|
Коңур күздө түшөт сары жалбырак,
Келчү жолуң күтөм карап жалдырап.
Сүйүүңөргө суктандым мен дегенсип,
Көк асмандан тамчы, тамчы жаш кулап.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел,
Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел.
Сени күтүү - зор бакыттын дал өзү,
Сени күтүү - ак сүйүүнүн өзөгү.
Ал ансайын сендик сезим артылып,
Сага болгон махабатым күчөдү.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел,
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
Батыраак кел күзгү жаанга карабай,
Басалы бул эски бакты аралай.
Сапырылган жалбырактар шуудурап,
Кыялымды алып учат сабалай.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел.
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел.
Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел,
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
Сүйүүлөр анда сүйүү эле, чынында, жаным,
Берилип сүйүп калган элем өзүңдү, жалгызым.
Апакай сезимди жүрөктө сактап жүрөмүн мен дагы,
Андагы сезимди унутпай сен да жашыңды агыздың.
Кайырма:
Эх, сүйүү, сен неге алыссың?
Кайрылып келчи, сага жетпей калыпмын.
Эх, сүйүү, сен неге алыссың?
Бактымды берчи, сагынычым жазылсын.
Алтыным, асылым, арманым,
Жылдыздай жадырап жанганым,
Асманым болгун, ак таңым болгун, өзүңдөй таппадым.
Махабат кайда, сезимдер кайда, табалы, жаным,
Кол сунуп жетпей, күндөрүм өтпөй жүрөктө жалын.
Эртеби, кечпи күттүрбөй келчи, зар болдум өзүңө,
Сагынычтан, кусалыктан саргайды багым.
Кайырма:
Сөзү : Жумакан Тынымсеитованыкы
Обону : Сайыргазы Түркмөновдуку
Ай чыкты тоодон суйкайып,
Олтурсам көлдө жүз чайып.
Сүрөтүң көлдөн көрүнөт,
Сүзгөнсүп аппак жел кайык.
Көксөгөн кыял болчубу,
Көңүлүм көлдөй толкуду.
Ызааттап тосот утурлап,
Ысык бир көлдүн толкуну.
Бешенем жайнап, бой эргип,
Бетимди жуусам бой сергип.
Уучума улам урунат,
Удургуп толкун кол берип.
Берчүдөй эңчи бүгүн мен,
Бетине көлдүн үңүлөм.
Ылдамдап толкун сууларым,
Ыр сүзүп берчи түбүңдөн.
Агарып күмүш табактай,
Асманда сызып барат ай.
Эх, жыргал экен көл жээги,
Турсачы бир аз таң атпай.
Көңулгө батпай, көдөнгө батпай,
Сызылып келди сармерден.
Жашырып катпай, бул жерден айтпай
Айтамын анан кай жерден?
Артыңдан жетпес, кайрылып келбес
Аскалуу бийиик жай белең
Мен түткөн сүйүү,
Мен күткөн сүйүү
Кожожаш менен кайберен.
Кайырма:
Кашыңды керчи, кашыңды серпчи
Кыйналып жүрөм Гүлайым
Суранам келчи, жобуңду берчи
Арманым ашат күн сайын
Жайдары күлсөң, жалгыздап жүрсөң
Кызгана берем Гүлайым
Өзүмдөн качсаң, бурула бассаң
Жүрөгүм оруйт Гүлайым
Сүйүүдө сенин, айтсаңчы деги
Тосоюн кайсыл таңдардан,
Сырыңды сенин, ырыңды сенин
Сураймын кайсыл шамдардан
Сага арналган, өзүңө арналган
Сөздөрүм менин тандалган.
Кыйнаган өңдүү, сыздаган өңдүү
Күүлөрдүн башы Камбаркан
Кайырма:
|