|
Эстедим бүгүн алма жыттуу айылымды, үйүмдү,
Эркелеп күлгөн эселек үнүмдү.
Сагыныч коштоп, жаным күйүп от болду,
Мезгилден сурадым, бейкапар убагым,
Каякка жок болду?
Жоктодум анан өмүрдөгү аялуу дүйнөмдү,
Балалык кезди, бактылуу күндөрдү,
Жылт этип учкан жылдарымды ким көрдү?
Бар эле атакем, бар эле апакем,
Жоготтум кимдерди?
Көзүмдө туулган жер,
Көпөлөк кууган жел.
Айылыма барайын,
Алдыма буудан бер.
Ал кезим кайрылбас,
Айла жок буугам бел.
Бир гана айрылбас,
Туулган жер, туулган жер,
Ыйыгым сен, оо, туулган жер.
Топ жылдызың жерге жакын,
Толкундап, ырга салып келген акын.
Сууларың балдай татып таңдайымда,
Күн болуп маңдайымда,
Туулган жер, жана бер!
Айылыма барайын.
Алдыма буудан бер.
Өмүргө канайын,
Бал таткан суудан бер.
Көзүмдө балалык,
Көпөлөк кууган жер.
Ал кезим кайрылбас,
Айла жок буугам бел.
Бир гана айрылбас,
Туулган жер, туулган жер,
Оо, ыйыгым. туулган жер.
Сөзү : Жолдошбай Абдыкалыковдуку
Обону : Сагынбай Сооронбаевдики
Алыстан бир сен үчүн келгенимди,
Сыр кылып кызыл гүлдү бергенимди,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)
Ичимден сүйөмүн деп айтканымды,
Үшкүрүп үйгө амалсыз кайтканымды,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)
Атыңды ак баракка жазганымды,
Анардай кызыл өңдөн азганымды,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)
Үйүңдү жалжал карап өткөнүмдү,
Көзүмдөн ысык жашты төккөнүмдү,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)
Түшүмдө сени менен жүргөнүмдү,
Эзилип эркин ойноп- күлгөнүмдү,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)
Гүл өстүрсөм, гүлзар өскөн багымда,
Булбул сайрап таңшып турса шагында.
Музыкалуу ыр дүйнөдө сүйүү бар,
Жан дүйнөмдү жалындаткан жагымдуу.
Татынакай таза жыты буркурап,
Так ушундай тереземде гүл турат.
Асыл данек, ак сүйүүмдөн жаралып,
Ар күн сайын ажар ачып кулпурат.
Күндөн-күнгө бой тиресе жакшырып,
Болочогум болсо экен дейм бактылуу.
Бул турмушта ыраазы элем тагдырга,
Алар тапса адамдагы бактыны.
Кандай гана алар элем канагат,
Кагылайын алар болсо бактылуу.
Сүйдүм го, күйдүм го, жүрдүм го,
Сүйбөйүнчү десем деле.
Сүйдүргөн, күйдүргөн,
Айтчы сенин эмнең эле?
Кыялга, бакытка,
Бөлөп салган кара жанды.
Ай-ий, жан эркем.
Балдай сөзүң, кара көзүң,
Бир өзүңдө бар эле.
Кайырма:
Жүрөгүмдө бир эргүү,
Бар экенин билбедиң, жаным.
Жүрөгүмдө бир эргүү бар, бир эргүү.
Ойлондум, толгондум, болжодум,
Ойлобоюн десем деле.
Ойлонткон, толгонткон,
Айтчы сенин эмнең эле?
Жүрөктө сырымды,
Жашырбастан ачык айтсам.
Аи-ий, жан эркем.
Жанымда бол, бакытым бол,
Маңдайымда эркелеп.
Кайырма:
Жалжал көздүү, жапжаш элең анда сен,
Жаз гүлүндөй жагымдуу элең жанга сен.
Комуз элең кыл тагылып, күүлөнгөн
Чолпон элең балбал жанган таңда сен
Сен гүл болдуң, бир суктанып ачылган
Сен куш болдуң кокус колдон качырган
Арабыздан айлар-жылдар бөлсө да
Ашыктыгым бир сен үчүн ашыгам.
Агым даяр, сени күтүп аңкыган
Жаным даяр сени күтүп аңкыган
Кадырыңа жетер кези ушул кез
Кайкып учуп, кайра келчи каркырам.
Алма бак гүлдөгөн убак эле,
Ал кезде алтындай курак эле.
Арнашып махабат ыргактарын,
Ашыгым, айрылдык айтчы неге?
Кайырма:
Айтпастан ошондо кеттиң неге?
Анчалык аядың мени неге?
Ансыз да алоолоп күйүп барам,
Айыпсыз ак сүйүүм сенде беле?
Сүйлөсөң сүйүп караар элем,
Күлмүңдөп ансайын жагар элең.
Түбөлүк айрылып каларымды,
Билгенде жаныңда калар элем.
Кайырма:
Ай-жылдар өтсө да андан бери,
Жол карап күтөмүн дале сени.
Жанымда жаркылдап жүрчү элең го,
Жаным деп сүйүп мени.
Кайырма:
Шумкардай булут жиреп,
Жарышып мезгил менен.
Ак бата сурап алып,
Алыска жөнөдүң сен.
Сыймыгың энең, атаң,
Санааркап оорубастан.
Сапардан келгениңде,
Сүйүнүп тосуп алса.
Кайырма:
Айылдан кеткениңде жетем деп тилегиңе,
Зарыгып сени күткөн ата-эне.
Капырай келет эле, кечикти балам неге?
Алдыңа кетсем деген ата-эне.
Тулпардай шамал жиреп,
Талпынып из келгенде.
Турмушта ордуңду издеп,
Тууруңдан учарда сен.
Табылса издегениң,
Тез эле келем дедиң.
Катташып турсак ошол,
Бактысы ата-энеңдин.
Кайырма:
Андан бери жылдар алмашты,
Кара чачты бубак кар басты.
Сүрсө дагы мезгил мезгилди,
Эстен кетпейт сүйүүм алгачкы.
Күн чартылдап, булут түнөрүп,
Үнсүз турдук сөздөр түгөнүп.
Терс бурулдум көздөн жаш ыргып,
Дегениңде "кош бол, түбөлүк".
Жаштык оргуп нурлуу жүзүңдөн,
Эрдиң таттуу ширин жүзүмдөн.
Аралыктын баарын багынтып,
Ар күн сайын көрөм түшүмдөн.
Самайм бирге жүргөн күнүмдү,
Уксам деймин назик үнүңдү.
Сууйт колуң сурайм сунбагын,
Эми мага кызыл гүлүңдү.
|