|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Жыл тосуп, жыл узатып,
Чыккан күн кайра батып,
Убакыт - зымырык куш,
Негедир барат шашып.
Мынакей Жаңы жыл да,
Мээримин төгүп келди.
Тазартып көңүлдөрдү,
Агартып тоону жетти.
Кайырма:
Сезимдин жарык таңы,
Жыл жаңы, көңүл жаңы.
Жүрөктү толкундаткан,
Жаңы жыл келди дагы.
Бакыттын жылы болуп,
Ачылсын элдин багы.
Апабыз сүйүү берсин,
Сага да, мага дагы.
Белекте бейпилчилик,
Кубаныч, күлкү менен.
Элиме ырыскы бер,
Койнуңду ачып кенен.
Жарык чачкан Жаңы жыл,
Сага арнап ырдайбыз ыр.
Жакшы тилек, жакшы үмүт
Ала келгин Жаңы жыл.
Кайырма:
Сөзү : К. Тайчабаровдуку
Обону : Р.Бейшеналиеваныкы
Күндө күтүп бакыт берген сезимди,
Күтүү мага үмүт болуп сезилди.
Кыялымда барсың, бирок, өзүң жок,
Кусалыктар каптап турат кечимди.
Жашоо бизге сынак тура бир келген,
Жакшылыгы аз сыяктуу иргелген.
Сынай карап, сен дилиңди ачкыча,
Өмүр өтөт бир көз караш ирмемден.
Кайырма:
Бакыт күнүн күтүү менен жылдырба,
Биздин сүйүү калат балким миң жылга.
Бир болбосок, өмүр жолун карытып,
Бир махабат кала берет бул ырда.
Махабатка суусагансыйт жүрөгүм,
Күн карытып мейли сени күтөйүн.
Ачуусу да, таттуусу бар өмүрдүн,
Сени менен бир өтөөрүн билемин.
Кайырма:
Сөзү : К.Урмамбетовдуку
Обону : М.Бегалиевдики
Ар үйдө өмүр, бак тилеп,
Ак кардай жаайт жакшы кеп.
Кадыр түн бүгүн тосолу,
Кабыл бол бардык ак тилек.
Акжолтой күндөр куш келсин,
Жаңы жыл бизге кут берсин.
Кайырма:
Жаңы, жаңы, жаңы жыл,
Кубаныч жалпыга.
Жаш үмүт шамы бул,
Куш көңүл талпына.
Жаңы, жаңы, жаңы жыл,
Кундуздай кулпуна.
Майрамдын шаңы бул,
Кут болсун журтума.
Жүрөккө сүйүү, ыр толсун,
Жүзүңө күлкү, нур консун.
Бешигин термеп дүйнөнүн,
Береке толгон жыл болсун.
Мезгил агып мейкиндикте,
Эл жашасын бейпилдикте.
Кайырма:
Келечек деңиз кең болуп,
Телегей тегиз эл болуп.
Жылыга кыргыз көбөйсүн,
Жылдызга саны тең болуп.
Күндөр келип дагы жаркын,
Дүйнө бүтүн жаңылансын.
Кайырма:
Өзүмө-өзүм бөтөнмүн, эркем,
Өкүнүч жүгүн көтөрдүм, эркем.
Өзүңдү таппай, өзгөлөр жакпай,
Өрт жутуп жүрүп өтөрмүн, эркем.
Сабырсыз өтүп ай-жылы, эркем,
Санаага батам, кайгырып, эркем.
Каркыра менмин – түгөйүн таппай,
Канаты калган кайрылып, эркем.
Кеткен куш кайтып конбостур, агай,
Кемтигим кайра толбостур, агай.
Өзөгүн өрттөп жалынга, агай,
Өксүгөн менче болбостур, агай.
Жөлөгүм болуп таянган, агай,
Керегем болуп карманган, агай.
Кемтигим толот деп жүрсөм минтип,
Кейишке салдың, кейишке салдың,
Кеийшке салдың арман ай, агай.
Жалгыз тал турса белесте, эркем,
Жабыккан жанга керектей, эркем.
Күкүктүн үнүн эшитип калсаң,
Күйүтүң тарткан мени эсте, эркем.
Эки тал турса белесте, эркем,
Эриккен жанга керектей, эркем.
Жалгыздап учкан куш көрүп калсаң,
Жабыгып жүргөн мени эсте, эркем.
Ак кайың турса белесте, агай,
Арзыган жанга керектей, агай.
Адашып жүргөн түгөйдү көрсөң,
Азабың тарткан мени эсте, агай.
Кызгалдак турса белесте, агай,
Кызыккан жанга керектей, агай.
Кыялдар соолуп баратса, агай
Кыйнооңду тарткан, кыйнооңду тарткан,
Кыйнооңду тарткан мени эсте, агай.
Ачылган гүлдөй периштем, эркем,
Ажарың жүрөк ээриткен, эркем.
Тагдырлар бирге деп жүрүп анан,
Табышпай калдык неликтен, эркем?
Жаздагы гүлдөй периштем, эркем,
Жамалың жанды ээриткен, эркем.
Кол жетпей ошо ой жеткен ишке,
Кошулбай калдык неликтен, эркем?
Жашчылык жанган от беле, агай?
Жалыны күчтүү чок беле, агай?
Жанаша жүрүп кошулбай калдык,
Жазмышка арга жок беле, агай?
Арманым арбын айла жок, агай,
Адашкан жандар кайда жок, агай?
Качырдык колдон бактыны, агай,
Кайрууга эми, кайрууга эми,
Кайрууга эми айла жок, агай.
Жалгашпай калды жолубуз арман,
Кармашпай калды колубуз арман.
Ишке ашпай калды оюбуз арман,
Кайыр кош, аман болуңуз арман.
Сөзү : А.Кайназаровдуку
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Аял дебе, аялдын бил түйшүгүн,
Балдарым деп тынбай чапкан күн-түнүн.
Түндүк болсо биздин жашоо илинген,
Аял анын тиреп турган түркүгү.
Кайырма:
Аял – жазсың, аял – күзсүң,
Аял – жайсың, аял – гүлсүң.
Аял дебе, аял – эне,
Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың.
Аял дебе, аялдын бил кадырын,
Аял тартат азабыңдын жарымын.
Ырыскысын балдарына таратып,
Ызатына жеткилечи аялдын.
Кайырма:
Аял дебе, кылба аялга кыянат,
Акыл калчап чыгаралык тыянак.
Арабызда аялзаты түгөнсө,
Ошол күнү башталат го кыямат.
Кайырма:
Көзүмдү албай коломтонун отунан,
Көөдөнүм өрт, шуу үшкүрүп олтурам.
Тагдыр турат коломтого байлануу
Таштап кетсем не болот деп чочуган.
Арзуу бизге азап болду кайдагы?
Асылкечим, бир сөз айтчы жайдары.
Агай, мени өзүң элең азгырган,
Астыртадан көздү кысып, жазгырган.
Калбай ээрчип, күндө белек калтырып,
Карындаш деп эркелетип, наз кылган.
Ал ансайын жүргөн элем тартынып,
Моюнума колуң турса артылып.
Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз,
Биздин дайым бирге дүйнө санаабыз.
Арзуу деген азап экен туйланган,
Жакын туруп алыс минтип арабыз.
Көңүлүбүз,
Көңүлүбүз толгон кезде муң-зарга,
Бей убакта,
Бей убакта биз келебиз гүлзарга.
Жалын сүйүү болсо дагы ортобуз,
Жаным, неге биз сүйүүдөн коркобуз?
Эч жөнү жок, өзүбүздө күнөөлөр,
Эки жүрөк экөөбүздүн эркебиз.
Булганычтуу ушак кылаар бирөөлөр,
Бул сүйүүнү аздек сактап жүрө көр.
Жашырынган сүйүү - ушул сүйүүбү?
Жанды кыйнап бүттү сырдын түйүнү.
Алысташып жашайлычы, агайым,
Азап толду сени кыя албай, үйүңдү.
Мен тагдырдан өз теңимди табайын,
Сизди болсо, жан туйгум деп санайын.
Сөзү : А.Кариповдуку
Обону : Ы.Осмоналиевдики
Түбүндө турам дарактын,
Түйшүгүн тартам азаптын,
Карааның издейм алыстан, жаным.
Шурусуң, берметсиң,
Ак куудай келбетиң,
Жамалың жанды азгырат, жаным.
Кайырма:
Сени сүйөм, сени күтөм,
Сенден гана үмүт үзбөйм.
Сени сүйөм, сени күтөм,
Сен деп гана жашап жүрөм.
Ашыктык оту кыйнады,
Жүрөгүм сени кыйбады.
Жан дүйнөм тартат өзүңө, жаным.
Сен айткан жерге барайын,
Сени издеп өзүм табайын.
Ошондо жарпым жазылат, жаным.
Кайырма:
Асылым, ардагым,
Жалгыз сени тандадым.
Жанашып экөөбүз,
Тозсок сүйүү таңдарын.
Кымбатым, берметим,
Ай чырайлуу келбетиң.
Таба албайм сендейди,
Айлансам да жер бетин.
Арзуум, айткан таңсыңбы,
Толуп турган айсыңбы?
Айланып басалы,
Гүл жайнаган багыңды.
Көктө күйгөн күнсүңбү,
Көркөмү кооз гүлсүңбү?
Жүрөгүмдү эргитет,
Уксам шыңгыр күлкүңдү.
Кайырма:
Асылым, ардагым,
Жалгыз сени тандадым.
Жанашып экөөбүз,
Тозсок сүйүү таңдарын.
Кымбатым, берметим,
Ай чырайлуу келбетиң.
Таба албайм сендейди,
Айлансам да жер бетин.
Жүрөк дегдеп, эңсеген.
Жүзү сүйкүм сен белең?
Перизат, аруусуң,
Айта албаймын сөз менен.
Чертип жүрөк кылдарын,
Жаным, сен деп ырдадым.
Чеги жок арзуунун,
Чечеличи сырларын.
Кайырма:
Билинбестен мезгилдердин сынагы,
Билбейм качан, кайсы жолдон сурады.
Жетип келип, колдон алды байкатпай,
Алыкулдун ак боз атчан курагы.
Ай-жылдарды аралатып кошуп жаш,
Кечээ гана турдум эле тосуп жаз.
Күлгүн чакты чакыргансыйт күз жакка,
Алыкулдун ак боз минген отуз жаш.
Өмүр, чиркин, суудай экен агылган,
Бүгүнкүдөн эртеңи көп жаңырган.
Алды кызык, арты өкүнүч сезилип,
Жаштык күндөр жазда калып сагынган.
Көлөкөсүн көргүм келбей жайдын да,
Көңүл кушум көктөм жыттуу айдыңда.
Канча жашоо буюрганын ким билет,
Калгым келет жашыл жаздын айлында.
Жаштыгымды омуроолоп качырып,
Туягынан даңкандары чачылып.
Алыстарга ала качат ак боз ат,
Отуз жаштын тоолорунан ашырып.
Кечээ эле тиги кырда жок элең,
Кайдан келдиң, боз ат минген отуз жаш?
Сүйүүнүн мүнөттөрү шарпылдаган,
Жүрөктүн тынчын алып, жүрөк сызган.
Жаш туруп махабаттан жабыркагам,
Жазыксыз көздөрүмдөн жашым кулай.
Кайырма:
Бирок сен ойлобойсуң,
Бирок сен эстебейсиң.
Таптакыр көргүң келбейт,
Көңүлгө эч илбейсиң.
Балким сен ойлонорсуң,
Ардагым мени эстеп,
А балким көргүң келер,
Ардагым эрте-кеч деп.
Жолугуп биз экөөбүз айлуу түндө,
Сүйүүнүн балын татып түбөлүккө.
Кыналып султан бойлор сууну бойлоп,
Суйкайып кол кармашып жүрсөкчү, ий.
Балким сен ойлонорсуң,
Ардагым мени эстеп,
А балким көргүң келер,
Ардагым эрте-кеч деп.
Бирок сен ойлобойсуң,
Бирок сен эстебейсиң.
Таптакыр көргүң келбейт,
Көңүлгө эч илбейсиң.
Мен сени ойлой берем, кышта, жазда,
Майрамда, ысык-суукта, сезим азда.
Өмүрдүн өр тарттырып дөңгөлөгүн,
Жыл улап чыккан сайын ар бир жашка.
Кайырма:
Жашым жаш, чачым кара болгон менен,
Эң алыс өмүр деген жолдон келем.
Ошол жол такыр бүтүп калмайынча,
Мен сени миң жаңыртып ойлой берем.
Мен сени ойлой берем таңда, кечте,
Жарым түн жакын калып, жарык өчсө.
Алыстан из калтырып учкан жылдыз,
Арылап жер чегине сүңгүп кетсем.
Кайырма:
Өзүңдү өмүр бою ойлой берем,
Турмуштун кең дайрасын бойлой келем.
Экөөбүз түбөлүккө бир болсок деп,
Түшүмдө да, өңүмдө ойлоор элем.
Кайырма:
Айылга барганымда туулуп-өскөн,
Көрдүм мен балалыкты шибер кечкен.
Көз нуру сүртүп өтүп көңүлүмдү,
Ыр келди куса менен жүрөк эзген.
Бала чак, бала чак,
Кандай сүйкүм карасак!
Айтса жакын жүрөккө,
Аты өзүнө жарашат.
Балалык, балалык,
Бакыт үчүн жаралып.
Эл тилеги өссүн деп,
Эртеңдерге баралык.
Көргөндө көздөрүмдөн жанып учкун,
Бактылуу балалыктын үнүн уктум.
Өңүндө менин өңүм турган сымал,
Өз эмес, ырын дагы сагыныпмын.
Ак терек, көк терек,
Сизден бизге ким керек?
Гүлдөй сүйкүм гүлүм кыз.
Келсин бизге тезирээк.
Ак терек, көк терек,
Сизден бизге ким керек?
Айдай сүйкүм айым кыз,
Келсин бизге тезирээк.
Кайрылбай сагынсак да, самасак да,
Канча ирет кыйбай кылчак карасак да.
Эркиме койбой өткөн мезгил учуп,
Эсиме түшөт күндөр бала чакта.
Бала чак, бала чак,
Кандай сүйкүм карасак!
Айтса жакын жүрөккө,
Аты өзүнө жарашат.
Ак терек, көк терек,
Сизден бизге ким керек?
Күндөй сүйкүм Гүлүм кыз,
Келсин бизге тезирээк.
Адамзат жолун улап жаралыпмын,
Ааламга күлкүлөрү таралышсын.
Агарып аталардын батасынан,
Асманы бүркөлбөсүн балалыктын.
Бала чак, бала чак,
Кандай сүйкүм карасак!
Айтса жакын жүрөккө,
Аты өзүнө жарашат.
Ак терек, көк терек,
Сизден бизге ким керек?
Күндөй сүйкүм Гүлүм кыз,
Келсин бизге тезирээк.
Төрөлгөндө үйүбүзду шаң кылган,
Мээрим отун жандырган.
Бажырайган жүзүңө, бал татыган тилиңе,
Болупкетем жан курман,
Болом дайым жан курман.
Кайырма:
Тай, тай, тай, тай, тай бөбөк,
Таң чолпондой жан бөбөк.
Эртең эле чоңоюп,
Эр жигит бол торолуп,
Эл батасын ал бөбөк,
Иий... Тай, тай, тай бөбөк.
Эрмегимсиң эркетайым, кичинем,
Эзилемин ичимен.
Көздөрүңдү көрсөм деп,
Белек алып берсем деп,
Шашып барам ишимден.
Шашып барам ишимден.
Кайырма:
Жарымысың күйүп турган жанымдын,
Жалынысың канымдын.
Тулпары бол жердеги,
Шумкары бол көктөгү.
Эркин Кыргызстаныңдын,
Эркин Кыргызстаныңдын.
Кайырма:
Сагынамын, мен сени сагынамын,
Сагынганда жаңгактай чагыламын.
Ойлойсуңбу, сен мени ойлойсуңбу,
Ойлогондо кусадар болбойсуңбу?
Кызганамын, мен сени кызганамын,
Кызгангандан айылыңа жүз барамын.
Мени менен жүрөсүң, ал менен да,
Кыянаттык кылдың го махабатка.
Бара албаймын, жаныңа бара албаймын,
Барган менен мен сендик боло албаймын.
Каалоо айтып, ызадан ыйлабаймын,
Тилек айтып, өзүмдү кыйнабаймын.
Сөзү : С.Жумалиевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Ичирдим, кийинттим кастарлап,
Үйрөттүм, чоңойттум кас-кастап.
Үйлөдүм, үй бөлдүм, эми уулум,
Бизди кой, өзүңдү өзүң бак.
Жашыңдан сүйүүгө берилбе,
Көйрөңдөй, көңдөйдөй сезилбе.
Дүнүйөң жок болсо, жок болсун,
Уятың бар болсун бетиңде.
Басарсың тоолордо, түздөрдө,
Бактылуу боло көр чоң жолдо.
Атанын, эненин кадырын,
Билерсиң балалуу болгондо.
Көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү,
Көрүнбөгөн жазуулар сезимдеги.
Жалжылдаган каректин сырын билбей,
Жаман экен жүрөктүн эзилгени.
Катасыңбы сырыңды, катасыңбы?
Карегиңде айталбай жатасыңбы?
Айтпасаң да жактырып калдым окшойт,
Адеби бар адамдык сапатыңды.
Ичиңдеби илебиң, ичиңдеби?
Илебиңдин кызылы жүзүңдөбү?
Көңүлүңдү сыйлап калдым мен окшойт,
Көп кыйнабай адамды түшүнгөндү.
Күлгөнүңдү жактырдым, күлгөнүңдү,
Күнөөкөрдөй айталбай билгенимди.
Билсең болду эми мындан сен ары,
Үмүт үзбөй өзүңдөн жүргөнүмдү.
Көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү,
Көрүнбөгөн жазуулар сезимдеги.
Жалжылдаган каректин сырын билбей,
Жаман экен жүрөктүн эзилгени.
|