|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сөзү : Эрмек Мамытовдуку
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Үйү болгон эзелтеден көктө жылдыздын,
Көркү ажайып, көз тандырган ээси чындыктын.
Ала-Тоодо ат салышып, бүркүт таптаган,
Мен уулумун шамал жиреп, өскөн кыргыздын.
Сыймыктанам, мактанам, жер жүзүнө жар салам,
Мен кыргыздын, мен кыргыздын, мен кыргыздын, уулумун.
Уламалуу уясындай ыйык нур куттун,
Уюткулуу улут болуп устун тургуздуң.
Кыйындыкта оттой жанып, белин чечпеген,
Мен уулумун көз ирмебес, баатыр кыргыздын.
Сыймыктанам, мактанам, жер жүзүнө жар салам,
Мен кыргыздын, мен кыргыздын, мен кыргыздын, уулумун.
Түпкүлүгүн түптөп бекем, жашоо-турмуштун,
Түк буздурбай сактап боосун таза чындыктын,
Бүт чегелеп түндүгүнө жылдыз кадаган,
Мен уулумун кут ширеткен чебер кыргыздын.
Сыймыктанам, мактанам, жер жүзүнө жар салам,
Мен кыргыздын, мен кыргыздын, мен кыргыздын, уулумун.
Батыш жактан сыдырым жел, шамал согуп,
Көк талаада мен отурдум көп ойлонуп.
Жибек сымал саамайыңды эске салам,
Шамал желпкен жоогазынды карап туруп.
Кайырма:
Кат жазам сага мен алыстан,
Зар болуп сенин элесиңе.
Бир өзүңдү теңеп жылдыздарга,
Алмаштырбаймын сени эч кимге.
Теңейм сени жоогазынга гүлүн ачкан,
Жаш бутакка эрте жазда бүрүн чачкан.
Теңейм сени жылдыздарга бүлбүлдөгөн,
Теңейм күнгө көк мейкинден нурун чачкан.
Кайырма:
Сөзү : Кожокелди Култегин
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Жеңиш күнү алыстагы от болуп,
Көрүнчү эле араң жанган чок болуп.
Өрттү, чаңды кечип чабуул салганбыз,
Жеңиш күнүн жакындатып алганбыз.
Кайырма:
Бул жеңиш күн майрам, даары жыттанган
Адамдардын саамайларын ак чалган
Көздөрүнөн жаш кылгырып шаттанган
Жеңиш күнү, жеңиш күнү, жеңиш күнү
Күндүр-түндүр мекенибиз эч тынбай,
Мартен мешин тектеп турган көз жумбай.
Күндүр-түндүр иште күйүп-жанганбыз,
Жеңиш күнүн жакындатып алганбыз.
Кайырма:
Апакебай, биз бүт кайра келбедик,
Шибер кечип, чуркаганды дегдедик
Европанын жарымына жөө барганбыз,
Жеңиш күнүн жакындатып алганбыз.
Кайырма:
|