|
Сөзү : Д.Маметөмүровдуку
Обону : М.Осмоновдуку
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : А.Бөдөшовдуку
Сөзү : М.Тураеваныкы
Обону : А.Жайнаковдуку
Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.
Мөл булакка барабыз ай тоскону
Ат жалында шамалга ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.
Айлуу түндө никелеп сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздардын терели чачыласын,
Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.
Сөзү : Улукбек Омокеевдики
Обону : Т.Колдошовдуку
Тойбогон ышкыга мас, сүйүүгө мас,
Тойдо жаш, көчөдө жаш, жыйында жаш.
Турмуштун ачуу-таттуу жагдайларын,
Түшүнө баштаган кез жыйырма жаш.
Кайырма:
Тойбогон ышкыга мас, сүйүүгө мас,
Толукшуп толуп турган жыйырма жаш.
Уктабас узун түндө тыным албас,
Уурдаба ууз сүйүүмдү жыйырма жаш.
Арзууга бул куракты эрте дебес,
Апакем эми мени эрке дебес.
Оргуштап күчкө толуп турган менен,
Ой баскан оолуттуумун, тентек эмес.
Кайырма:
Өмүрдүн калып майда белестери,
Өткөн күн көз алдыма элестеди.
Балдарын койнуна алып ойнотууда,
Баягы мен чоңойгон элет жери.
Кайырма:
Суктанып сулуу кыздын жамалына,
Сүйүүдөн сыя топтоп каламыма.
Белесин ашып өтүп жыйырманын,
Баратам отуз жаштын дабанына.
Кайырма:
Сөзү : З.Иманалиевдики
Обону : З.Иманалиевдики
Сөзү : Жазгүл Жамангулованыкы
Обону : Т.Колдошовдуку
Узун жолдор, тоолордун бетиндеги,
Уңгу кептин эртеңи сезилбеди.
Уйпаланган уйкусуз түндө калган,
Убадасыз бир маек эсиңдеби?
Менде жашайт маектин кесим деми,
Мемиреген тынчтык ай кечиндеги.
Мелмил кылган мезгилдин кадыр түнүн,
Мейиз даамдуу эриндер эсиңдеби?
Сапарлаштар санынан өзгөрүлө,
Санаа тартып, сааттардын өткөнүнө.
Сен өзүңдү бактылуу сезген күндөн,
Сүрөт тартып алыпмын көздөрүмө.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Жаркырайсың жазда ачкан кыпкызыл гүлүм,
Жактырып мен жалындап күйдүм.
Бал тилиңе байландым, байландым өзүм,
Бакыраң көз ашык болуп, албырып сүйдүм.
Кайырма:
Ашыкмын, ашык болдум каралдым,
Ашыкмын, айдай сулуу кабагың.
Сагындым, сарсанаага кабылдым,
Сагындым, сан ойлорго багындым.
Жалындайсың жан дүйнөмдү азапка салып,
Акылымды башкарып алып.
Капилеттен айландым го аргасыз болуп,
Карааныңа көпөлөктөй канатым кагып.
Кайырма:
Топ кыздардын арасынан,
Көзүмө эле көрүнөсүң.
Байкап мен башта сени жүргөм,
Ай болуп төгүлөсүң.
Күлгөнүң мөлтүр тунук булак,
Кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң.
Кайырма:
Жаным, жаныңа эле барсамбы,
Сүйөм деп айтсамбы.
А бирок айтуу кыйын,
Муңайып кайтамбы.
Эх, сулуу сырларыңды ачсаңчы,
Ай, жылдыздай жансаңчы.
Жомоктогу чүрөк сымал,
Периштеге айланчы.
Мажбурлап туңгуюкка түртүп
Азапка салдың мени кыйнап
Махабат дастанындай болуп
Калбасын ак сүйүүбүз сыздап
Басалы кол кармашып бирге
Өмүрдүн өрүн көздөй улап
Кайырма:
Топ кыздардын арасынан
Көзүмө эле көрүнөсүң
Байкап мен башта сени жүргөм
Ай болуп төгүлөсүң
Күлгөнүң мөлтүр тунук булак
Кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң
Сөзү : Фатима Абдалованыкы
Обону : Т.Колдошовдуку
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле, магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды менен күлкүсүнөн тааныгам.
Мен сени ушунчалык сүйүп жүрдүм,
Назданып сүйүү ырын ырдап жүрдүм.
Кечигип көп көрүнбөй калганыңда,
Кусама чыдай албай ыйлап жүрдүм.
Сен болсо сезимимди кордогонсуң,
Жаралуу жүрөгүмдү кыйнап жүрдүң.
Адамдар бирөөгө кор, бирөөгө зар,
Деген сөз анык экен акылмандын.
Жолугуп мени сүйгөн бир адамга,
Сен деген жүрөк дартын алып салдым.
Сен эми мен жөнүндө ойлобогун,
Мен сенден ушунчалык алыстадым.
Мен дагы сен жөнүндө ойлобоймун,
Сен менден ушунчалык алыс калдың.
|