|
Сөзү : Ж.Кайыповдуку
Обону : Ж.Кайыповдуку
Обону : А.Атабаевдики
Ар тараптан куюлуп күүлөр акты, ырлар акты,
Ашыгамын теминип чабдар атты.
Сенин сүйкүм элесиң бажырайып, бажырайып,
Чапкан атка жеткирбей, жеткирбей, бара жатты.
Тоолор, тоолор, тоолор,
Чапкан атка жеткирбей бара жатты, бара жатты.
Сенин күлкүң жаңырса кулагыма, кулагыма,
Окшоп кетет Ала-Тоонун булагына.
Жүз көрүшпөй жаш жүрөк жай алабы, жай алабы?
Жайлоодогу жан сүйгөн, жан сүйгөн ынагыма.
Тоолор, тоолор, тоолор,
Жайлоодогу жан сүйгөн, жан сүйгөн ынагыма.
Тоолор, тоолор тоо койнунда күлүп өскөн, чыкпайт эстен,
Билим улап алыстап сенден кеткем.
Азыр өзүң сүйүүмө күбө болчу, күбө болчу,
Ашыгымды жыттайын, жыттайын сылап беттен.
Тоолор, тоолор, тоолор
Ашыгымды жыттайын, жыттайын сылап беттен.
Сөзү : Т.Байзаковдуку
Обону : С.Искеналиевдики
Сөзү : Т.Байзаковдуку
Обону : С.Искеналиевдики
Кара-Кочкор – ата-бабам өткөн жер,
Киндик каным көздүн жашын төккөн жер.
Бул дүйнөгө келген кезде мен дагы,
Эркелетип эң биринчи өпкөн жер.
Биринчи ирет сага жуугам жүзүмдү,
Биринчи ирет сен көргөнсүң изимди.
Сенде өттү көктөм кези өмүрдүн,
Сен баштадың биринчи өмүр күзүмдү.
Кешиктешмин өзүңө, төрөлгөнмүн.
Кетпейт эстен Сөөк жайлоо, көгөргөнүң.
Канча көрсөм ошончо сүйкүмдүүсүң,
Калп айталбайм күн күбө төбөмдөгү.
Жылдарды ээрчип кош айтышып балалык,
Жигит болдум эртели-кеч таранып,
Кыш чилдеде кыз дилине гүл эгип,
Куттуу таңдар ата берди агарып.
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Түйүнүн тапчу элем түркүн сырдын
Табышмак жылмаюуңа неге сындым?
Сыйкырлап койдуң окшойт көңүлүмдү
Жөн жүргөн жүрөгүмдү эмне кылдың?
Ойлорум сага,
Кыялым сага,
Жан дүйнөм сага, сага
Сен жака барам
Ойлоймун сен деп,
Кыйналам сен деп
Жан дүйнөм сен деп күйүп жанат
Болотко бул жөнүндө, жазса баян
Түшүмдө сен жөнүндө келген аян
Сүрдөтүп сүрдөбөгөн жан элем го
Карасаң көздөрүңдөн неге таям?
Ойлорум сага,
Кыялым сага,
Жан дүйнөм сага, сага
Сен жака барам
Ойлоймун сен деп,
Кыйналам сен деп
Жан дүйнөм сен деп күйүп жанат
Өмүрдө өчкүс болуп,
Көңүлүм калды неге?
Бул кечте сен бирөөнү
Кучактап турган кезде.
Кайырма:
Жок, жок, жок жалган баары,
Мен сага ишенбеймин.
Таптаза ак сүйүүмдү,
Бекитип кишендеймин.
Алтыным, жылдызымсың,
Көзүңдөн нур төгүлгөн.
Билип кой арман кылып,
Өтөөрсүң бул өмүрдөн.
Кайырма:
Сен менден алыстадың,
Мен сенден алыстадым.
Тагдырдын жазмышына,
Алтыным таарынбагын.
Кайырма:
Сөзү : Азада Бегимкулованыкы
Обону : Иштеп чыккан: М.Өтөнбаев, Тотомидин Жолдошов
Кыйналган жүрөгүмдү,
Эми сен эзбе жаным.
Уйкусуз түндөрүмдү,
Арнаган сага баарын.
Кайырма:
Жол карап өттү күндөр ,
Койнумда сагыныч бар.
Үзүлбөй сенден күдөр,
Үмүтүм өчпөй жанар.
Жашырып арманымды,
Жүрөктө сыр сактадым.
Жабыркап калганымды,
Жашырып сага айтпадым.
Кайырма:
Сени менен бирге жүргөн күндөрдө бактылуу эмес белем,
Достор менен чогу ойноп-күлгөндө кайгылуу эмес элем.
Анан кантип сен экөөбүз таарынып, ажыраштык,
Болуп өткөн бул кыямат сүйүүдө, күнөөлүү сенби же менби?
Сен жылмайып мага карап күлгөндө мен бактылуу,
Мен жылмайып сенин бетиң өпкөндө сен бактылуу.
Анан кантип сен экөөбүз таарынып, ажыраштык,
Болуп өткөн бул кыямат сүйүүдө, күнөөлүү сенби же менби?
Болду эми мен ишенбейм, сүйүүгө,
Сүйүп жүрүп калтыргым жок, күнөөгө.
Суранарым сен экөөбүз жолукканда токтобочу,
Көзүң менен сен сүйүп жүрөгүмдү, козгобочу...
Суранарым сен экөөбүз жолукканда токтотпочу,
Көзүң менен сен сүйүп жүрөгүмдү, козгобочу...
Сөзү : Абдырасул Кенжебаевдики
Обону : Расул Маматкуловдуку
Көзүңдөн мөлтүрөгөн карагаттай,
Кайталап карай берем канагатпай.
Сен мени түшүнсөңчү, карындашым,
Сүйүүмө муздак шамал аралатпай.
Ойлонгун күндө мени сагалатпай,
Эзилтип жүрөгүмдү жаралатпай.
Оюма түшө калсаң кечиндеси,
Ойлонуп жата берем таң да атпай.
Бул сүйүү сага деген өтө терең,
“Жок” десең жүрөк менен ыйлай берем.
Сен келип бек кучактап “сүйөм” десең,
Түбөлүк ырахатка батат белем?..
|