|
Ак марал сулуу, сага ашыкмын,
Ашыктык сырын курап ыр жаздым.
Сүйүүнүн күчү өзүңдө беле?
Өткөрсөм деймин доорун жаштыктын.
Кайырма:
Апаппак сенин мүчөңдөн, селки,
Аркардай сенин көзүңдөн, селки.
Агаңды, чиркин, тушап, байлаган,
Ай нуру тамган жүзүңдөн, селки.
Апаппак сенин жүзүңдөн, сулуу,
Балбылдап жанган көзүңдөн, сулуу.
Жүрөктү кармап жипсиз байлаган,
Ак-Талаалык бол, ак марал сулуу.
Ашыгып сага бүтүн тамшанган,
Ыр менен ырдап, ырдап жар салгам.
Сен басчу жерлер жакшы көрүнүп,
Жүрөгүм согуп чыгат капкандан.
Кайырма:
Ачылгыс жүрөк качан ачылат?
Ашыктык сырлар качан чачылат?
Ай нуру жанган, ак марал сулуу,
Жүрөктүн чери качан жазылат?
Кайырма:
Балалык балдай таттуу,
Кайрылбай алыс калат.
Алгачкы жазган тамга,
Эсимде аппак барак.
Он жыл өткөн, аянычтуу,
Мектептин коңгуроосу.
Кайырма:
Эсимде ар дайым,
Эжеке-агайым,
Элесиң маңдайда кетпей турган.
Ак бантик тагынган,
Акыркы кагылган,
Сагындым мектептин коңгуроосун.
Кай жакта болсок дагы,
Аман бол жалпы, курбум.
Жолугуп ар жыл сайын,
Сагыныч оюн кургун.
Он жыл өткөн, аянычтуу,
Мектептин коңгуроосу.
Кайырма
Абатым Ата Журтум,
Сезимге чөккөн терең.
Бактылуу балалыгым,
Жан апам, атам менен.
Жетилдим оюм толуп,
Ордомо оомат конуп.
Үйүбүз жарым менен,
Балалуу базар болуп.
Булкунтуп буудан миндим,
Топ жарып доорон сүрдүм.
Чертилип жүрөк тамыр,
Элиме угулду үнүм,
Аттиң, ай, мунун бирин,
Атакем көрсө бүгүн.
Жыгылдым, кайра турдум,
Өзүмдү-өзүм таптым.
Атак-даңк издебедим,
Элим деп жүрөк чаптым.
Күндөрдөн күмүш таптым,
Айлардан алтын таптым.
Жыгылбас, өчпөс, учпас,
Жылдардан жылдыз таптым.
А бирок акыйкатым,
Атамды кайдан таптым?
Элесиң кубаттантып,
Жүрөктө жүрөт дайым.
Аялуу ата деген,
Атыңдан кагылайын.
Аялуу ата деген,
Атыңдан кагылайын.
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сага жарыгым аткан таңдай,
Сага тилегим аппак кардай.
Балким, макулсуң, айтчы, жаным,
Сени жубайым мен кылууга?
Кайырма:
Жаным, жаным, жаным,
Түбөлүктүү болчу менин жарым.
Кол кармашып бирге дайым, дайым,
Өтөлүчү өмүрдөн, жаным.
Сенин көздөрүң - бактым менин,
Уурдап сүйүүмдү алып кеттиң.
Эми өзүңсүз бактым жоктур,
Эгер адашып сенден калсам.
Кайырма:
Жаным, жаным, жаным,
Түбөлүктүү болчу менин жарым.
Кол кармашып бирге дайым,
Өтөлүчү өмүрдөн, жаным.
Жаным, жаным, жаным,
Түбөлүктүү болчу менин жарым.
Кол кармашып бирге дайым,
Болчу менин өмүрлүк жарым.
Бири көлдүк деп сүйөт,
Бири чүйлүк деп сүйөт.
Бири Нарын, Талас, Баткен,
Ош, Жалал-Абад деп сүйөт.
А мен байкуш кантемин?
Токтогулдук жигитмин.
Бөлүнө албай эч бир жакка,
Тең ортодо эзилдим.
Кайырма:
Оу, оу, кыздар! Эй, эй кыздар!
Кайда барсам жан дүйнөмдө,
Жашайсың, кыргыз кыздар.
Оу, оу, кыздар! Эй, эй, кыздар!
Кызгалдактай жер бетинде,
Гүлдөсүн кыргыз кыздар.
Жети деген ыйык сан,
Жети область Кыргызстан.
Ар бир айыл-районунда,
Кыздар гүлдөй ачылган.
Түштүк жактын кыздары,
Кашы-көзү суктантты.
Түндүк жактын, эх, кыздары,
Кымча бели кыйнады.
Кайырма:
Кызгалдактай жер бетинде,
Гүлдөсүн кыгыз кыздар!
Айдоочу жок, жел айдаган кемедей,
Алып учат жүрөк булкуп жемелей.
Ошол жүрөк досторумдун жанында,
Орду толот оорубаган немедей.
Кайырма:
Бар болгула, бар болгула,
Барды-жокту тең бөлүшкөн асылдар.
Кымбаттарым, кыйбастарым,
Бир туугандай жакындар.
Дасторконум жайнаса да түркүнгө,
Досторум жок кеми болор күлкүмдө.
Жараткандын бир күнү бар эмеспи,
Жарпын жазып, алмаштыргыс миң күнгө.
Кайырма:
Досчулукту даңазалап жакшы ыр жазсын акындар.
Жан кейитип кир калтырбай көңүлгө,
Жашасак дейм бул бир келген өмүрдө.
Жоготуунун орду толо ый экен,
Жакшы көргөн адамыңдан бөлүнбө.
Кайырма:
Жүрөгүмдө ар бириңдин атың бар.
Бейпил жашап эли байыртан,
Берекеге толгон мекеним.
Сексен жылдык мезгил карыткан,
Бул белгилеймин Ноокат экенин.
Берекеге толгон мекеним,
Бул белгилеймин Ноокат экенин.
Кайырма:
Исановдой инсан, Жумабайдай балбан,
Кулатовдой чыгаан өскөн жер.
Оомат толуп турган, берекеге тунган,
Сары алтынды жыйган көктөм жер.
Гүлдөп өсө бер, Ноокатым.
Уркуянын уулдарыбыз,
Алыс чыккан атак-даңкыбыз.
Меймандостук биздин элде бар,
Оомат толгон Ноокат жергем ал,
Уркуянын уулдарыбыз,
Алыс чыккан атак-даңкыбыз.
Кайырма:
Жамгыр тынбай төгүп жатты, төктү жашы шорголоп.
Биз экөөбүз турган элек ак кайыңга корголоп.
Ошондогу эсиңдеби, эсиңдеби, ынагым,
Алгач жолу тамызган күн махабаттын чырагын?
Жалбырактар дирилдешип, жамгыр аздап токтолуп.
Жанып турду бир укмуш күч жалын чачып от болуп.
Ошондогу эсиңдеби, эсиңдеби, ынагым,
Алгач жолу тамызган күн махабаттын чырагын?
Мен сени сүйгөн жокмун көзүң үчүн,
Күлгөндө жазгы гүлдөй жайнап кеткен.
Мен сени сүйгөн жокмун сөзүң үчүн,
Кайгыны көкүрөктөн айдап кеткен.
Кайырма:
Мен сени сүйдүм сүйүү бардыгынан,
Жаркырап, жаңыланып сезим гүлдөп.
Көңүлдө жан көшүлткөн жашыл ыраң,
Бүрдөбөй калган багым кайра бүрдөп.
Мен сени сүйгөн жокмун боюң үчүн,
Кыздардын талабына жооп берген.
Жок, сени сүйгөн жокмун оюң үчүн,
Ак нурдай, Ай алдынан кармап келген.
Кайырма:
Мен сени сүйгөн жокмун сырың үчүн,
Эч качан, эч кимдерге жандырбаган.
Бар туруп айтар сөзүм, каруу- күчүм,
Бактысыз сени карап жалдыраган.
Кайырма:
Көркөмдүү сонун көл таңы,
Көл менен кошо эл шаңы.
Тоолордо обон кайрышып, ай,
Толукшуп жатты бүт баары.
Кайырма:
Махабат - аруу сезим биз үчүн,
Жарк этип күн-түн айланам.
Жанары жарык жайнаган,
Каректе калган жылдызсың, ай
Кай күнү сага байланам?
Көл бойлоп басып келесиң,
Тартылып көзгө элесиң.
Жашоонун гүлү ушул деп, ай,
Жоогазын колго бересиң.
Кайырма:
Көлдө да, көктө жылдыздар,
Кол булгайт көлдөн нур кыздар.
Ай дагы коштоп баратты да,
Артынан ээрчип жылдыздар.
Кайырма:
Сөзү : Сыпарбек Медербеков
Обону : Эрик Кадырбаев
Аскасы көктү тирегендей,
Кайберен зоого түнөгөн, эй.
Көркөмү сонун биздин жер, ай,
Бүркүтү булут жиреген да.
Булактар шыңгыр үн курап, ай,
Таш жарып чыккан мүрөк сен.
Ала-Тоо элдин сыймыгы, ай,
Бабабыз Манас жердеген.
Кайырма:
Абалтан кыргыз жердеген, ай,
Айтылуу кутман элден мен.
Кылымды кымтып кыз куумай,
Жигити намыс бербеген.
Улак, ий, тартыш, ат чапмай да,
Таң калат адам көрбөгөн.
Таңшыса күүлөр төгүлүп, ай,
Ата Журт шаңга бөлөнгөн, эй!
Меймандос өзү пейли кеңдей,
Даңктаймын ырдап сени мен, эй.
Канымда кошо айланган, ай,
Ак пейил кыргыз эзелтен да.
Туу кармап антка бек туруп, ай
Достору үчүн кол белен.
Салттарын жандай сактаган, ай,
Ойлонуп сыпаа сүйлөгөн.
Кайырма:
Абалтан кыргыз жердеген, ай,
Айтылуу кутман элден мен.
Кылымды кымтып кыз куумай,
Жигити намыс бербеген.
Улак, ий, тартыш, ат чапмай да,
Таң калат адам көрбөгөн.
Таңшыса күүлөр төгүлүп, ай,
Ата Журт шаңга бөлөнгөн, эй!
|