|
Тынчын алып бейкут көңүлдүн,
Ак чардагым неге бөлүндүң
Керемет күч бийлеп сезимде,
Келбейт сенден азга бөлүнгүм,
Ак чардагым келбейт сенден азга бөлүнгүм.
Ал күн жатат толкуп, шарпылдап,
Канаттары нурга жаркылдап.
Учуп-конуп ойноп жүргөнүң,
Унутулгус элес калтырат,
Ак чардагым унутулгус элес калтырат.
Ак чардагым көлдүн эркеси,
Азыр өзүң чүрөк эңсөөсү
Канат кагып сага баратам,
Ак чардагым алыс кетпечи,
Ак чардагым суранам эй, алыс кетпечи.
Тынчын алып бейкут көңүлдүн,
Ак чардагым неге бөлүндүң
Керемет күч бийлеп сезимде,
Келбейт сенден азга бөлүнгүм,
Ак чардагым келбейт сенден азга бөлүнгүм.
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Тобокел Кашкарбаевдики
Жан курбум, жашыбай жакшы кал, курбум,
Жамынып түндү узадым, жазганы ошол тагдырдын.
Кош дечи, арманга бирок кошпочу,
Айланып келем ыр болуп,
Айрылуу эмес, коштошуу.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
Жан курбум, жаштыгым шамдай жандырдың,
Ардактап алгын өчүрбөй, астында калса жамгырдын.
Агарып, ай нуру менен таралып,
Ал күндөр кирет түшүмө, айрылуу эмес, аралык.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
Жан курбум, жабыкпай жакшы кал, курбум,
Өзүңдү түнгө тапшырып, сөзүмдү сага калтырдым.
Кош дечи, а бирок көзгө жаш алба,
Ар убак жүрсөң эскерип,
Айрылуу эмес, ажал да.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
Сөзү : Шербет Келдибекованыкы
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалуу добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком, албаймын комузумду.
Кайырма:
Жок, жок менин уккум келет башкача үндү,
Жазгырбас жарыгына ишеничтин.
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү,
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн.
Коштоор элем мукамдуу батына албайм,
Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм.
Кимсиң деги бейтааныш күндүр – түндүр,
Сагынычтан, кусадан алсыраган.
Кайырма:
Сөзү : Абдирашит Урбаевдики
Обону : Эгемберди Талиповдуку
Бир көрүп ашык болдум, ичим тыз-тыз,
Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз,
Тиктеңиз жылуу экен көздөрүңүз.
Арбалып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз.
Жайдары көздөрүңүз,
Жагымдуу сөздөрүңүз,
Арбалып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз.
Суранам тосолучу түнү менен,
Суранам тосолучу күндү бирге.
Суранам жаз гүлүндөй күлүп-жайнап,
Суктанып жыттайлычы,
Суктанып жыттайлычы гүлдү бирге.
Тосолу күндү бирге,
Тосолу түндү бирге,
Суранам жаз гүлүндөй жадырашып,
Суктанып жыттайлычы гүлдү бирге.
Суранам кетпесеңиз, ичим тыз-тыз,
Жактыңыз махабаттын отун укмуш.
Жылынып ошол оттун илебине,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Кайрандарым май бастырып көздөрүн,
Элин тытып, талап-тоноп өз жерин.
Жорулардын жоруктарын жасашып,
Бүркүт сезип жүрүшпөйбү өздөрүн.
Эл тагдырын каалагандай чоюшат,
Акыйкатты кууп жүрүп союшат.
Комдонгону жолборско окшоп турса да,
Кысталактар иттик кылып коюшат.
Комдонгону жолборско окшоп турса да,
Кысталактар иттик кылып, иттик кылып коюшат.
Төрүбүздө тайраңдашып ким-жогу,
Ата Журтка тийбесинчи кир колу.
Заман көчү кайда барат, жашырбай,
Акыйкатын айткылачы бир жолу.
Заман көчү кайда барат, жашырбай,
Акыйкатын айткылачы, айткылачы бир жолу.
Ишенебиз алдашса да миң жолу,
Ушул эмей көкүрөктө кир жогу.
Чыңгыз эмес, чындык келип кетсинчи,
Чыркыраган айылыбызга бир жолу.
Чыңгыз эмес, чындык келип кетсинчи,
Чыркыраган айылыбызга, чыркыраган айылыбызга бир жолу.
Бешенеге жазбагандыр кулдукту,
Же биз эмне кечкис күнөө кылдыкпы?
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты.
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты.
Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты,
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп, бир көрсөтүп койгулачы, бир ырдатып койгулачы чындыкты.
Жумурткадан кыр тапканга ашыгып,
Бүткөн ишке сын такканга машыгып.
Тагдыр бизди таразалап көрөрдө,
Аялдардын этегине жашынып,
Саймедиреп саясаттан сүйлөйбүз,
Бир чоң тоюп алган жерге,
Бир чоң тоюп алган жерге баш уруп,
Бир чоң тоюп алган жерге баш уруп.
Баштагыдай эле биздин түрүбүз,
Балекеттей бапырт чыгат үнүбүз.
Кечээ күнү чындык ыйлап жатканда,
Катыгүн, ай, биз каякта жүрүбүз?
Кылыч болуп суурулганды мындай кой,
Колтугунан жөлөдүкпү,
Колтугунан жөлөдүкпү, жөлөдүкпү бирибиз?
Күтөмүн сени сагына, үмүткө байлана,
Сүйүүмдү бөлүп жалынга жүрөсүң кай жакта?
Талпына бергин шумкардай, көкүрөк тосуп шамалга,
Ырларым сенин сырларың, алдыңда, жаным, алдыңда.
Кайырма:
Ак шумкарым, шумкарым, сен менин сыйынарым,
Шумкарым, шумкарым, жөлөгүм, урунарым.
Шумкарым, шумкарым, сен менин сыйынарым,
Шумкарым, шумкарым, жөлөгүм, урунарым.
Талбасын, талбасын келгенче канаттарың.
Алыстан сүйүү узатып, кыялга батам жай,
Махабат таңы тазарып, ыргалам толкундай.
Талпына бергин шумкардай, көкүрөк тосуп шамалга,
Ырларым сенин сырларың, алдыңда, жаным, алдыңда.
Кайырма:
Кыялымда кайкып учуп асманда,
Ашуу, аска-тоолор аралап.
Учуп барсам менин алтын апама,
Кучагына батсам талпына.
Ишен, апа, сөздөрүң бүт жүрөктө,
Тумар кылып, апа, тагынам,
Медеримсиң жүрөгүмдө бир өзүң,
Берекем, апам, сагынам.
Апаке, сени сагынам,
Мээримиң чексиз баарынан.
Алтыным апам, сагынам,
Мээримиң чексиз баарынан.
Балаң үчүн канча түндөр уктабай,
Мээрим чачып түндөр кечирдиң.
Ак сүтүңдү актаар бекем, апаке,
Асылым, апам, сагынам.
Апаке, сени сагынам,
Мээримиң чексиз баарынан.
Алтыным апам, сагынам,
Мээримиң чексиз баарынан.
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Отурам эскерүүдөн ичтен сызып.
Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.
Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.
Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.
Өмүрү жетпей тирилик,
Өткөндөр келбейт тирилип.
Жаралган адам эмгектен,
Жарыша иштеп төрөлүп
Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы,
Баласына атасы да өбөк болот турбайбы.
Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы.
Улуулардын тилеги ай, улуу да болот турбайбы,
Урматтаган адамың ай, сулуу да болот турбайбы.
Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы,
Кыздарына энеси да өбөк болот турбайбы.
Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы
Өткөндөрдүн баарысы да, тарыхта калат турбайбы.
Жакшыга жакшы туш болсо, багы да болот турбайбы.
Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы,
Баласына атасы да өбөк болот турбайбы.
Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы.
Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы,
Кыздарына энеси да өбөк болот турбайбы.
Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы
Апаке, мактабачы, көзүмчө көкөлөтүп,
Канымдан бүткөнсүң деп үйрөттүң эркелетип.
Тирүүңдө алкай турган сөздөргө татыбаймын,
Саргартам жол каратып, үйүңдөн эрте кетип.
Саргартам жол каратып, апакем, ай, эрте кетип.
Аяйсың ачка калсам, акмактык ишке барсам,
Адалды аттап өтүп, арамды тиштеп алсам.
Мактанып келген кезде, мансапка кызмат кылып,
Маңдайдан сылабастан, кайра бир муштап алсаң.
Маңдайдан сылабастан, апакем, ай, муштап алсаң.
Апаке, даабайсың сен сырыңды угузарга,
Кызыңды аяймын деп кайра аны бузуп алба.
Сен кетсең зар болормун, сөз тургай карааныңа.
Сыйымды көрүп алчы, апакем, көзүң баарда,
Сыйымды көрүп алгын, төрүмдөн орун алгын,
Апакем, ай, көзүң барда.
|