|
Сөзү : Азада Бегимкулованыкы
Обону : Т.Колдошовдуку
Мен үчүн акча деле кымбат эмес,
Отун ал, күкүрт жаксаң жанып кетет.
Мен үчүн мал, гилемдер дүйнө эмес,
Каптаса сел баарысын алып кетет.
Заңгырап турган үй да кымбат эмес,
Катуурак жер тербесе түшүп калат.
Мен үчүн эң кымбаты адам дили,
Айтылган суук сөздөн үшүп калат.
Мен үчүн ден соолук да кымбат эмес,
Соо туруп кокустуктан ажал жетет.
Бир кылым жашасам да өмүр эмес,
А өмүр көз ирмемде жанып өтөт.
Мен үчүн бийлик дагы кымбат эмес,
Жаш жетсе, жашыраагы алып кетет.
Мен үчүн эң кымбаты адам дили,
Айтылган ачуу сөздөн зилдеп кетет.
Мен үчүн уйку деле ширин эмес,
Түбөлүк уктап жатчу күн да келет.
Элимде эгер калса менден элес,
Жашоого миң жаралып келем демек.
Мен үчүн эң кымбаты адам дили,
Айтылган суук сөздөн,
Айтылган ушак сөздөн үшүп калат.
Сөзү : Муса Баетовдуку
Обону : Муса Баетовдуку
Сагынам сени ойлонуп,
Самадым эстеп кадырың.
Кайсы эле күнү өчүрөм,
Жүрөктүн күйгөн жалынын?
Аттандым алыс эртеси,
Алтыным мында келсечи.
Айлыңда аман бар бекен,
Акындын сүйгөн эркеси.
Айтайын тилим сайратып,
Ашкере ичти кайнатып.
Кай жерде жүрөт болду экен,
Аркардай көзүн жайнатып.
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : К.Рыскуловдуку
Сөзү : Б.Сейитбекованыкы
Обону : А.Карымовдуку
Мээримдүү сөздөр менен жылыткансыз,
Жолдорду жолуктурчу унутканбыз.
Жээктерде дайра турса бириктирбей,
Баары бир сизди сүйөм унутпаңыз.
Мен сизди сүйөрдү унутпаңыз.
Шамалга баш ийген бир булуттарбыз,
Шар жүрчү жолдор кайда унутканбыз.
Бирикпес күндөр барын билсем дагы,
Бир сизди сүйөрүмдү унутпаңыз.
Мен сизди сүйөрүмдү унутпаңыз.
Кейитип сезимдерди курутпаңыз,
Кең жүрчү жолдор кайда унутканбыз.
Айрылуу арман барын билсем дагы,
Асылым сүйөрүмдү унутпаңыз.
Мен сизди сүйөрүмдү унутпаңыз.
Сөзү : Ибрайим Айип уулунуку
Обону : Т.Колдошовдуку
Ар дайым көздөрүбүз чагылганда
Күнөөсүз сүйүүбүзгө багынам да.
Сыртыман колум шилтеп жүргөн менен,
Мен сени сагынам да, сагынам да.
Мен сени кол тийгизбей аяп сүйгөм,
Жан бирге жолдошумдай санап жүргөм.
Мен сени күндө кыспай кучагыма,
Мен сени аяп жүргөм, аяп жүргөм.
Каш керип карегиме тартып элес,
Эркелеп сүйдүрбөчү, кагылайын.
Жалындап жамалыңа күйүп эмес,
Жөн гана агаң болуп сагынайын.
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Камыштын дилдирегиндей,
Какымдын үлбүрөгүндөй,
Көңүлдө турат бир сезим,
Төгүлүп келип, төгүлбөй.
Кайырма:
Арзуу бай, турбагыла,
Ак сүйүү арнабагыла.
Алсаңар мени, а бирок
Кол менен кармабагыла.
Булуттун бүркөгүндөй,
Булактын тунук үнүндөй,
Кыялда турат бир сүрөт,
Көрүнүп келип көрүнбөй.
Кайырма:
Чыгыштын буурул таңындай,
Чымчыктын балапанындай,
Чыйт-чыйттап келип бир обон,
Жаңырып турат жаңырбай.
Сөзү : Т.Нурматовдуку
Обону : Т.Нурматовдуку
Кубанычтар дайра болуп агылып,
Келин келет ак шөкүлө жамынып.
Куттукташып жубайлардын үлпөтүн,
Той башталды, той башталды,
Алакандар, алакандар чабылып.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Ак тилектер, ак ниеттер айтылып,
Апалардын чачыласы чачылып.
Кана эмесе, оо, туугандар ак жол тилеп,
Каалайлы, каалайлы,
Узун өмүр, узун өмүр, чексиз бакыт.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Жоодураган көздөр көзгө кыналып,
Жашагыла жазгы гүлдөй буралып.
Абийирдүү, ар намыстуу болсун деп,
Ата-энеңер, ата-энеңер, ата-энеңер бата берет кубанып.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Сөзү : Т.Кенжеевдики
Обону : Т.Колдошовдуку
Мен балалуу, сен бирөөгө бүлөсүң,
Дале таза сага мээрим, мүнөзүм.
Көрөмбү деп көп келемин шаарга,
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?
Оштон тапкам мага жагып мүнөзүң,
Эстен кетпейт мажүрүм тал, бир өзүң.
Тагдыр сени бир көргөзөр деп келем,
Дайының жок, сен сагынбай жүрөсүң.
Сезим жанып, бактылуу сен өзүң,
Сени издеген өзгөрүлбөйт мүнөзүм.
Бизге күбө Сулайман тоо, Ак-Буура...
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!
Жаштыктын жазы болуп, Гүлбаржаным,
Бир сенден күн нур болуп жалындадым,
Нөшөрлүү ыр кайрыгым өзүң болуп,
Махабат күүсүн термеп кумарландым, Гүлбаржаным.
Кайырма:
Гүлбаржаным, Гүлбаржаным,
Гүлбаржаным, Гүлбаржаным,
Гүлбаржаным, Гүлбаржаным,
Гүлбаржаным, Гүлбаржаным.
Көздөрүң балбыл жанып, чексиз сүйкүм,
Сөз козгоп, ойлор сызды нечен түркүн.
Ак пери калтар чачың улам тарап,
Сезимге күүлөр төктү сенин күлкүң, Гүлбаржаным.
Кайырма:
Жаш сулуу, жаркын жүздүү, Гүлбаржаным,
Эстесем, элес келет эмгек жалын,
Жайнатып жаз өмүрдү жаштык чакта
Жашоомдо өзүң болдуң өмүр таңым, Гүлбаржаным!
Кайырма:
Обону : Ж.Сыдыковдуку
Алтын казык жылдызым,
Жанып турчу мага дайыма.
Өмүр бою бир гана
Келдим эле сенин жаныңа.
Мөлтүр булак күлкүнү
Сенден гана назик угамын.
Ууз сүйүүм арнаган
Өзүң болбо жалгыз тумарым.
Бирге согуп кош жүрөк,
Дайым турсун катар үндөшүп.
Жоодураган көздөр
Маңдай-тескей үнсүз сүйлөшүп,
Жаркын максат ак сүйүү
Сенден гана келди агылып.
Чиркин, жаштык эркиңе,
Билбей калдым, турам багынып.
Алтын казык жылдызым,
Жанып турчу мага дайыма.
Өмүр бою бир гана
Келдим эле сенин жаныңа.
Мөлтүр булак күлкүнү
Сенден гана назик угамын.
Ууз сүйүүм арнаган
Өзүң болбо жалгыз тумарым.
Ай, бийкем,
Ах, бийкем,
Ууз сүйүүм арнаган
Өзүң болбо жалгыз тумарым.
Сөзү : О.Шакирдики
Обону : Т.Колдошовдуку
Мейли, Теңир Жерди Көктөн айрысын,
Мени сенден неге бөлдү? Кайгы ушул.
Атай болуп кетпесем да боздогон,
Көөдөнүмдө «Күйдүм чоктун» кайруусу.
Тагдыр жандан ажыратып таштаган,
Болсоң дагы Мөлмөлүмдөн башка жан.
Барпы акындай сен жөнүндө мен дагы,
Арзуум айтып какшаганым, какшаган.
Тагдырыбыз тагдырындай нечендин,
Булбулуңдай безенгеним бекерби?
Үкөйүмдү боздогондой Боогачы,
Арзуу ырын ырдап өтүп кетемби?
Айланткандай дартызарга неченди,
Байлап бирге тагдырымды, көчөңдү.
Алмашым деп сыздагандай Ырысбай,
Аттиң мен да арман кылып өтөмбү?
Чолпонум деп боздогондой Жолболду,
Аттиң мен да арман кылып өтөмбү?
Бүтүмү жок чечимдерим чечилбей
Кыял күйүп, үмүткө күн үшүгөн
Жүрөк сыздап, жүлүндөрүм зыркырап,
Көзүм тоюп сүйүп калдым мен ичимден.
Балким алдоо көкүрөктүн багытын
Көзгө каткан каректеги сагынычым
Арзуу тилеп араң жүргөн жан элем
Уулуу дарттан келип жүрөт айыккым.
Соорото албай өбөт төбө буркурап,
Ысымы жок жаздым сенден ыр курап.
Ай-ааламдан кайып болуп келгендей,
Дайынын таппай турам неге тунжурап.
Бүтүмү жок чечимдерим чечилбей
Кыял күйүп, үмүткө күн үшүгөн
Жүрөк сыздап, жүлүндөрүм зыркырап,
Көзүм тоюп сүйүп калдым мен ичимден.
Көзүм тоюп сүйүп калдым мен ичимден.
Сүйүп калган кишим сен
Сөзү : Г.Шакированыкы
Обону : М.Осмоновдуку
Саматып издериң болгон жакшы,
Сагынган кучагың толгон жакшы.
Бактысыз турмушка басынганча,
Баалаган жанга жар болгон жакшы.
Кайырма:
Жакшылык бактыга жетелетет,
Жаштыкка өмүрдү тетелетет.
Жакшыдан жан дүйнөң азыктанып,
Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт,
Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт.
Сүйдүрүп издээриң болгон жакшы,
Сүйүүнүн суугуна тоңгон жакшы.
Сүйбөгөн бирөөгө кор болгончо,
Жакшыга жанашкан жолдор жакшы.
Кайырма:
Сырдашар курдашың болгон жакшы,
Сыйлашып кармашкан колдор жакшы.
Билбеске бирикпей кор болгончо,
Билгендин бийиги болгон жакшы.
Кайырма:
Мезгил тынбай жылган сайын күнүгө,
Мен суктанам ар бир өткөн күнүмө.
Анткендиги айланчыктайт жаштыгым,
Ал кездеги сунган кызыл гүлүңө.
Кайырма:
Кызыл гүлдү сенин көзүң тандаган,
Кызыл гүлдү сенин колуң кармаган.
Ага коштуң жаштык сүйүү жалынын,
Мен да сага жаштыгымды арнагам.
Гүл кучактап гүл балтырга чалынып,
Турар элек көзгө көздөр чагылып.
Күндөр келсе, жылдар келсе жаңырып,
Жүрөк эңсейт ошол күндү сагынып.
Кайырма:
Мезгил тынбай жылган сайын күнүгө,
Мен суктанам ар бир өткөн күнүмө.
Анткендиги айланчыктайт жаштыгым,
Ал кездеги сунган кызыл гүлүңө.
|