|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сөзү : А.Белековдуку
Обону : Н.Турсунбаевдики
Ак булутту аралап ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү жай баратат.
Ата албайсың ак кууну оңой менен,
Жете албайсың айга да жел ой менен.
Жеткенчекти жетпестен калган жакшы,
Жетип азап жегиче, арман жакшы.
Жетем десең сулуу ай жетээр элем,
Көк деңизин булуттун кечээр элем.
Сүзө бергин алтын ай көгүң менен,
Мен карайын өзүңдү теңим менен.
Сага жакшы көрүнсө булуттуу көк
Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.
Өрттөй дүрт деп сезимимдин мейкини
Болот тура ушундай да, кечиргин,
Өмүрлөрдү өкүнүчкө батырган,
Бул биз үчүн эң акыркы кездешүү.
Эзилем күйүткө, ээрчитип үмүткө,
Ардагымды бир келген акым бар сүйүшкө,
Акым бар сүйүшкө, сүйүшкө.
Кой десең да акылуумун сүйүшкө,
Койнум толо кубаныч алып жүрүшкө,
Жан дүйнөмө жаралганды бир ирет
Түбөлүккө байрак кылам үмүткө.
Кол жетпес арманым, көктөгү кыялым,
Сагындырган сары убайым, түгөнбөс ырларым,
Түгөнбөс ырларым, ырларым.
Сенин көлүң бөтөн колдон ачылар,
Сенин нуруң бөтөн жерге чачыраар,
А жүрөгүм өз өмүрүм бүткөндөй,
Акыркы ирет сен деп кагып, басылар.
Өзгөрөр чүрөгүм, өзгөрөр гүл өңүң,
Өзгөрүлбөс бир гана өзүңдүк жүрөгүм,
Өзүңдүк жүрөгүм, жүрөгүм.
Кол жетпес арманым, көктөгү кыялым,
Сагындырган сары убайым, түгөнбөс ырларым,
Түгөнбөс ырларым, ырларым.
Сөзү : А.Айталиевдики
Обону : А.Айталиевдики
Өтөбөй уйку неченин,
Дайрасын ойдун кечемин.
Ажарың жүрөк жандырган,
Ак шоокум сен деп сеземин.
Көздөрүң алоо жаккандай,
Каректе көп сыр жаткандай.
Таасириң мынча сүйкүмдүү,
Жайлоодон аткан ак таңдай.
Сен турган кыштак жаркырап,
Көңүлдө элес калтырат.
Эзбесең боло жүрөктү,
Эчаккы өчүң барчылап.
Көрбөсөм көөнүм жайланбай,
Көп ишим унут калгандай.
Он минут турсам жаныңда,
Ошол күн мага майрамдай.
Кара-Шоро - кенен жайлоо, Эс алууга барганга.
Достор менен көңүл ачып, Оюн-күлкү салганга.
Кара-Шоро - кооз жайлоо, Аба салкын, арашан.
Кел, курбулар, бул жайлоого, Эс алууну кааласаң.
Тоо булагы жылт-жылт агып, Күн нуруна урунат.
Анын шаңдуу шыңгырашы, Музыкадай угулат.
Кара-Шоро - жашыл жайлоо,Шибер чөптү жамынган.
Чабандар бар, кой төлдөтүп,Баатыр, орден тагынган.
Сөзү : А.Мамыровдуку
Обону : А.Керимбевдики
Асман тунук, ай тунук, көл да тунук,
Алмаз сымал көп ойлор менде толуп.
Сезип калдың ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Сен дагы аны сездиң бекен, туйдуң бекен?
Махабат күүсүн чертем нечен, нечен.
Бардыгы өлбөс болуп сага арналат,
Карааным карегиңде калды бекен?
Бардыгы өлбөс болуп сага арналат,
Карааным карегиңде калды бекен?
Асман тунук, ай тунук, көл да тунук,
Алмаз сымал көп ойлор менде толуп.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Бир тууганым, шам чырагы бүлөмдүн,
Бир атадан, бир энеден төрөлдүк.
Ак сүтүңдү бизге берген ата-эне,
Тизе бүгүп, таманыңдан өбөрмүн.
Кайырма:
Аска зоо бир тууганым,
Сенсиң багым,
Бек болсун дайым өмүр жаның,
Бек болсун дайым өмүр жаның.
Бир тууганым - дарагымдын тамыры,
Түндүгүмдөн күндөй агып жарыгы.
Кайда барба, кандай өмүр кечирбе,
Силер менен жүрөгүмдүн жарымы.
Кайырма:
Бакыт сепкен байлык өңдүү нуруңдан,
Башкада жок мээримиңе жылынам.
Силерге деп сактап койгон түгөнгүс,
Сүйүүм бар жүрөгүмдө уюган.
Кайырма:
Бакытка алып барчу жол алыстай,
Баарына кайыл болуп,дүйнө кезели.
Сабалап, ак тилекке куштай сызып жетели,
Эгер сүйүү деңиз болсо, бирге кечели.
Башкалар арзый албас мага сендей,
Айтылса айың сөздөр, мейли түтөлү.
Жадырап, телегейи теңдей сабыр күтөлү,
Эгер сүйүү тозок болсо, бирге түшөлү.
Сүйүүнү тараза менен ченебес,
Сезим тунук бойдон турсун, төгүлбөй.
Жашоонун кыйыны жолдо кеп эмес,
Эгер кол кармашып жүрсөк бөлүнбөй.
Калбасын дүйнө кемип, көңүл толбой,
Сезимдин бийлигине жаным, көнөлү.
Ашыктык жүрөгүмө конбой өмүр өнөбү?
Эгер сүйүү бейиш болсо, бирге көрөлү.
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : Алекстики
Сыртына барып айылдын,
Сырдашкан чакты сагындым.
Түгөнбөй сырдын түйүнү,
Түбүндө аппак кайыңдын.
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ак сүйүү, сенин көзүң жок.
Жылдызын көккө таратып,
Жылмайып тоодон таң атып.
Кадыр түн тоскон кездер, ай,
Кай жакта калдың адашып?
Кайырма:
Айтылган таттуу ант калып,
Жүрөктөн кетпес так калып.
Сен кеттиң кайра кайрылбай,
Мен турам көзгө жаш алып.
Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ак сүйүү, сенин көзүң жок.
Эх, сүйүү, сенин көзүң жок.
Учамын сага, учамын,
Ох, жаным, жаман кусамын.
Сары оору кылган жүрөктүн,
Дарысы сенсиң кусанын.
Кайырма:
Төө ашуу менен Ала-Бел,
Жолдору татаал аман кел.
Сагындым айыл мөмөсүн,
Алма-өрүк бышса ала кел.
Учамын сага, учамын,
Ак сүйүүң менен тушадың.
Чыга албай калдым, чырмалып,
Чыгарбай тарткан тузагың.
Кайырма:
Учамын сага, учамын,
Ох, жаным, жаман кусамын,
Сары оору кылган жүрөктүн,
Дарысы сенсиң кусанын.
Кайырма:
Сөзү : К.Урмамбетовдуку
Көз жетпейт көр дүйнөнүн тереңине,
Сөз жетпейт кайрымы жок кереңине,
Күмүштөй күндөрүмдү күүп алып,
Үлүштөй кайра мага берери не?
Октолот өргө кетип сайран өмүр,
Токтолот көргө жетип кайран өмүр.
Бир күндүк ырысыңа күлкү минип,
Миң жылдык жаш сүйүүнү байлана жүр.
Бал сындуу уу ичирген жашоо жалган,
Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган.
Биз кетсек, комуз калат ырлар менен,
Билгенге жалгыз чындык ошол арман.
Жолоочу жол таба албай бала күндө,
Чолоо таап, айтып койбой кабарын же.
Алтындай ай жылдарды артка таштап,
Алдыда андан кымбат табаарым не?
Жылт этип күмүш күндөр калат алыс,
Жыйналбай мезгилдериң алыс, алыс.
Эң кымбат жылдарды биз жолго чачып,
Эй досум кайда шашып баратабыз?
Датымды айткым келет Теңирге мен,
Асылды теңеп койгон темир менен.
Асылды табамын деп алтын издеп,
Асылды жоготобуз өмүр деген.
Жашайбыз бала күтүп,кайрым тилеп,
Жашайбыз жадагандан кайгы-муң жеп.
Жан барда арман жоктой күлдөй жүрчү,
Жашайбыз дагы канча ай ким билет.
Бейиттер карызыңды козгоп сурап,
Адамдык парызыңды боздоп турат.
Бедериң бир ууч гана боз топурак,
Аларың бир ууч гана боз топурак.
Бал сындуу уу ичирген жашоо жалган,
Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган.
Биз кетсек, комуз калат ырлар менен,
Билгенге жалгыз чындык ошол арман.
Сөзү : Ж.Турсунбаевдики
Обону : К.Сатаевдики
Армандар ичке толгонун,
Айтаарга адам болбоду.
Сыйлашып жүргөн достор көп,
Сырдаштан бирөө болгону.
Достуктун шертин танбаган,
Дайыма колдоп, жандаган.
Түйшүктүү ушул жалганда,
Күйүттө бел болгон,
Күлкүгө дем болгон,
Досу жок деги барбы адам?
Айтчы, барбы адам?
Бак-дөөлөт консо башыңа,
Ким келбейт дос деп жаныңа.
Кыйналсаң анын бири жок,
Кан досуң чыдайт баарына.
Жан досум мага көп айтты,
Кайратың болсун деп айтты.
Түйшүктүү ушул жалганда,
Сүйөөрүң көп болсун,
Санааң жок болсун,
Сабырың болсун деп айтты.
Досум көп айтты.
Кызмат дос, аш дос, акча дос,
Курчабайт сени канча дос.
Тар жолдо тизгин талашпас,
Табыла бербейт накта дос.
Достуктун шертин танбаган,
Дайыма колдоп, жандаган.
Түйшүктүү ушул жалганда,
Күйүттө бел болгон,
Күлкүгө дем болгон,
Досу жок деги барбы адам?
Айтчы, барбы адам?
Ак мөңгү тоолордон кемер курчанган,
Акак таштай шаарым, сенсиң суйкайган.
Көк тиреп үйлөрүң көкөлөп, ай,
Көчөлөр көркөм көгүш нур чалган.
Кызгалдак гүлдөрүң жылдыз тагынган,
Кымбатсың сен көргөн адам сагынган.
Биздин куттуу элдин ордосу, ай,
Кылымдап тур деп бизге салынган.
Кайырма:
Бишкек, мекен кылып, аталар жүргөн жер,
Жигит-кызы кайтарып, бекем сүйгөн жер.
Өмүр берилет баладан балага,
Өс дагы да улам жайнап, гүлдөй бер.
Делами славен будь, мой дивный город,
Сердцам простых людей, ты мил и дорог.
Напрасным будет пусть извечный спор,
Ты самый лучший город среди гор!
Кайырма:
Сөзү : Г.Сатибековдуку
Обону : Г.Сатибековдуку
Баратабыз, багытыбыз Ош тарап,
Жаным секет, күттүң бекен жол карап.
Сапарымда неге сага шашылдым,
Куса болуп, жолугууну мен самап.
Кайырма:
Күтчү жаным, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына баратамын Сузакта.
Сагынычтар көкүрөккө толдубу,
Жаным секет, тосуп алчы Фуркатта.
Узун жолдо зымыраса мерседес,
Кыялымда тилеп келем жетсе тез.
Телефондун шыңгыр үнүн тындырбай,
Улам-улам жөнөтөсүң СМС.
Кайырма:
Күтчү жаным, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына келип калдым Куршабка.
Сагынычтар көкүрөккө толдубу,
Жаным секет, тосуп алчы Фуркатта.
Сапарыбыз эч бир койду арбыбай,
Айдоочу да өчөштүбү шашылбай.
Келатабыз Отуз-Адыр аралап,
Артта калып Жны-Аргы, Садырбай.
Кайырма:
Кантем анан, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына келип калдым Фуркатка.
Кусалыктар көкүрөккө толдубу,
Сүйүү кушу сени издей учат да.
Сени дегдеп, самап келдим узактан,
Мына-мына жолугуштук Фуркаттан.
Тараганча бизде болгон кусалык,
Жаным, эми чыгарбаймын кучактан.
Сөзү : Анатай Өмүркановдуку
Обону : Чубак Сатаевдики
Жаңы эле даамын татаарда,
Бир келген сүйүү бактысын.
Кабарың, дайның билинбей,
Кай жакка (ай) кеттиң, ак кушум.
Кайырма:
Ак кушум ай, ак кызым,
Бирге жүрчү гүлүңдөй.
Кайда жүрөсүңбелгисиз?
Кабар, дайыныңбилинбей?
Билинбей, билинбей,
Бирге жүрчү гүлүңдөй.
Кайда жүрөсүңак кушум,
Күтөм дале түңүлбөй.
А балким менден жакшыраак,
Бактыңа бирөө туш болуп.
Кондуңбу анын шагына,
Койкойгон аппак куш болуп.
Кайырма.
Ар түркүн ойлор жаралып,
Чыга албай койдум соңуна.
Белгисиз учуп кеттиңсен,
Бактыңа, же бир шоруңа.
Кайырма.
Арабыздан жакшы-жаман сөз өттү,
Ич жылытып, сыздатып да өзөктү.
Эми качан бий бийлейбиз чогулуп?
Убакытты таппай жүрүп жаз өттү.
Адам болдук, бой көтөрдүк, кыйналдык,
Жамандыкка бирибизди кыйбадык.
Өмүр кыска, алтындарым, кайдасың?
Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.
Турмуштун чоң агымында агылдык,
Өжөр болдук, өрттү кечтик, жаңылдык.
Кайда калды бала кыял мүнөздөр?
Түшкө кирет жылажындай жаңырып.
Өмүр кыска, алтындарым, кайдасың?
Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.
Сөзү : Л.Дербенев
Обону : М.Минков
Ты, теперь я знаю, ты на свете есть,
И каждую минуту.
Я тобой дышу, тобой живу,
И во сне и наяву...
Нет, мне ничего не надо от тебя.
И всё, чего хочу я, –
Тенью на твоём мелькнув пути,
Несколько шагов пройти.
Кайырма:
Пройти, не поднимая глаз.
Пройти, оставив лёгкие следы.
Пройти хотя бы раз,
По краешку твоей судьбы.
Пусть, любовь совсем короткой будет, пусть.
И горькою разлукой.
Близко от тебя пройти позволь,
И запомнить голос твой.
Кайырма:
Ты, теперь я знаю, ты на свете есть.
И все, о чём прошу я -
Солнечным лучом мелькни в окне,
Вот и все, что нужно мне.
Кайырма:
|