|
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Билбейм ыйлап, мен түшүмдөн ойгондум,
Соороно албай сени күтүп таң аткан.
Түшүмдөгү экөө келет элеске,
Улам-улам менден узап бараткан.
Чыйрыгамын, ый угулат ыраактан,
Өңбү же түшпү, биз жолукчу бул ак таң?
Кайырма:
Сен белең, сен белең, ошол түшүм,
Ошол аян сен белең, сен белең?
Алыстагы ошол караан сен белең?
Сен белең, сен белең,
Менден узап кеттиң эле ким менен?
Ким менен? Сен белең?
Укпадың го, чакырганым билдиңби?
Карап койдуң бир кылчайып алыстан.
Асман жарып, дал ошондо ылдыйга,
Эки жүрөк учуп түштү жарышкан.
Тумчугамын, демим жетпей аптыга,
Аттиң арман, кечиктикпи бактыдан?
Кайырма:
Көнөктөп жамгыр төксө жеңилдеймин,
Көөнөрүп ал оюма жеңилбеймин.
Кусадан курган жүрөк жанчылса да,
Кумарлуу көздөрүңө тигилбеймин.
Кайырма:
Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин,
Артылып карабасаң кейибеймин.
Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң,
Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин.
Жалгыздык жандап баскан жолдошумдай,
Жаңыра ойлор уюп коргошундай.
Сезилет күндө бир маал көрүнбөсөң,
Сергибей, бөксө жерим толбочудай.
Кайырма:
Сен туруп көңүлүмдүн борборунда,
Камалдым махабаттын коргонуна.
Тийгенде ал сендик деп кубулгансыйт,
Тамчысы ак жамгырдын колдорума.
Кайырма:
Көлдүн үстү, толкунду араладым,
Өмүр учун канткенде таба аламын?Какндай кылам, көлдөгү жалгыз кайык,
Көрүнбөдүң, жүрөктү жараладың.
Канат шилтеп, баратам түгөй издеп,
Табигаттын татына жытын искеп.
Кубаныч күтүп үмүттүү жашасам да,
Кыйын экен, жете албай үмүт үзбөө.
Көл бетинде бүлбүлдөп жанат жарык,
Кумарланам көрмөккө сүзүп барып.
Мага булгап жоолугун ал да келет,
Мен издеген баягы жалгыз кайык.
Сиз бар үчүн биздин үйгө кут конуп
Көзүбүзгө мээрим менен нур толуп.
Ар бир кечте айтчу бизге жомогун,
Толуп турчу, жүрөгүмдө ыр болуп.
Кайырма:
Апаке туулган күнүң,
Куттуктап ырдайм бүгүн
Өмүр бер, ден-соолук бер
Ааламга жетсин үнүм.
Оо, Жараткан бир өзүңдөн суранарым
Нечен жолу түн уйкудан калганың
Кыздарың, уул-балдарың
Бүгүн сенин туурган күнүң апаке
Жүрөгүмдөн ушул ырым арнадым
Кайырма:
Болсун апа, дайым ачык асманың бизге арнадың,
Жашы өмүрүң жаш чагың.
Аман болчу арабызда апаке,
Ушул ырым белек кылып жазганым.
Кайырма:
Оо, Жараткан бир өзүңдөн суранарым
Мээримиң күн нурундай ысык чачкан,
Мен гүлмүн сен дегенде буркураган.
Таң менен кечти сезбей тосуп турган,
Табигат таалайыма сени жазган.
Мен гүлмүн сен үчүн
Бой тарткан күнү-түн,
Баш ийем сага мен
Үзүп ал келип сен.
Күн тийсе албырамын, чачыраймын,
Бүт денем балкым ээрип жанчудаймын.
Андыктан келчи-келчи зарыктырбай,
Өзүм эле арман кылбай
Нарыным,
Күн-түнү күрпүлдөп толкуп-ташкан.
Агымың,
Күмүш жал күлүктөй күүлөп аккан.
Ат арытып,
Алтайдан эр Манас, ата-бабам.
Ыйык тутуп,
Мүрөктүн суусу деп сени тапкан.
Кайырма:
Шаң менен,
Шарпылдап агасың капчыгайдан.
Көрк талашып,
Турасың нур чачып көктөгү айдан.
Түбөлүк,
Кыргыздын канындай жүрүп турган.
Жарыгың өчпөс,
Шам экен ыйыгым, Нарын дайрам.
Күүлөнүп,
Күү чертип көбүрөт тунук шарың.
Ыргалат,
Булбулу сайраган кайың-талың.
Пейили кенен,
Ырыстуу эл менен өсүп жатат.
Бала шаарым,
Жээгиңде жаркырап көрктүү Нарын.
Кайырма:
Нарыным,
Чөл, талаа сен менен гүлгө айланат.
Агымың,
Нур чачат, сен менен күнгө айланып.
Сүйүүм күчөйт,
Өзүңө күн сайын сугум артып.
Ар бир ырым,
Баратат сени менен күүгө айланып.
Кайырма:
Нарыным,
Бак-таалай кут болуп ага берсин.
Агымың,
Күүлөнүп күч-кубат ала берсин.
Укумдан-тукумга соолубас өмүр берип.
Кылымдап агып,
Кылымга от болуп жана берсин.
Татынам тартыласың,
Кубулжуп күн нурундай,
Кайда, не жашынасың,
Бир келген жаштыгымдай.
Мен сени жакшы көрөм,
Жазга окшоп жүргөнүңдү.
Баладай бажырайып,
Жайдары күлонүңдү.
Күнүмдү жарык кылган,
Үнүңдү уксам деймин
Эки кол канат болуп,
Сен жакка учсам деймин.
Мен сени жакшы көрөм,
Жазга окшоп жүргөнүңдү.
Баладай бажырайып,
Жайдары күлонүңдү.
Сөзү : Ж. Алыбаевдики
Обону : Т. Казаковдуку
Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кетелек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менегн үйкуруп.
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.
Кайырма:
Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон
“Кемпир!” десем мен колуңдан жетелеп,
“Белим ий” – деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чарчады деп мени аяп.
Чай канаткан күндөрүң,
Али эсимден кетелек.
Кайырма:
Коштошоордо коомай кармап колумду,
-Сагынба... – деп, санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул деп.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.
Кайырма:
|