|
Сөзү : О.Шакиров
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : Турар Кожомбердиевдики
Обону : Сардарбек Жумалиевдики
1
Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим.
Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо,
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим.
Акыры таптым, ошол мага туу болду,
Жүрөккө дем, өмүргө ынак гүл болду.
Доорун сүрүп, элин мактап жактырар,
Доско кайрат, душман, кастар кул болду.
Эгер мени кайгы булут каптаса,
Ачык бойдон, ачык асман, таптаза.
Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип,
Өмүр, чиркин, өйдө көздөй акпаса.
Сөзү : Г.Момунова
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : А.Чылымов
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : Б.Мамаев
Обону : Б.Мамаев
Эр жоокер, катарда кел,
Кадамыңды таштап, көкүрөк кер.
Ар-намыстуу жоокерлербиз,
Антыбызды биз бергенбиз,
Баатыр кыргыз элденбиз.
Кайырма:
Ээ-эй, чилтен, чилтен, кадамды бек таштайлы,
Манас ата колдоп, эркиндикти коргоп,
Ата Журтту сактайлы.
Куралдар колумда бар.
Кайратымды бөлөп курчутат ал.
Машыгуудан чыңалганбыз,
Шамдагайлуу кыраандарбыз,
Чеп коргоого дапдаяр.
Кайырма:
Элимдин, жеримдин,
Махабатка бүткөн Теңиримдин
Ишенимин аткарабыз,
Турмуш жолго такшалабыз.
Биз балдары Теңирдин.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
Айланам сенден, жаным,
Сүйгөнмүн сени дайым.
Сагынып жүрөм, Элмир жаным.
Сен болбосоң дүйнөм мага тар болду,
Ошол бактылуу күндөр мага жат болду.
Эмне үчүн тагдыр бизди кошподу?
Өткөн күндөр биздин түшкө окшоду.
Айланам сенден жаным,
Сүйгөнмүн сени дайым
Сагынып жүрөм Элмир жаным.
Айланам сенден, жаным,
Сүйгөнмүн сени дайым,
Сагынып жүрөм, Элмир жаным.
Сенсиз өткөн күндөр мага азап болду,
Жүрөгүмө кайгы, сагыныч толду.
Эсиңдеби, жаным, сүйөм дечү элең,
Сен жылмайып мага күлүп койчу элең.
Кайырма:
Жан дүйнөмө бүлүк салып чырайы,
Неге мынча сулуу болуп жаралды?
Аппак жүздүү, кара каштуу, олоң чач,
Кымбат болду мага сенин карааның.
Эстеликке түшөлүчү сүрөткө,
Убактыңыз болор бекен мүнөткө?
Уялыңкы, аяр тиктеп турганы,
Эңсөө менен үмүт чачат жүрөккө.
Коюу, калың, кара чачтары,
Кой көз, чийме, кара каштары.
Оймок ооз, аппак жүздүү секелек,
Жарашат го турпатына басканы.
Жан дүйнөмө жагып турат жамалы,
Жанып-күйүп бир көрүүнү самадым.
Жашасам да бул өмүрдө отуз жыл,
Жаным, сендей сулуу көрө албадым.
Сөзү : К.Жетимишбаев
Обону : Б.Мамаев
Жүрөгүмө жалгыз гана дабадай,
Аба барбы, жалгыз жалбыз жыттуу абадай.
Айыл түнүн сагынамын ар качан.
Бешигиңе куса болгон балада.
Көк асманга жылдыз толгон чагында,
Күн нурунда айыл талаа түсү адыр да.
Бараткансыйт ыр көлүндө, термелип.
Даниярга башын жөлөп Жамилия
Кереметке кое албайсың умсунбай.
Кээде сени арбап салат сыйкырдай.
Булак үнүн коштоюнчу дегенсип,
Булбул үнү безиленет бир тынбай.
Калтырбачы көңүлүм,
Кыйнабачы жүрөгүм.
Көргөндө эле сүйгөнмүн,
Ачык, шайыр мүнөзүң.
Кайырма:
Бактылуу бол, сүйгөнүм,
Бактысыз мен жүрөмүн.
Тагдырга жазса бирөөнү,
Айла жок өмүр сүрөмүн.
Элестетем мүнөзүң,
Карап койсо күлгөнүң.
Жүрөк эзип кетти го,
Алгач менин тун сүйүүм.
Кайырма:
Бактылуу бол, сүйгөнүм,
Бактысыз мен жүрөмүн.
Тагдырга жазса бирөөнү,
Айла жок өмүр сүрөмүн.
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : А.Өзүбековдуку
Обону : А.Өзүбековдуку
Ойлосом көңүл ток эле,
Ооматы ойдо жок эле.
От болуп күйгөн мезгилде,
Отуз жаш ойдо жок эле.
Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыпмын бүгүн отуздан.
Ой, эми шашпа кайда деп,
Артымдан жанат отуз шам.
Күлкүдөн кумар таркабай,
Кырк жашты салдым аркага.
Өмүрдүн кызык учурун,
Өткөргөн экенмин байкабай.
Салтанат күүсүн көп угам,
Шаңданып калам мен улам.
Кырчындай жаштык турганда,
Кырк жаштан өтүп не кылам?
Карылык деген кашаң ат,
Картайтат экен жакалап.
Картайтса мейли картайтсын,
Картайтпайт бизди махабат.
Оюмдун түбү бүтө элек,
Жаштыктын оту өчө элек.
Түшсө да бырыш чекеге,
Жүрөккө бырыш түшө элек.
Сөзү : Э.Жумагазиев
Обону : Б.Мамаев
Ойлосом (дале) кетпей түшүмдөн,
Оюнуң (да) жиптей тизилген.
Эркелүү (да) кээде сылайсың,
Ээндеп (да) келип жүзүмдөн.
Мээримге (да) толуп кучагым,
Мен дагы (да) сени кысамын.
Көрбөй бир (а) калсам заматта,
Көрүүгө (да) сени кусамын.
Татына (да) жаштык өмүрдөн,
Таң нурдай (да) жүзүң көрүнгөн.
Ташкынын (да) сузуп алсам дейм,
Таалайлуу (да) сүйүү көлүңдөн.
Көп сүйүү (да) жүгүн артынып.
Көз карек (да) сага тартылып.
Жалыным (да) сенде жангансыйт,
Жаштык от (а) менде бар туруп.
|