Нурлан Насип "Менин да сүйүүм ушундай"
Жанр:Поп
00:03:19
46,7 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2013


Сөзү:К.Качкынбаева, Н.Насиптики
Обону:Н.Насиптики

Музыкам сен болдуң,
Муз эрип жүрөктөгү.
Муңумду таратып,
Жылмайып күлөт пери.
Эңсетип өзүңдү,
Эмне эле күн өтпөдү?
Ээлигип жай бербей,
Жүрөгүм сүйөт сени.

Кайырма:
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап
Бакыттын кушун учурбай.

Көздөрүң балбылдап
Көңүлдүн шам чырагы.
Көзүңдүн жарыгын
Башкалар мендей туябы?
Күлгөнүң шыңгырап,
Туптунук тоо булагы.
Күмүштөй күлкүңдү
Бөлөктөр мендей угабы?

Кайырма:
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап,
Бакыттын кушун учурбай.
  • Currently 4.20/5
(46 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (108)

26.09.2013. 15:21
 kg_trubach
azamat Nurlan bayke sonun klip tartypsyz
26.09.2013. 15:26
 Joodarbek
Ука соонун чыгыптыр тарткан клип!Бирок дагы иштеш керек болучу.Азаматсын!!!NEXT))
26.09.2013. 19:38
 Кыпчак
Херня!!!!!!!!!
27.09.2013. 16:13
 Talantbek
клип жакшы тартылган
27.09.2013. 18:03
 Akylai_aktan
Мурунку клиптерге окшош элего
03.10.2013. 04:44
 ANELKA
yrdyn kaiyrmasy jakpady!
05.10.2013. 00:24
 NADUW
Клип детский болуп калыптыр! Ушул байке клип жагына келгенде эле ашуудан аша албай калат да. Акчанызды аябай эле Эрнест байкеге кайрылынызчы! Же сиздин ак конулдугунуздон пайдаланып акчасын алып клипти ойдогудай тарпай коебу, айтор билбейм!
06.10.2013. 08:07
 bosmos7
Насип унуно баа берем! Чыны! Бирок Ырга тартылган тасмаларын ото жонокой !Азыркы ырга тартылган тасман жаш балдардыкы болуп калыптыр! Кичине аракет кылып !Каражат жумшап тартчы ! Рахмат! Кичине тасмага окшошсун!
08.10.2013. 05:23
 HTC-2000
азаматсын!!! нурлан клип,ырда оригиналдуу болуптур !!!
08.10.2013. 05:24
 HTC-2000
бирок жуктой албай атам. кантем?
08.10.2013 09:34
admin_media
HTC-2000,
Саламатсызбы! Оң жакта турган "Көчүрүү" деген сөздү бассаңыз көчүрүлөт.
08.10.2013. 05:26
 HTC-2000
айтып койгулаачы сураныч??
19.10.2013. 18:11
 asylzat_meka
Сонун ыр) мыкты клип)Азаматсыз)
19.10.2013. 18:12
 asylzat_meka
Жонокой ырга жонокой клип)5+
20.10.2013. 02:16
 Samara94
Нурлан Насиптин баардык ырлары жагат.Бирок клиби бир аз начар экен чынында эле(
21.10.2013. 04:17
 Aigerimkaa
Нурлан Насипти ырлары жакшы,жылдыздуу бала бирок тиши кичине бузуп коетта
24.10.2013. 11:31
 azizbek.dina
башталышы гана жакты
01.11.2013. 19:34
 RahiLa
соонун экен
08.11.2013. 15:10
 jypara1415
Тартылып,жасалып буткон нерсеге башынарды оорутуп эмне кыласынар?!Жакшы эле...
29.11.2013. 19:48
 elvira1980
Азаматсын Нурлан чыгармачылыгын оркундой берсин, чон ийгиликтерди каалайбыз Токтогулдук жердештерин атынан. Биз сени менен сыймыктанабыз!
10.12.2013. 19:06
 osor
Талантынызга таазим.
11.12.2013. 13:04
 Asus84
клиптир башкача куттум эле мейли бул деле болот
04.01.2014. 15:17
 kyrgyz4ik
эн жакшы нурланды антип паска ура бербегиле
11.01.2014. 19:44
 Elvinka
Сонун эккен да)Кыз мынчааа сулуу мага абдан жакты,эми байкелер эмне болушту экен))
13.01.2014. 21:43
 altynbek-
Дааа суйуунор жарым жыланач кыздын артынанго тобоа акча чогултупжабыгырак кийм алып бергиле кызга сенинда анында суйуунор андай болсо баняга кирип ырдагыла уятко антпесе
03.05.2014. 14:39
 narynbek-n
Азаматсын!!!
06.05.2014. 00:22
 shaiyrgul81
супер мага жагат
31.05.2014. 10:00
 joki1213
ырчылар Кыргыз болгонсон кыргыздын менталитетине жатпаган жат корунушторду тартпай эле койсо болмокк!!!!!
04.06.2014. 18:28
 dasya
Мейли Бул клип шандуу деп айтсам жанылбасасам керекю.Нрлан Насип айтып отсо жакшы болмок копологум деген ырына клипти кандай кылып тартат эле? менимче кополок деген бузулган кыздын мааниси да туурабы ?!!!!! оюунар кандай????????????????
22.02.2015. 03:01
 Orozbek.kg
клип жакты мага соонун
18.07.2015. 08:25
 Ayperi94
Мага ыр жагат болчу клип анча эмес экен.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: