|
Сезимде ой калат,
Кылыгың татты экен.
Өзүңдөй адамды,
Кандай жан тапты экен?
Сендеги сымбатты,
Аймалап күн батты.
Сени эңсеп, ардагым,
Жүрөгүм үн катты.
Кайырма:
Жол боюна караймын,
Өткөн күндү санаймын.
Сагындым мен, ардагым,
Жалгыз сени каалаймын.
Сени издеп чарчадым,
Деңиздей ташыгып.
Сен болдуң арманым,
Аялуу асылым.
Көңүлүм тынч албай,
Жанымды кыйнадың.
Сүйүүнү үйрөндүм,
Бир өзүң аркылуу.
Кайырма:
Жазалбай жүрөмүн,
Кыйналган жанымды.
Муңканган жүрөгүм,
Мас болуп өзүңө.
Жел согот сен жактан,
Сүйүүнүн жалыны.
Сезилет сен өзүңдөн,
Сагыныч амалы.
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Бар элимдин сайраны,
Күлкү, ырдын майрамы,
Биздин шерине.
Акын, ырчы, шайырлар, ай,
Төрүбүздөн байыр алып,
Келгиле бизге,
Келгиле бизге.
Кайырма:
Чапкын атты, чабарман,
Чакыргыла, кабар бергиле.
Бүгүн бизде шерине,
Келгин, тууган, достор, келгиле.
Шери, шери, шерине,
Шаң тарасын кыргыз жериме.
Шери, шери, шерине,
Шаң тарасын кыргыз жериме.
Капалыгың алыс качар,
Кубандырып көңүл ачар,
Биздин шерине.
Күнү тынбай ырдашабыз,
Таң атыра сырдашабыз,
Келгиле бизге,
Келгиле бизге.
Кайырма:
Бар элимдин сайраны,
Күлкү, ырдын майрамы,
Биздин шерине.
Акын, ырчы, шайырлар, ай,
Төрүбүздөн байыр алып,
Келгиле бизге,
Келгиле бизге.
Кайырма:
Сыртына барып айылдын,
Сырдашкан жакты сагындым.
Түгөнбөс ырдын түйүнүн,
Түбүндө алма кайыңдын.
Кайырма
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ак сүйүү, сенин көзүң жок.
Жылдызы көккө тарады,
Жылмайып тоодон таң атып.
Кадыр түн тоскон кездер, ай,
Кай жакта калдың адашып?
Кайырма:
Айтылган таттуу ант калып,
Жүрөктөн кетпес так калып.
Сен кеттиң кайра кайрылбай,
Мен турам көзгө жаш алып.
Кайырма:
Сөзү : Жыргал Жусупова
Обону : Эрлан Андашев
Сыйкырлап бүт сезимди
Каректериң көлбү же кең деңизби
Эңсеген кыялымдагы
Махабатым сен мага эми келдиңби
Сыйкырдуу көз карашың
Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын
Арбалып баратам мен
Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен
Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең
Тартуулап ак сүйүүңдү жаным мага берсең
Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем
Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем
Мен өзүңө берем
Аярлуу гүл дүйнөмдүн
Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм
Гүл ачып жан дүйнөмдө
Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн
Байырлап жүрөгүмдү
Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү
Бир согуп жүрөгүбүз
Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз
Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең
Тартуулап ак сүйүүңдү жаным мага берсең
Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем
Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем
Мен өзүңө берем
Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең
Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең
Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем
Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем
Мен өзүңө берем
Сөзү : Айбек Карымов
Обону : Айбек Карымов
Алтыным, берегирээк келчи мындай,
Отурчу жан эргите ырдай, ырдай.
Отурсак уктабастан түнү бою,
Шарактап таң атканча үн басылбай.
Алтыным, сен мендеги ойду билсең,
Ар дайым мени менен бирге жүрсөң.
Элесиң ак маралга окшоп келет,
Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең.
Сен барда караңгы түн да аппак таңдай,
Ал тургай ай биз үчүн жаралгандай.
Сен менен таштак жолдо баратсам да,
Сезилет көл үстүндө бараткандай.
Сөзү : Кубаныч Кожонберди уулунуку
Обону : Сагынычтыкы
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Мына кайра көрүнбөстөн ай нурлары,
Алигиче кечки туман каптадыбы?
Көрүп турам жалгыздыктын ары жагын,
Жалган дүйнө мага жазган азаптарын.
Кайырма:
Кечки туман, кечки туман,
Махабаттын баары жалган.
Кечки туман, кечки туман,
Калтырдың го жүрөгүмдө жалаң арман.
Эске түшсө өткөн күндөгү махабат,
Жүрөк ооруйт, сыздайт катуу, ал кагылат.
Кечирип кой мени, жаным, эй ардагым,
Билем бир күн башка сага жолугарын.
Кайырма:
Өткөн күндөрдүн сулуулугун сагынам,
Тартуулаган мага сүйүүнү сен жактан.
Мына эми мен өкүнөм, мен кайгырам,
Жаман экен жакын адамдан айрылган.
Жаштардын шаары – Жалал-Абад,
Күн өткөн сайын жашарат.
Түгөнбөй ырдай берүүчү,
Ырларым сага арналат.
Жалал-Абад – менин күнүм,
Жалал-Абад – сенин күнүң.
Келсең, курбум көрөсүң,
Жалал-Абад шаарын бүгүн,
Мына бүгүн.
Кечинде деле Жалал-Абад,
Көркөмү сонун кулпурат.
Жагымдуу ырлар ырдашып,
Кыз-жигит бирге үн салат.
Кайырма:
Жашарат шаарым жыл менен,
Бүтө албайм мактап ыр менен.
Бул шаардын сулуу кыздары,
Ачылган кызыл гүлгө тең.
Кайырма:
|