|
Обону : Т.Казаковдуку
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шаарын ызанын.
Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң, асылкечим?
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң, асылкечим?
Тереңдеген балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздеги жаштык өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылар.
Кайырма:
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шаарын ызанын.
Кайырма:
Сөзү : Жыпара Умарованыкы
Обону : Т.Колдошовдуку
Сагындыңбы?.. Мен да сагындым…
Кусалуу бир күнгө кабылдым.
Буйругу жок ушул тагдырга,
Таарындыңбы?.. Мен да таарындым…
Кайырма:
Жолугушуу болду арманым,
Жолукпайбыз эми ардагым.
Жолду карап эми издебе,
Жалгыз аяк жолдо калгамын.
Кыйналдыңбы?.. Мен да кыйналдым…
Мүдүрүлдүм бирок сынбадым.
Жүрөгүңдү эзип жалгыздык,
Унуттуңбу?.. Унуталбадым…
Кайырма:
Ыйладыңбы?.. Мен да ыйладым…
Өзүмдү-өзүм алдап кыйнадым.
Жанга баткан жалгыздык ырын,
Ырдадыңбы?.. Мен да ырдадым…
Кайырма:
Ардагым, сени дайым көңүлүмдө
Аяймын, кайда жүрсөм ала жүрөм.
Түн элем жарык чачтың өмүрүмө,
Эми мен ачык үндөй ачык күлөм.
Кайырма:
Бүркөлбө, эркетайым, мени аясаң,
Күн түшөт кайра менин кабагыма.
Башкага же кучагым жая албасам,
Бара албай турган куштай түнөгүнө.
Кайгы-муңу уча качкан канаттуудай,
Кетишкен сен жаныма келген кезде.
Сеземин мен өзүмдү агын суудай,
Сени эстеп элесиңди тартсам көзгө.
Кайырма:
Мен жолоочу турмуштан ыр караган
Мен сүйүүнү кубаттап ырдан алгам
А сен болсо кара көз бир сулуусуң
Иреңи серт мендейди эч ылгабаган
Ылгабаган, чанбаган, тандабаган
Мүнөзүң ай ушул сен кандай адам
Бул жашоодо бир гана мага арналган
Ак сүйүүңдү канткенде мен актай алам
Аңкып жытың алыстан гүл жыттанат
Алдап кара көздөрүң ала качат
Асмандагы ай менен сүйлөшкөнсүп
Махабаттын нурларын сага чачат
А сен болсо кара көз бир сулуусуң
Жоодураган көздөрүң, жоодураган
Сөзү : Мелис Маматжановдуку
Обону : Т.Колдошовдуку
Токто өмүр, токто, кайда шашасың,
Топук кылчы, бул жолду да басасың.
Жүгөнүңдү тартып турчу азыраак,
Жок дегенде апам узак жашасын.
Өмүр өзүң тосмосу жок кашаасың,
Өргө карай канча белди ашасың.
Жип-аркандап тушап турчу туягың,
Жок дегенде атам узак жашасын.
Ээктен ылдый кулап түшкөн жаш таза,
Эх, балалык, өттүң менден таптаза.
Мейман болуп өтөрүмө өкүнбөйм,
Менин ырым менден узак жашаса.
Жүрөккө сактап тумардай,
Жүрөмүн эстен чыгарбай.
Балалык таза сүйүүмдү,
Дагы эле турам кыя албай.
Сагынткан сезим санаамдай,
Саргайып келем таба албай
Коногу болуп өмүрдүн,
Колумдан учту кармалбай.
Кайырма:
Бир гана өзүң деген,
Билинбей дирилдеген,
Биринчи сүйүүмдү мен кыйбаймын,
Балалык сүйүүм анан,
Алыстап сенден барам
Кайрылбай кеткен сени кыйбаймын
Көзүмдөн учуп карааның,
Көңүлдүн отун жагамын.
Алгачкы сүйүүм сагынткан,
Айтчы эми кайдан табамын
Өмүрдө болот жаңылуу,
Өлчөөсү чексиз кайгыруу.
Жолуңдан канча күтсөм да,
Жолугуу арты айрылуу
Кайырма:
Сөзү : М.Алыбаевдики
Обону : М.Алыбаевдики
Алма сунсам колуӊа,
Колума, колума,
Албай аны койдуӊ да,
Койдум да, койдум да,
Жоолук салсам мойнуӊа,
Мойнума, мойнума.
Салбай аны койдуӊ да.
Койдум да, койдум да.
Кайырма:
Мунун баары тамаша,
Ия, яя, кандайча?
Бир басалы жанаша,
Жанаша, жанаша.
Алышып ойноп жүрөлү,
Жүрөлү, жүрөлү
Алты жашар балача,
Балача, балача.
Билемин сенин оюӊду,
Кармасам дейм колуӊду.
Колумду, колумду,
Күтөм, күтөм зарыгып,
Карай берем жолуӊду.
Кайырма:
Мунун баары тамаша,
Ия, яя, кандайча?
Бир басалы жанаша,
Жанаша, жанаша.
Алышып ойноп жүрөлү,
Жүрөлү, жүрөлү,
Алты жашар балача,
Балача, балача.
Көп жылдар акты, дайрадай түтөп,
Көрбөстөн сени, кусалык күчөп.
Тагдырым болбой, кай жакта калдыӊ?
Ууздай дүйнө эсиме түшөт.
Кайдасыӊ менин, көк толкун бактым?
Кулагыма үнүӊ угулат.
Жаштыгым алдыӊ, өзөккө баттым,
Азыр да менде арман тыйылбайт.
Өрүкзар болот, баспай көз кайра,
Өрүлбөйт сенин чачтарыӊ майда.
Жүрөктү бийлеп умсунтуп турган,
Жийде курак мезгилиӊ кайда?
Кай жакта калды жылдыздуу түндөр?
Жалынсам кайра, кайра келеби?
Жаз келди мына, жайнады гүлдөр,
Шыбырайт сүйүү, сүйүү илеби.
Азыр да менде арман тыйылбайт...
Кар кетип, байчачекей гүлүн ачкан,
Чөп чыгып, төбөдөн күн нурун чачкан.
Сагындым айылымдын көктөм жазын.
Ташкындап сай-сайлардан суулар аккан.
Айлым ай, айылым ай.
Жүрөгүм эңсеп сагындым, ай.
Сырдашып биз анда, бак ичин аралай,
Калыптыр сүйүүбүз багыңда, ай.
Бак-дарак жашылданып бүрүн ачкан,
Алма-өрүк аппак болуп гүлүн ачкан.
Сагындым жыпар жыттуу айыл кечин,
Кызарып тоо артына күндүн баткан
Түндөсү ай, жылдыз жанат,
Айлуу түндөгү ал махабат.
Ыр, күлкү , шаң менен кыдырып айылды,
Биз жүргөн көчөлөр, биз баскан көчөлөр эсте калат.
Чымчыктар чырылдашып терек бактан,
Агарып таң сөгүлүп чыгыш жактан
Сагындым айылымдын аппак таңын
Күн нурун жер бетине тегиз чачкан
Термеле бер теректерим,
Аймагы кооз белестерим.
Атыңдан айланам Терек-Суу айылым,
Өркүндөп, өсө кең мекеним.
Сөзү : Ж.Бузурманкуловдуку
Обону : Ж.Тагаевдики
Мен көлгө жалгыз келдим, байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Тагдырым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды мен кайрып алдым.
Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келээрмин аман болсом да бир көксөм.
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.
Мен эзем кусалыкка сезимимди,
Жаздагы салкын желден, кабар улап.
Мен жокто сылай жүр деп саамайыңдан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.
Сөзү : Эсенгул Ибраевдики
Обону : Жеңишбек Шамшиевдики
Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
Мен апамды кут төгүлгөн үй десем,
Атам анын кармап турган түркүгү.
Атам барда мен таптагы ылаачын,
Атам менин бөксөрбөгөн кубатым.
Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
Күрөштөрдө күнгө серпкен кулачын.
Шаштым кетип бошоңдосо сабырым,
Колдон алып оор жүктүн жарымын.
Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
Атам менин терең жайган тамырым.
Кубанчыма, кайгыма да тең шерик,
Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
Ак сарайым, алтын туткам кутманым,
Мен дүйнөдө сен тургузган эстелик.
Сөзү : Х.Азиреткуловдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Жамгыр төктү, эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароодон көз ачырбай,
Бет алдымдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбастан же кетеби?
Жамгыр төктү, эске түштү,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың, жүрөктү эзип,
Колдон учкан сен ак куудай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Алгач сүйүүм унутулбай.
Кайырма:
Мен сени кайдан издейм, кайдан табам,
Мен сага кандай жетип, кантип жагам?
Дайыныңды айт, адрессиз көгүчкөнүм,
Сен үчүн жер-асманга өткөөл салам,
Сен үчүн асман-жерге өткөөл салам.
Кайдасың өмүрдөгү жанган чырак,
Кайдасың көңүлдөгү алтын булак?
Адашкан энесинен чаарчыктай,
Мен сени издеп жүрөм жалгызсырап.
Дайыныңды айт, адрессиз көгүчкөнүм,
Сен үчүн асман-жерге өткөөл салам.
Жүрөктүн эрте эмеспи буулугары,
Сүйүүнү эми экөөбүз туу кылалы.
Суусундай эки айрыктан ага бербей,
Түбөлүк бир өзөнгө куюлалы.
Дайыныңды айт, адрессиз көгүчкөнүм,
Сен үчүн асман-жерге өткөөл салам.
Жадыраган жазым келди,
Ашыктыгын жашырбай.
Сезим келди, сезим кетти,
Жанып, кайра жана албай.
Татына кыз табышмактуу,
Турмуш жолун таба албай.
Терезеге өксүп карайм,
Өткөн сүйүү жазындай.
Кайырма:
Татына кыз, татына кыз,
Жашың төкпө жамгырдай.
Жадыраган жаздын түнү,
Мөлтүр сүйүү тамчыдай.
Көзүң көрүп, көңүл чөктү,
Көпкө жүрдүм аярлап.
Түшүнбөдү сени эч ким,
Махабатың алыстап...
Татына кыз табышмактуу,
Алтын таажы сен кийген.
Болчу менин түбөлүктүү,
Жаным деген, мен деген.
Кайырма:
Күмүш, алтын жалбырактуу жаз гүлүм,
Күлүп койсоң күнүм чыгат, назгүлүм.
Уяң карап жаш кезиңде жүрчү элең,
Уялбастан ошол катты жаз бүгүн.
Таппадым мен сага теңдеш эч, гүлүм,
Бир өткөн жок сени эстебей кеч, түнүм.
Жашырынып көзүң ала каччу элең,
Жаным, ошол сыр түймөгүң чеч бүгүн.
Сыр түймөгүн чеч бүгүн.
Кайырма:
Бир учалы улуу тоонун кушундай,
Бирде сынып, эрип мөңгү музундай.
Экөөбүздү ажыратып, бир кошкон,
Демек, жаным, биздин тагдыр ушундай.
Жаралгандай жалгыз мага ай-күнүм,
Жаркылдайсың, булактайсың, ай, гүлүм.
Көңүлүңдү түйө байлап жүрчү элең,
Көкүрөккө чачтарыңды жай бүгүн.
Суусагандыр, буулуккандыр бак, гүлүң,
Сапырылсын сезимдериң, чач бүгүн.
Көрүндүгүн сагынычтын берейин,
Көшөгөңдү көөдөнүмө ач бүгүн.
Көшөгөңдү ач бүгүн.
Кайырма:
|