|
Жүрөгүмдү сактаганмын сен үчүн, сүйүүмдү, сүйгөнүм,
Сага сүйөрүмдү кандай айтышты билбедим, билбедим,
Жүрөгүңдү сен да арнаган элең башка бир адамга.
Кайырма:
Кыялымдан кетпес,
Кайра кайтып келбес махабатым.
Мейли жалгыз калсам,
Мейли бактың тапсаң,
Сенин бактың - менин бактым.
Жашап келем сага сагынганымды айта албай,
Арман болуп калган арзууларыма жете албай,
Жүрөгүңдү сен да арнаган элең башка бир адамга.
Кайырма:
Сөзү : Б. Борбиевдики
Обону : Б. Борбиевдики
Актай кагаз алганмын,
Ак кайык жасаганмын,
"Окуучулук өмүрүм" деп жазганмын.
Аккан сууга салганмын,
Көпкө чуркап барганмын,
Узаганча кол булгалап турганмын.
Кайырма:
Агып кеткен окуучулук кайыгым,
Эми издеп таппай калдым дайынын.
Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.
Он жыл бирге туздашып,
Классташым, курдашым,
Аман болгун, тагдыр кайда бурбасын.
Акыл айтчу ар дайым,
Эжелерим, агайым,
Кеч болсо да рахматым айтайын.
Кайырма:
Сөзү : М.Осмоналиевдики
Обону : Казак элиники
Элестетип күндөр, бирге жүргөн түндөр,
Куса болуп эске алам бүгүн.
Каздар учкан көлдөр, кереметтүү жерлер,
Өзгөрбөптүр баарын көргөнмүн.
Кайырма:
Биз асманга карап, жылдыздарды санап,
Жүрчү элек го алыс күндөрдү самап,
Бара берем деймин, алыс болсо мейли,
Аман жүрсүн досторум деймин.
Көп ойлоном күндө, уктай албай түндө,
Бакыт-дөөлөт баары болсо дейм.
Элге кубат досу, эмгек-өмүр тоосу,
Кыйындыктан коркпоюн дейм.
Кайырма:
Кулпурсачы талаа, кулпурсачы калаа,
Гүл бакчада куштар сайрасын.
Эңсеп айткан тилек, сезимдер да түнүк,
Армандардан көңүл калбасын.
Кайырма:
Көктөмдө күнүм деп, cагындым бүгүн деп,
Жаштыкта жолугуп жыргал сүрөлү.
Бар өмүрүм менин белек кылса мейли,
Аман жүрсүн досторум деймин.
Кыялда кылымдап издегем,
Түйшүктүү түбү жок из менен.
Капыстан жолуктук, сырдаштык,
Жолубуз кайчы эмес, түз беле?
Кайырма:
Сен дагы мени издеп шаштыңбы?
Түбү жок санаага баттыңбы?
Шам болуп жагылчы, жыргалым,
Чын эле мен сени таптымбы?
Сүйлөсөң сүйүнө караймын,
Салаалап чачымды тараймын.
Күлмүңдөп көздөрүң от чачса,
Кайра эле күлкүңдү самаймын.
Кайырма:
Сөзү : Илгиз Абдалиевдики
Обону : Ө.Сапар уулунуку
Кара көз сулуу, ажайып нурдуу,
Татынакай биздин кыздар, ай.
Арбап алышат, ойго салышат,
Назданышкан назик кыздар, ай.
Кайырма:
Кыздар, ай, кыздар, ай,
Кыздар, ай, кыздар, ай,
Татынакай биздин кыздар, ай.
Кыздар, ай, кыздар, ай,
Кыздар, ай, кыздар, ай,
Кылыктанган, сүрдүү кыздар, ай.
Ачылган гүлдөй, асманда күндөй,
Ай чырайлуу, сулуу кыздар, ай.
Жүрөк эриткен, көңүл сергиткен,
Кылыктанган, сырдуу кыздар, ай.
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат,
Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап.
Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам,
Ар жыл сайын, ай, уланат.
Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр,
Туулган күн шаңга бөлөнөт.
Кайырма:
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Амандыкты тилейли,
Ден соолукта жүргүн.
Ачылсын ар дайым
Жаштык өмүр гүлүң,
Бактың, сүйүүң.
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Ата-эне бир тууганга,
Алтын башты ийгин.
Жашоонун кадырын
Узак жашап билгин,
Ойноп-күлгүн.
Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап,
Жакындарың кымбат белек алып камданат.
Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп,
Куттук сөздөр, ай, арналат.
Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген
Эх, кандай сонун салтанат, эй.
Кайырма:
Жылмайып күлсөң жарашкан,
Жан биргем мени карасаң.
Жагамбы сага жагамбы,
Жактырып койчу жанашсам.
Көңүлүм бурдуң көйкөлүп,
Көздөрүм сени саматкан,
Көңүлдү тартып өзүңө,
Көйгөйүм болбо садагам.
Кайырма:
Арбалдым сага,
Сага деген сезимим таза,
Азапка салба,
Эки жүрөк табышса гана.
Башкалар мендей барктабайт,
Баркыңды билбейт, баалабайт.
Бактылуу кылар мен болом,
Байралып мага жандасаң,
Алдабайм сени алдабайм,
Ак сүйүүм арнайм каражан,
Апакай сүйүү таптаза,
Ак сүйүүң мага арнасаң.
Кайырма:
Жарыгым арбалдым сага,
Сага деген сезимим таза,
Азапка салба,
Эки жүрөк табышса гана.
Ааламга жыпар жытын алып келген,
Ак таңдай пайгамбарым Мухаммед.
Ар дайым күч-кубат болуп келген,
Асыл кенч пайгамбарым Мухаммед.
Асыл кенч пайгамбарым, нур Мухаммед.
Кайырма:
Мухаммадун я расуулаллах, Мухаммадун я расуулаллах,
Я хабиб Аллах, я наби Аллах, Я шафи Аллах Мухаммад
Я расуулаллах.
Ахмад болуп аталдың көктө бийик,
Арбалдым мээримиңе, жан Мухаммед.
Алла сүйүп даңктады бир өзүңдү,
Аземдүү жер жүзүндө Мухаммед.
Аземдүү жер жүзүндө нур Мухаммед.
Кайырма:
Бул менин ачкычым,
Айтамын ачыгын.
Ыр сунуп сизге ырдаган
Көнүлдүн тереңинде,
От болуп келемин мен
Жан дүйнө үнүн тыңдаган.
Гүл сунуп ыр сунуп келемин.
Шаңга толуп ар бир күнүң,
Кайгы муңду калтыр бүгүн.
Ар бир жанга тилегеним,
Бул ыргакты тапкын бүгүн.
Маанайлар чөкпөсүн,
Өмүр жаш өчпөсүн
Жүрөктө обон турганда.
Кучагын жайып турган,
Сезимди айыктырган.
Музыка жана ыр гана.
Гүл сунуп, ыр сунуп келемин
Сөзү : Тургуналы Нурматовдуку
Обону : Тургуналы Нурматовдуку
Чырайыңа суктанамын күнү-түнү,
Чырагына жылынамын үмүтүмдүн,
Чыгарасың, күчөтөсүң күйүтүмдү, махабатым.
Табийгаттын татынасы өзүң белең?
Табышмактын көр эшигин ачып кенен,
Тартуулайсың бакыт нурун өзүң менен, махабатым.
Кайырма:
Күнүм болчу нурун чачкан,
Гүлүм сага арнасам.
Күүгүм кирсе жүрөгүмө,
Сүйүү берчи, садагам.
Жылдыз толгон сырдуу түндүн айланасын,
Кусага ороп жалын жашоо арабасын,
Жүрөгүмө бекемделип байланасың, махабатым.
Арбап алдың түбөлүккө жан дүйнөмдү,
Арнап мага аппак сүйүү, гүлдөрүңдү,
Алдап келем сенсиз өткөн күндөрүмдү, махабатым.
Кайырма:
Күндө карайм сенин сулуу сүрөтүңө,
Күлүп түшкөн сенин кара көздөрүңө,
Күндө самап жолугууну бир өзүңө, махабатым.
Чырайыңа суктанамын күнү-түнү,
Чырагына жылынамын үмүтүмдүн,
Чыгарасың, күчөтөсүң күйүтүмдү, махабатым.
Кайырма:
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Жүзүңдөн нурларың төгүлүп,
Кыялдуу сырларың көрүнүп.
Бир сен деп тынч албай көңүлүм,
Жан дүйнөм сени менен өзгөрүп,
Сезимим күчтөнүп.
Кайырма:
Мен кыйналдым го, мынча неге?
Дарт сезимден да күчтүү беле, эмнеге?
Билбедим, билбедим, башым катып кейидим,
Бакытты, сүйүүнү мен өзүңдөн издедим.
Билбедим, билбедим, башым катып кейидим,
Бакытты, сүйүүнү мен өзүңдөн издедим,
Сезбедиң...
Өзүңдү көргөндө бир ирет,
Айтууга тойбодум, түрдүү кеп.
Ойлорум чачырап ар жакка,
Шамалдай зуулдадым эселеп,
Жылдызым жетелеп.
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Түгөнбөгөн кайгы салдың.
Элесиң көз алдымдан кетпей,
Гүлүндөй жаңы аткан тандың.
Кайырма:
Ар дайым сен ырларымдасың,
Ар дайым сен сырларымдасың,
Ар дайым сен кыялымдасың.
Махабаттын отун жагып,
Маңдайыма жылдыз тагып,
Жашаймын жалгыз сага гана
Сүйүүнүн шам-чырагын жагып.
Кайырма:
Сөзү : М.Молдалиеваныкы
Обону : Ж.Исраиловдуку
Жүрөгү таза жаштардын тилегин берет,
Жакшы күн келет, ишеним керек.
Алдыга сүйрөп алдыга бириңди-бириң,
Алгыла терең билим, арман кылбай кийин.
Айтам жаштарга,
Тишиң барда таш чайна.
Жөнү жок сүйлөп жөн эле мактанба.
Кайырма:
Силер элдин келечеги, үмүт жагылат,
Демиңерге дем кошкону ырым жаңырат,
Четтен эмес, өз жериңден бакыт табылат.
Жылдызга улап жол,
Кыргызга кубат бол.
Чырпыктан чынар болгула, чындыктан тайбай,
Тилиңди чанбай, уятка калбай.
Чыры көп ушул заманда эң башкы максат,
Ыйманды калгын сактап, ырдайлы биз мактап.
Бийик бол, жаштар,
Ыдырап эл бөлүнбөй,
Ынтымак болсун, ырыскы төгүлбөй.
Кайырма:
Силер элдин келечеги, үмүт жагылат,
Демиңерге дем кошкону ырым жаңырат,
Четтен эмес, өз жериңден бакыт табылат.
Жылдызга улап жол,
Кыргызга кубат бол.
Мезгил учат жылдар узап тыным албастан,
Жаштык өтөт жалын жүрөк согуп турбастан.
Өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин,
Жалын чачкан жанаар отуң жана бербесин.
Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин,
Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра сага келбесин.
Аппак болуп тийип турган күн да жашынар,
Токтобостон себелеген жамгыр басылар.
Мааниси жок сөздөрүңдүн не бар кереги,
Айтчы, жаным, канча болду сааттын жебеси?
Ии-ий, о-оо, бизди күтпөй алга сүзөт өмүр кемеси,
Ии-ий, о-оо, кайрылбастан алга сүзөт өмүр кемеси.
Өмүр кемеси, өмүр кемеси...
Ак мөңгү тоолордон кемер курчанган,
Акак таштай шаарым, сенсиң суйкайган.
Көк тиреп үйлөрүң көкөлөп, ай,
Көчөлөр көркөм көгүш нур чалган.
Кызгалдак гүлдөрүң жылдыз тагынган,
Кымбатсың сен көргөн адам сагынган.
Биздин куттуу элдин ордосу, ай,
Кылымдап тур деп бизге салынган.
Кайырма:
Бишкек, мекен кылып, аталар жүргөн жер,
Жигит-кызы кайтарып, бекем сүйгөн жер.
Өмүр берилет баладан балага,
Өс дагы да улам жайнап, гүлдөй бер.
Делами славен будь, мой дивный город,
Сердцам простых людей, ты мил и дорог.
Напрасным будет пусть извечный спор,
Ты самый лучший город среди гор!
Кайырма:
|