|
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Жамиля Муратованыкы
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Сөзү : Э.Эрматовдуку
Обону : А.Карыбаевдики
Элибизге мейман келсе,
Жайылат ак дасторкон.
Дүйүм тамак, шербет мейиз,
Дасторконго жык толгон.
Кыргыз пейили тоодой бийик,
Көлдөй терең, туптунук.
Колдо барын төгүп салып,
Аябагын достордон.
Кайырма:
Дасторконду кенен жайгын,
Күлкү болсун, ыр болсун.
Бабалардан мурас калып,
Келе жатат бул жосун.
Элге-жерге берсин бакыт,
Кут төгүлгөн береке.
Умай эне, Теңир ата,
Урпактарын колдосун.
Дасторкондун даамын сызып,
Көтөрөлү көңүлдү.
Ынтымагың болсун дайым,
Болсун элим өмүрлүү.
Намысыңды дасторкондой,
Кирсиз, таза сактагын.
Арам ойлуу адам келсе,
Тебелетпе төрүңдү.
Кайырма:
Сөзү : С.Абдыкадырованыкы
Обону : К.Эралиеваныкы
Тоо гүлүндөй жытыңан тегеренем,
Чарк айланып бала үчүн эбеленем.
Отко, сууга канаты кайрылса да,
Түтөт тура баарына эне деген.
Кайырма:
Кумарланам ансайын,
Кумарланам ансайын,
Жытынан искеп, жытынан искеп,
Садагам деп айдайым,
Садагам деп күндөйүм,
Апакең алкап.
Ак сүйүүдөн жаралган наристеби?
Аппак ууздай таптаза периштеби?
Бала деген жүрөктү толгоп турган,
Кандай ыйык ал сезим деги ичтеги?!
Кайырма:
Мен эненин бир эрке баласы элем,
Өтөт тура зуулдап өмүр деген.
Мына бүгүн мен өзүм эне болуп,
Эзилишип отурам балам менен.
Кайырма:
Жай да өттү салкын тарткан күз эле,
Биз жолуктук тагдыр насип туз беле.
Купулума толуп турдуң сукайып,
Издегеним мына ушул кыз эле.
Ии-ий, карагаттай көздөрү
,
Тамшандырат создөрү.
Ашык болдум сага аппагым.
Сен айтпадың мага,
Мен да айтпадым сага,
Болбосунчу сүйүү арманы.
Күнү түнү ойлойм
Сен жөнүндө ойлойм
Унута албай койдум ардагым.
Жашың өттү эми турмуш кеч дебе,
Буюрганын көрөбүз да бешене
Жолукканча куса болуп баратам.
Ойлогонум ошол болуп кечке эле.
Ии-ий, карагаттай көздөрү
,
Тамшандырат создөрү.
Ашык болдум сага аппагым.
Сен айтпадың мага,
Мен да айтпадым сага,
Болбосунчу сүйүү арманы.
Күнү түнү ойлой
Сен жөнүндө ойлой
Унута албай койдум ардагым.
Карап көрсөң канча күндөр бирге жүрдүк биз,
Ойноп-күлдүк биз дайым.
Далай түндөр, атты таңдар, күлгүн жаштык кез,
Тостук жаштык жаз айын.
Өткөнгө өкүнбөймүн силер барда мен,
Экси досторум менин.
Силерсиз бул жашодо кээде жалгызмын,
Кээде алсызмын билбейм.
Кайырма:
Э-эй, о-ой, эски дос эстен кетпейт,
Жаңы достор кадырыңа жетпейт сенин, билип ал.
Эски дос эстен кетпейт,
Жаңы достор кадырыңа жетпейт сенин, билип ал.
Кечээки жигит-кыздар эми атабыз,
Эми апабыз бүгүн.
Кезиктик бүгүн ырдайлы, дос, сагындым.
Жаңырсын сенин үнүң.
Жүрөктөн чыккан добуш музыка болуп,
Нотага окшоп бийлейм.
Негедир бүгүн өзүм бактыга толдум,
Бактылуу күнүм бүгүн.
Кайырма:
Сөзү : Ш.Садыбакасовдуку
Обону : Ж.Шералиевдики
Алчадай жүзүң мөлт эткен,
Апаңдан башка өппөгөн.
Ала жаз сайган чырпыктай,
Анда сен он беш жашта элең.
Ажарың жүрөк өрттөгөн,
Айта алам кантип сөз менен?
Асманда айдай толукшуп,
Анда сен жыйырма жашта элең.
Ок байлап чалгын канатка,
Отузга келдик заматта.
Жайлоодо Чолпон өчкөндөй,
Жаштык кез калат каякта?
Улам биз алга шашабыз,
Улгайып бара жатабыз.
Ал мончок сүйкүм балдарга,
Азыр биз ата-апабыз.
Сөзү : Б.Мамаев
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : Бурулкан Карагулованыкы
Обону : Арзыбек Бедияровдуку
Коштоштук жүрөк ооруп,
Көздөн жаш тоголонуп.
Карадым карааныңды,
Калгыча чекит болуп.
Кайырма:
Карааның бара-бара,
Көрүнбөй тунарлана.
Кирпиктин арасынан,
Кумсарды кышкы талаа.
Кайрадан топтоп эркти,
Кайрадан тиктейм чекти.
Коштошуу ошондогу,
Кайратым алып кетти.
Кайырма:
Карааның бара-бара,
Көрүнбөй тунарлана.
Кирпиктин арасынан,
Кумсарды кышкы талаа.
Жалындап козгоп мууңду,
Жаңырып кулак тунду.
Жаңыдан коштошконго,
Жүрөгүм сыздап турду.
Тутана кейип кеттим,
Талыкшып, ой терметтим.
Тиктөөдөн пайда жоктон,
Термеле басып кеттим.
Кайырма:
Карааның бара-бара,
Көрүнбөй тунарлана.
Кирпиктин арасынан,
Кумсарды кышкы талаа.
|