|
Өмүр деген берилет бизге бир жолу гана,
Жараткандын буйругу экен, жашоо, ааламда.
Адашпайлы, жашоодо жаманга жанашпайлы,
Биз эч качан досторго жамандык санашпайлы.
Кайырма:
Өмүр, өмүр, өтпөсүн бекер бир келген өмүр,
Өмүр, өмүр, калбасын биздин гүл көңүл.
Өтөт өмүр, эсте калып кызык бир баяндай,
Өмүр барда жакшылык жасайлы биз аянбай.
Адашпайлы, жашоодо жаманга жанашпайлы,
Биз эч качан досторго жамандык санашпайлы.
Кайырма:
Эстейм апа, сенин кара көзүңдү,
Эстейм апа, ар бир айткан сөзүңдү.
Ойлой берем, ойлой берем,
Күндө эстеп, апа өзүңдү.
Ак булуттун бубак баскан чачтары,
Элестетем эчен ашуу ашканың.
Күткөндүрсүң, мени ойлоп,
Дасторконго жайып ак наның.
Үйгө барчу күндү эстеп, камынып,
Күтүп ар бир минутаны сагынып,
Канат байлап, учкум келет,
Куса болуп, көзүң сагынып.
Билем эне, бой жеткизип өстүрдүң мени,
Күн-түн дебей ак сүтүңдү эмизген энем.
Энекебай, сагынычтан
күйүп-жанамын,
Энекебай, жытыңызды искейм энекем, энем.
Көз алдымдан учуп өтөт узун түндөрдө,
Энекебай, кол булгалап калган карааның.
Бул дүйнөдө сизге теңдеш табылбас, билем,
Эч бир оору жаман дартка кабылба, энем.
Энекебай, сагынычтан
күйүп-жанамын,
Энекебай, жытыңызды искейм энекем, энем.
Көз алдымдан учуп өтөт узун түндөрдө,
Энекебай, кол булгалап калган карааның.
Энекебай, сагынычтан
күйүп-жанамын,
Энекебай жытыңызды искейм энекем, энем.
Көз алдымдан учуп өтөт узун түндөрдө,
Энекебай, кол булгалап калган карааның.
Кагылайын алтын энекем,
Сагынычтан күйүп-жанамын.
Ай жүздүү ашыгым,
Майда жай басыгым.
Сүрдөнөм сенден сүйлөбөй,
Сүйгөн жан, асылым.
Кайырма:
Сен барда айланам, гүл болуп жайнаган,
Булбулуң болоюн багыңда сайраган,
Булбулуң болоюн багыңда сайраган.
Баруудан тартынам,
Бакыраң татынам.
Мөөрдүн мөлтүр сиңдиси,
Өзүң бол каркырам.
Кайырма:
Эл айткан баягы,
Махабат баяны.
Жомоктой болуп бүтсө экен,
Сүйүүнүн аягы.
Кайырма:
Торгоюң болоюн,
Тоодогу сайраган.
Я снова видел этот странный сон,
Он был прекрасен мы были вдвоем.
Когда вокруг зажглись все огни,
Я это видел - мы были одни.
Кайырма:
Снова в небе звезды, но они далеки,
Только ты одна моя девушка мечты.
Закрываю глаза, вспоминаю тебя,
Я хочу чтоб ты услышала эти слова.
Все лишь для тебя, дорогая моя.
Луна укажет этот верный путь,
Уйдет из сердца печаль и грусть.
И будут встречи и свидания,
С тобой одной я буду счастлив всегда.
Көңүлүм соолубайт,
Кыялдар түбөлүк,
Кызыл күн батканда.
Жылдызым түгөнбөй,
Түн кетип жанымдан,
Ак таңдар атканда
Жараткан жазганы,
Буйруган өзүмө.
Бактымды тапканда,
Жомокко айланып,
Бакыттын байрагы,
Желбирейт асманда
Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда,
Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба
Бакытым колуңда
Жарыгым жолуңда.
Айланып ар бир күнүм
Тирүүлүктүн жомогуна
Кармадым колума,
Бакыттын байрагы
Азаптар отунда, жомогунда.
Кайгылар баспаган,
Көңүлдү муздаткан
Карангы түндөрдү
Жаштыктын илеби
Толтурган бакытка
Жалындуу дүйнөмдү
Кубанам ар дайым,
Бакыттын байрагы
Арманым түгөндү,
Ар күнү тагдырлар
Өзүмө тартуулайт
Бактылуу күндөрдү
Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда,
Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба
Бакытым колуңда
Жарыгым жолуңда.
Айланып ар бир күнүм
Тирүүлүктүн жомогуна
Кармадым колума,
Бакыттын байрагы
Азаптар отунда, жомогунда.
Кайырма:
Ак жүзүңдөн сылап айдын нуру,
Ата-энесин сыйлап ар бир күнү.
Акылдуу кыргыздын сулуу,
Сулуу кыздары.
Алоолонуп тийип абдан ысык,
Ала-Тоодой бийик ар-намысы.
Бабалардын жолдо жолун, жолун,
Батага созуп колуң.
Таң нурундай татына,
Жылдыздай жарык.
Таазим кылып калкына,
Кыз издейт бакыт.
Ата сөзүн актап,
Ата Журтун барктап.
Эне-тилин сактап,
Ар-намыстуу келишет,
Кыргыз кыздары.
Ай-ий, ай-ий,
Айчүрөктөй аты бийик.
Жанган чырактай,
Аккан булактай,
Ай чырайлуу кыргыз кызы.
Кайырма:
Кучагына асмандын,
Жылдызын кысып.
Ак маралдай басканы,
Кыргыздын кызы.
Жанып жарык күндөй,
Жайнап назик гүлдөй.
Жанып жарык күндөй,
Жашоонун шам чырагы,
Кыргыз кыздары.
Ай-ий, ай-ий,
Айчүрөктөй аты бийик.
Жанган чырактай,
Аккан булактай,
Ай чырайлуу,
Кыргыз кызы.
Кайырма:
Ай-ий, Манас ата калтырган бул белеги,
Ой-ий, Мекен үчүн чептей туруп берели.
Ай-ий, элине тийген кереги,
Ой-ий, урпактар өссүн береги.
Ай-ий, жүрөгүң арнап бергин сен элиңе,
Ой-ий, гүлдөтүп булак болуп бер жериңе.
Ай-ий, күч кошуп элдин демине,
Ой-ий, алдыга умтул темине.
Ай-ий, кыргыздын элин даңктайлы!
Ой-ий, кылымга аны сактайлы!
Кайрадан каректериң көз алдыма тартылат,
Айтарым келет менин жаралгансың бактыма
Бүгүн сен тарапка жаңы кадам таштаймын,
Ушул күндү өзүң менен гана баштаймын
Кайырма:
Сен, сезимимдин үнү,
Сен, өмүрүмдүн күнү,
Сен, жүрөгүмдүн бөлүгү.
Сен, бул жашоомдун гүлү,
Сен, жарыгысың түнү
Сен, жүрөгүмдүн бөлүгү
Табият жылмайганын сен жүргөндөй түшүнөм,
Негедир кубанамын көрсөм сени түшүмдөн,
Бүгүн сен тарапка жаңы кадам таштаймын,
Ушул күндү өзүң менен кайра баштаймын
Кайырма:
Кулагымда кыздын үнү ыйлаган,
Жөн ыйлабай жанды кошо кыйнаган.
Жок сезимди салгысы бар жүрөккө,
Кандай жанмын ал сулууну туйбаган?
Жакшы эле жакындаса жаныма,
Алыстаймын тургансып мен камына.
Катуу айтсам калат мүмкүн көңүлү,
Кайра корком каламбы деп каарына.
Кайырма:
Аттиң, ай, мага гана тартыласың жанымдан калбай,
Аттиң, ай, бакытын издеген жандай.
Аттиң, ай, бул өмүрдө түгөйүңдү жүрөсүң таппай,
Аттиң, ай, сен жалгыз ак куудай...
Баалап турсам бир өзүмдү башкадан,
Ээрчип жүрсө кыйынмын деп наздана.
Элес келсе, сезим келбей турду го,
Балким, сулуу кыйналууга жаралган.
Аттиң, неге баркын билбейм ал кыздын?
Ошондуктан мен азыр да жалгызмын.
Башкара албайм, туура түшүн сезимди,
Ак сүйүүнүн астында мен алсызмын.
Кайырма:
Кайырма:
Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели,
Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели.
Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө,
Тагдырдын бул белеги - сүйүүгө кезек берели.
Жалгыздык күндөр өттү,
Жаралап канча жүдөттү?
Таалайыма ыраазымын,
Табыштырган биздин жүрөктү.
Ай өттү, жылдар өттү,
Издеп жүрүп сендей чүрөктү.
Жолуктуң күз мезгилде,
Бакытка салып жүрөктү.
Кайырма:
Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели,
Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели.
Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө,
Тагдырдын бул белеги - сүйүүгө кезек берели,
Махабатка сөз берели.
Күтүүдөн карек талды,
Ал күндөр алыста калды.
Көңүл кушум таап сизди,
Үмүт отум бир көрүп жанды.
Эркелеп маралдайым,
Жанымда болчу ар дайым.
Жете албай бул жашоодон,
Арманда өтүп калбайын.
Көрө албастар көргөндөй айтат,
Көңүл бөлбөй көп жүргүн байкап.
Көксөбөдүм сенден башканы,
Көздөрүңдөн алгансың арбап.
Кайырма:
Мен өзүңдөн алыс чыкканда,
Ишенбечи ушак уксаң да.
Жаным, жаным, жаным, кызганба,
Жашоом бирге, жаным садага.
Азгырышат, ар кандай айтат,
Алыс жүргүн андайдан байкап.
Алмаштырбайм сени башкага,
Аппак сүйүүм - өчпөс махабат.
Кайырма:
Мен өзүңдөн алыс чыкканда,
Ишенбечи ушак уксаң да.
Гүлүм, гүлүм, гүлүм, кызганба,
Гүл сунбаймын башка кыздарга.
Жүрөгүмдө калды тыз деме,
Наздуу болот, айтчы, кыз неге?
Мезгил өттү, жолдор узады,
Жоодур көзүм, болду издебе.
Кайырма:
Өмүр - деңиз, жаным, биз - кеме,
Кошулбады биздин из неге?
Жазда, кышта, коңур күздө да,
Издебе, издебе...
Издесең да мейли, кай чара?
Ал күндөрдү албайм кайтара.
Нурун төккөн айдай көрчү элем,
Канатымды кеттиң майтара.
Кайырма:
Жылдыз болуп атың жанса да,
Атак-даңкың айга барса да,
Издебегин, барбайм кайрылып,
Тамса да көздөн жаш.
Кайырма:
|