|
Сүйсөм сүйбөсөң жаным эмне кыламын?
Күйсөм күйбөсөң күнүм эмне кыламын.
Жансам жанбасаң жаным эмне кыламын?
Сар санаага салдың жаным
Сага кантип жагамын.
Кайырма:
Эмне кыламын, эмне кыламын
Сенсиз жаным эмне кыламын
Арзыганым, махабатым
Жалгыз калтырба сен.
Күтсөм келбесең күйдүм эмне кыламын,
Бассам көрбөсөң ай бактым эмне кыламын
Айтсам укпасаң алтыным эмне кылайын
Сага деген ойлорум ак жүрөгүңө жол табамын.
Кайырма:
Жакшымынбы, жаманмынбы анымды кудай билет,
Актыгымды, шоктугумду жалгыз жараткан билет.
Жакшымынбы, жаманмынбы анымды Кудай билет,
Актыгымды, шоктугумду жалгыз жараткан билет.
Бирөөлөрдү каралабайм, экинчисин актабайм,
Өз жолумда түз жүрөмүн, жамандарды жактабайм.
Оомат келсе, дөөлөт келсе кудайдан деп сүйүнөм,
Дарак болуп мөмөлөгөн жерге карай ийилем.
Оомат келсе, дөөлөт келсе кудайдан деп сүйүнөм,
Дарак болуп мөмөлөгөн жерге карай ийилем.
Эй адамдар кыянатсыз таза өмүр сүйгүлө,
Бул дүйнө өзү жалган дүйнө, аз жашайбыз билгиле.
Сахна жолун тандадым мен, ыр дүйнөнү пир тутуп.
Күрөш менен жашап келем, келечекке умтулуп.
Кайырма:
Байыркы Ош кандай бир кооз кышында да, жайында,
Карааныңды карай берем мен жөлөнүп кайыңга.
Сулайман тоо - пайгамбар тоо жаш перидей көркүң бар,
Адам тургай эрип кетет делебиңе тийген кар.
Кайырма:
Бала тилеп, бакыт тилеп канча элдер сыйынат,
Өмүр тилеп, тынчтык тилеп элим кылат зыярат,
Сулайман тоо - пайгамбар тоо колдоп журөт элимди,
Байыркы Ош кандай бир кооз пир тутамын мен сени.
Теребелип туман каптап турсаң деле сулуусуң,
Үч миң жылды камтып турган улуулардын улуусуң,
Эртең менен намаз үнү көккө бөлөт калааны,
Тоодон чыккан күн шооласы кытыгылайт баланы.
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Сүйүүмдү байкабай сен сезбегениңден,
Күтүүдөн жүдөп келем, кыйналып келем.
Билбейсиң ийилбеген мүнөзүмдү сен,
Каалаган максатыма мен баары бир жетем,
Баары бир жетем.
Кайырма:
Сүйүүңдү уурдап кетем билгизбей сага
Көзүңдү көздөрүмө мен көндүрүп алам
Байланган сезимдердин баардыгын чечип
Көңүлүң жалгыз өзүмө көндүрүп алам
Ызамдан ызгаар болуп чыйрыгат денем
Ыкташып күлүп жүрсөң сен башкалар менен
Удургуп ташкын болуп агылсам дагы
Урагыс пайдубалын мен баары бир жеңем
Баары бир жеңем
Кайырма:
Сүйүүңдү уурдап кетем билгизбей сага
Көзүңдү көздөрүмө мен көндүрүп алам
Байланган сезимдердин баардыгын чечип
Көңүлүң жалгыз өзүмө көндүрүп алам
Апапак ай нуру сырдуу кече
Экөөбүз таанышкан сыйкырдуу кече.
Күлүктөрдөй жарышып, күндөрүм шашат.
Кубанып жаш балача, өмүр бел ашат.
Өзүңдөй жакшы жанга, өзгөчө жанга,
Махабатым жаз болуп, гүлдөрүм ачат.
Көзгө сүйкүм көрүнөт баскан-турганың,
Ышкы дартың ырбатып назик кыялың.
Жалынып бар сөзүңдү талбай угамын,
Жароокерим таркабайт сенден кумарым.
Күнүмсүң, түнүмсүң бакытым өзүң,
Үмүтүм тилегим, жакыным өзүң.
Өмүрлөш, жүрөктө тапканым өзүң,
Кыялымда жашырып бакканым өзүң.
Апапак ай нуру сырдуу кече
Экөөбүз таанышкан сыйкырдуу кече.
Көрүшпөсөк көөдөндө кусалык ташып,
Тартылабыз тагдырдын тоолорун ашып.
Жоодураган көздөрүң күн нурун чачып,
Сен экөөбүз бир бүтүнгө калдык айланып.
Күнүмсүң, түнүмсүң бакытым өзүң,
Үмүтүм тилегим, жакыным өзүң.
Өмүрлөш, жүрөктө тапканым өзүң,
Кыялымда жашырып бакканым өзүң.
Чар тарап жашылга толгон,
Байчечек тоодо гүл ачып.
Бакытка балкыйт сезимдер,
Жаз келди кайрадан көңүлдө шаттык.
Кайырма:
Нооруз майрамы, Нооруз сайраңы
Нооруз кубаныч тартуула.
Өмүр бер жандууга, дем-күч бер алсызга,
Тынчттык бер кадырман калкыма.
Бүгүн той, бүгүн салтанат,
Каткырык, күлкү жаңырат.
Кары-жаш ак тилек менен,
Сүмөлөк кайнатып, таңды аттырат.
Кайырма:
Чар тарап жашылга толгон,
Байчечек тоодо гүл ачып.
Бакытка балкыйт сезимдер,
Жаз келди кайрадан көңүлдө шаттык.
Көздөрүң турат көзүмдө,
Көңүлүң барбы өзүмдө?
Көп жүрүп сендей кызды көрбөдүм мен,
Кыдырып дүйнө жүзүндө.
Көздөрүң сонун, капкара,
Көргөндө толкуйм апкаара.
Толкундап кетем, кара көз,
Эмнеге, кеттиңби жүрөк аңтара?
Жүрөгүм толкуйт апкаара.
Пейилиң сонун ак пейил,
Өзүңдү сүйүп, жан деймин.
Жылмайып койсоң, кара көз, сен мага,
Жүрөгүм толкуйт, кантейин?
Күлбөсөң күйөр асманым,
Күйүттө анда калганым.
Теңсинбей койдуң, кара көз,
Эмнеге, мен сага, тагдырга барбы жазганым?
Жадыраган гүлүм сен,
Жаркыраган күнүм сен.
Ай, жылдызды жамынган,
Ажарланган түнүм сен.
Таңдайдагы балым сен.
Жашоодогу шамым сен
Жан дүйнөмдү жаркытып,
Атып турган таңым сен.
Кайырма:
Сен, ашык кылып өзүңдү,
Бийлеп алып сезимди.
Жүрөгүмө чок салдың
Жүрөгүмө чок салдың
Үмүттүн талаасы сен,
Үзүлбөс санаасы сен.
Көңүлдүн айыкпаган,
Көк чыбык жарасы сен
Махабат ачкычы сен,
Тилектин жакшысы сен,
Маңдайга жазып койсо,
Тагдырдын бактысы сен.
Кайырма:
Сөзү : Тазагүл Зикированыкы.
Обону : Гүлшайыр Садыбакасованыкы.
Дербиштей дүйнө кезип,
Көксөгөн жарым кылым.
Кыйырыңа көзүм жетпес,
Бакыттын даамы сендей.
Кайырма:
Илебиң эс тандырган,
Жүрөккө от жандырган.
Тирүүлүк баары сендей,
Жашоонун шаңы сендей,
Сүйүүнүн даамы сендей,
Баары сендей.
Тирүүлүк баары сендей,
Жашоонун шаңы сендей,
Сүйүүнүн даамы сендей,
Баары сендей.
Төрт мезгил карек салып,
Күн-түнү шыбырт тыңшаар.
Эзилип жол караган,
Күтүүнүн даамы сендей.
Кайырма:
Илебиң эс тандырган,
Жүрөккө от жандырган.
Тирүүлүк баары сендей,
Жашоонун шаңы сендей,
Сүйүүнүн даамы сендей,
Баары сендей.
Тирүүлүк баары сендей,
Жашоонун шаңы сендей,
Сүйүүнүн даамы сендей,
Баары сендей.
Чекте турам, уйку качат жан жолдошум автомат,
Ушул жерден улуу өлкөм кыргыз жерим башталат.
Асмандагы жылдыздарга үмүт менен караймын,
Ушул түнү тынч өтсө деп жараткандан сураймын.
Кайырма:
Мекеним бактысына,
Мен турам чек арада.
Бийик тоолор арасында,
Сагыныч санаасында.
Караңгы түн сүрүлгөнчө жылдыздарды санаймын,
Күтүп жүргөн ай баласын уйкусу тынч апамдын.
Тоонун жели муздак шамал саамайымдан сылачы,
Бейкут болсун Ата Журтум, бабалардын мурасы.
Кайырма:
Ала-Тоодой бийик дайым аталардын тилеги,
Азаптарды көрбөсө дейм апакемдин жүрөгү.
Эгемендүү өлкөм үчүн чекте бекем турамын!
Керек болсо калкым үчүн жанды курман кыламын!
Кайырма:
Нуруңдан өстүм досторум менен
Арман кылбай,
Торолдум сенден, чоңойдум сенден
Токтолуп турбай
Мен үчүн бийик, мекен туйгусу,
Кымбатым калкым
Кубантса деймин, нур чачса деймин
Жаңы аткан ак таңдай.
Кайырма:
Эй, Ата Журтум сен деп жашаймын,
Ар дайым сага бакыт каалаймын.
Эй, Ата Журтум сен деп жашаймын,
Ар дайым сага бакыт каалаймын.
Дүйнөдө көп дейт, өзүңдөй сулуу
Тоо, талаалар.
Мен үчүн сендей ыйык жер жоктур,
Сезимге от жагар.
Бабалар баскан жеринде жашап,
Бактылуумун.
Кайда жүрсөм да, сагынып турам,
Такыр унута албай...
Кайырма:
Адам затка көрк берет, аял-эркек жакшысы,
Үзүлбөстөн уланат үй-бүлөнүн бактысы.
Азаматка буйрусун ата болуу бактысы,
Аялзатка буйрусун эне болуу бактысы.
Мезгилдердин жарчысы, жазы-күзү, жай-кышы,
Бөбөктөргө бөлөнсүн үйдүн төрү капшыты.
Агаларга буйрусун ата болуу бактысы,
Аялзатка буйрусун эне болуу бактысы.
Толкундарды жиреген, турмуш өзү кемеби?
Наристелер бар үчүн дүйнө жүзү кененби?
Эр жигитке буйрусун ата болуу бактысы,
Ай кыздарга буйрусун эне болуу бактысы.
|