|
Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе, калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың сен,
Бул жолуң өтөт билинбей.
Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбайсың сен,
Кызык кез өтөт билинбей.
Күнүгө сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңде сен,
Эс-акыл менен пайдалан.
Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт дейт тулпар тушунда.
Турмушка өчпөс из калтыр.
Туягың бүтүн чагында.
Байкабай, мезгилге кайдигер болуп,
Түн жана кеч, күндүз, таңдарына.
Аз гана өмүрдү өткөрүп коюп,
Өкүнүп арманда калбагыла.
Жайнаган гүлдөр, жагымдуу күндөр,
Жараткан пендесин сыйлаганын көр.
Жанымды эргитип, чертилип күүлөр,
Жанданып өмүрлөр.
Кайырма:
Аруулук менен күн кечип,
Жашаган кандай керемет,
Жашаган кандай керемет, керемет!
Акырын, абайла адашып кетпей,
Азгырык көрсөткөн жолдоруна.
Бактылуу күндөрдүн баркына жетпей,
Өмүрдү өксүтүп койбогула.
Жагымдуу сырлар, жазылган ырлар,
Жазында жадырап жүрбөгөн ким бар?
Жайдары жүрөктөр өзүнчө гүлзар,
Жаш, курак, жылдар.
Кайырма:
Өзүңсүз мен көпкө жүрбөй,
Өмүр сенсиз өтпөчүдөй.
Ойлорумда жалгыз сен гана,
Жыл айланса күн өткөндөй.
Таң атканча уйку көрбөй,
Көз алдымда чексиз айлана.
Эң биринчи махабаттан,
Мен жүрөмүн кача албастан,
Сен сейилдеп күлгөн чагыңда.
Сезилбестен жеңип жалган,
Сени менден бөлүп салган.
Жан үшүткөн салкын жел өтсө,
Бар сүйүүмдү азап кылган.
Байлыктарга азгырылган,
Сен көпөлөк учасың көктө.
Башкалар да билип алсын,
Акчага сен бузулгансың.
Адаштың да кеттиң алыска,
Жаз түгөнүп жай өткөндө.
Жашай албай сен көктөмдө,
Таң алдынан күтөсүң мени.
Жаныма кубат элең, канат элең,
Өзүңчү эч түгөнгүс санат элең.
Сагындым ал күндөрдү, оо, таене,
Зерикпей жомогуңду айтат элең.
Кайырма:
Таене айтып берчи жомогуңду,
Таене сагындым го кошогуңду.
Теңирден күн-түн тилейт элең,
Жетилер азамат болорумду,
Таене айтып берчи жомогуңду.
Чоңоюп эр-азамат болорумду.
Таенем намысыңа суктанамын,
Кажыбас кайратыңан күч аламын.
Эскерүү айтып күндө досторума,
Өзүңдү өмүр бою туу тутамын
Сөзү : Г.Сатыбековдуку
Обону : Г.Сатыбековдуку
Бак тиктик, дарактар да куурап калды,
Тамыры сууга жетпей кургап калды.
Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы,
Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды.
Кайырма:
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен сенден кетким келди, кетейинчи,
Баарын ал, каалаганың берейинчи.
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.
Көңүлгө бир муздактык уюп алды,
Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды.
Койнуңа чакырбачы, эркелетпе,
Жан дүйнөм сенден качып туруп алды.
Кайырма:
Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды,
Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды.
Тумчугам кучагыңда түндөр узун,
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.
Кайырма:
Жашыл гүлдөй жайнаган,
Жагымдуу бир айланаң.
Тазарды го жан дүйнөм,
Жаңыланып кайрадан.
Жашыл гүлүм сен дегем,
Жалгыздыгым көрбөгөм,
Жадырайсың башкага,
Жазыктуумун эмнеден?.
Кызыл гүлдөй жайнагам,
Кымкап сымал айланам.
Кыялбастай сезимим,
Кылчактаймын кайрадан.
Кызыл гүлүм сен деген,
Кымбатымдай көрбөгөн.
Күлүмдөйсүң башкага,
Күнөөлүмүн эмнеден?
Таалайымсың дебестен,
Таарындың не себептен?
Арман болуп өтпөчү,
Асылымсың тең өскөн.
Ушунчага бардыңбы,
Ушак угуп алдыңбы.
Угузчу бир сөзүңдү,
Убададан тайдыңбы.
Сөзү : Г.Рысбаеваныкы
Обону : Айбек Карымовдуку
Сени таштап учуп кетсем куш болуп,
Таалайыма ушул тагдыр туш болуп.
Таарынбагын өзүң болдуң себепкер,
Көңүлүмдүн калганына суз болуп.
Кайырма:
Жаным сыздап, ооруп турат жүрөгүм,
Жалгыздыктан абдан тажап жүдөдүм.
Жакынымдан айрылуу да бат беле,
Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм.
Көздөрүңдө турган жашың термелип,
Көкүрөктө калар балким сыр болуп.
Көрө билип көңүлүңдө туя жүр,
Кайтып келем сага жакшы ыр болуп.
Кайырма.
Жакшы көрүп жаным бирге деп жүрсөм,
Жан дүйнөңдө жасалмалуу жан белең.
Жаман айтып жүрөгүмдү ооруттуң сен,
Кандай жансың жакшылыгым сезбеген.
Кайырма.
Сөзү : Эрик Кадырбаевдики
Обону : Эрик Кадырбаевдики
Саргайып жерге түшкөн,
Жалбырак эстеттиби?
Санаадан сапырылган,
Сагыныч эңсеттиби?
Алыска сапар улап,
Учушкан каркыралар.
Биз үчүн өмүрүбүз
Кайрылып келбестигин.
Кайырма:
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Ал күндөр сагынсам да.
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да,
Кайрылып кайра келбес.
Тагдырга таарынсам да.
Мезгилдин дабасын көр,
Ааламды магдыраткан.
Абасы салкындуу төр,
Үзүлгөн жалбырактан.
Түндөсү жымыңдаган,
Ажайып ай, жылдыздар.
Саманчы жолун улай,
Мен сага бара турган.
Кайырма:
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Ал күндөр сагынсам да.
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Тагдырга таарынсам да.
Күндөрүм өтүп барат,
Бул мезгил баянынан.
Бала чак артта калып,
Жаштык кез сапарынан.
Табылбас сендей мага,
Бул дүйнө алкагынан.
Сен үчүн из калтырам,
Ак сүйүү барагынан.
Кайырма:
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Ал күндөр сагынсам да.
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Тагдырга таарынсам да.
Ушул ырды сага арнасам,
Ырдагандан эч талбасам.
Жанашкан жарым бар туруп,
Болбойт го сени алдасам,
Болбойт го колуң кармасам.
Кайырма:
Мажүрүм талдай ийилген,
Ыйманы ачык билинген.
Ак-Буура бойлоп жолуктум,
Аттиң, ай, болсоң колуктум.
Таза сенин дилиңден,
“Ака” деген тилиңден.
Ах, кара карагат көздөрүң,
Балдан да таттуу сөздөрүң.
Канткенде сени унутам,
Эртелеп сага жолуксам,
Түгөйүм болмоксуң жоолукчан.
Кайырма:
Жаздыкка жашым тамчылап,
Жүрөктү эздиң жанчылап.
Болду эми түшкө кирбечи,
Тааныба, такыр билбечи,
Жөн гана көргөндө сиз дечи.
Кайырма:
Төрөлүп, айылымда өспөдүм,
Чоңоюп жеримди мен көрдүм.
Түйшүгүн тарттым алыстын,
Сагынбай сени койбодум.
Турпагың алтын Кичүү Ак жолум.
Кайырма:
Койнуңда кыр ашып ойнобой,
Сууңдан ууртадым бойлобой.
Топурак чаңыткан жаш балдар,
Көргөндө жүрөгүм сыздады, ай,
Айылымда өспөдүм аттиң, ай.
Түн ичи жылдыз жымыңдап,
Ак мөңгү баскан чокулар.
Жылт десе жүрөк жылыткан,
Айлымдын өчпөс оту бар,
Айланам сенден туулган жер.
Кайырам:
Артыктай көрүп жанымдан,
Алыстап жүрсөм сагынам.
Кыскандай Эгем бооруна,
Кымбатсың мынча баарынан,
Айланам сенден туулган жер.
Кайырма:
|