөт тартпай.
Мендеги жашаган сүйүү бүттү,
Эми кайра ал жаралбайт
Жүрөктө жылуулук калды өчүп,
Сагынбай калдым сагынбай.
Себебин билесиң ичтен туюп
Ал күндөр кетти, кайрылбай.

Кайырма:
  • Currently 4.50/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (13)

29.01.2018. 20:37
 taiyr00kg
Нуланды балдар урбай еле кыздар урганго бетти тытылып
29.01.2018. 21:59
 adik2806
Туркиядан тарткан окшойт клип, Кыргызстана андай жер жок
30.01.2018. 13:46
 Bonbon
Менин оюмча клиптин мазмунуна карап ат кое турган болсок сени унутам деген ыр болуш керек болчу
30.01.2018. 15:16
 klara97
Ыр да, клип да сонун болуптур. Мага жакты. Нурлан байкеге ийгилик!
30.01.2018. 16:15
 Maratbekova
Нурлан байке азаматсыз
Чыгармачылыгынызга коп коп ийгиликтерди каалайм
Мен сиз менен ар дайым сыймыктанам
30.01.2018. 16:18
 Maratbekova
Менин коптон куткон ырым клибим чыкты рахмат сиздерге
31.01.2018. 14:23
 Merin
точно в Турции сняли
31.01.2018. 17:48
 Sezima89
Соонун
02.02.2018. 02:19
 Kudainazar98
Ырдын создоруно клип тура келбей калган манисиз бул минус пилюс жагы соонун жерлерде тартылыптыр бул плюс 4 балл
02.02.2018. 10:57
 Miko..98kg
Админ оорубачы сен менин апакем алтын апакем деген ырды жүктөп коюңуздарчы?
02.02.2018 11:35
damir007
Miko..98kg,
https://www.super.kg/mobile/media/audio/130215
KG Эльмурат "Апакем"
Дүйнөнүн жары, чырагы сен,
Дүйнөдө кымбат, апакем сен.
Ыйлабачы сен, кыйналбачы сен, алтын апакем,
Бар болгун дайым, бар болгун дайым,
Бар болгун дайым, түбөлүк сен.

Эр жетилдим мына мен дагы,
Кыйналбайсың эми сен дагы.
Оорубачы сен, менин апакем, алтын апакем,
Жылдызың жаны
03.02.2018. 12:50
 imanberdi98
Клиптеги кыз сулуу экен.Жакты))
12.02.2018. 02:31
 Dembele84
Эки жумада [moderated]да 700000 ден ашуун корулуптур,жакында миллионду багындырат тез эле,супер хит 2018 точно!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: