|
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Билбейм кайдан жаралгансың сен мага?
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай!
Же болбосо сен жаралып мен үчүн,
Жаралганда мендик болуп жаралдың.
Айтчы, жаным, а болбосо эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?
Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да, ойлоруңа киришкен.
Биз экөөбүз, эки сандай барабар,
Биз экөөбүз, эки суудай бириккен.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай.
Башкалардын, башкалардын
Миңи сага татыбай.
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Эстечи Асель сага келгенимди,
Эстейсиңби сыя гүл тергенимди.
Мен жокто сылай жүр деп саамайынан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.
Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келээрмин аман болсо сени издеп.
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.
Жаштык кез ырын ырдайлы,
Жалындап күйүп жыргайлы.
Жүрөктөр жакын экенин, ээ-эй,
Жүзүбүз айтып турбайбы.
Ашыктык ырын ырдайлы,
Алышып ойноп-жыргайлы.
Көңүлдөр туура келгенин, ээ-эй,
Көздөрүң айтып турбайбы.
Санаамдан чыкпай кыялың,
Сарсаамал жыттуу ынагым.
Сабырың бошоп өзүңдөн, ээ-эй,
Сагынам, кандай кыламын?
Жолукчу мезгил бүдөмүк,
Жолубуз башка түбөлүк.
Кыйышпас эркем, эсен бол, ээ-эй,
Кыялда бирге жүрөлү.
Эстесем дайым өзүңдү,
Суз басат шайыр көңүлдү.
Сагынып сага келемин,
Айылым - алтын бешигим.
Кайырма:
Туулган айылым,
Балалык чагым.
Алыстап сенден,
Түшүндүм баарын.
Туулган айылым,
Сагынып келдим.
Алыстап сенден,
Баркыңды билдим.
Барарым менен өзүңө,
Кериле басам көчөңдө.
Досторум мени күткөнсүп,
Сагыныч турат жүзүндө.
Кайырма:
Айылдын жийде жыттарын,
Келип бир турат жыттагым.
Кантсе да мага кымбатсың,
Сени мен даңктап ырдаймын.
Обону : Ж.Шамшиевдики
Балбылдап улам мени эстеп,
Бассам да, турсам сени эстеп.
Башкага көңүл бурулбайт, ай,
Баягы күндөр элестеп.
Эркелей калсаң артылып,
Эт жүрөк чери жазылып.
Аралай кирип кетчү элең, ай,
Алмалуу бакка жашынып.
Бул кезде анын бири жок,
Буркурайт жүрөк тили жок.
Бир сөзгө анча таарынып, ай,
Каякка кеттиң жиби жок?
Сен үчүн далай ырдадым,
Дагы эле келет ырдагым.
Кетирген күнөөм мойнумда, ай,
Кечирип койсоң, жыргалым.
Атыңдан кагылайын, алтын апа,
Алыста жүргөнүмө санаа тартпа.
Максаты ар бир жаштын билим алуу,
Азыркы гүлдөп турган ушул чакта.
Кайырма:
Алтын апа, болбочу капа,
Уулуң үчүн санаа тартпа.
Алтын апа, кат жазам сага,
Сен мен үчүн санаа тартпа,
Алтын апа.
Күнүгө үйдөн чыгып жолду карап,
Жүргөндүрсүң келсечи деп күндү санап.
Максатым - адам болуу дал өзүңдөй,
Элиңдин керегине турган жарап.
Кайырма:
Эстеймин сенин жумшак колдоруңду,
Ал колдор көрсөткөнсүйт жолдорумду.
Оболоп жылдыз болуу - улуу максат,
Жетелеп ээликтирет ойлорумду.
Уккун мени кыргыз элим,
Киндик каным тамган жерим, ай.
Манас өңдүү жигиттериң,
Сулуу кыздай келиндериң.
Келе жаткан Нооруз менен,
Куттуу болсун ырым дедим.
Кайырма:
Нооруз майрам, ырыс майрам,
Бабалардан мурас майрам.
Ак калпакчан кыргыз майрам,
Нооруз майрам, бул майрам.
Нооруз менен жер ойгонот,
Жер жүзүндө эл ойгонот, эй.
Эл ичинде эр ойгонот,
Эр төшүндө ыр ойгонот.
Көкүрөктү эзип келген,
Кыз төшүндө сыр ойгонот.
Кайырма:
Нооруз менен жаз башталат,
Ак сүйүүгө сөз ташталат, эй.
Куттуу болсун махабатың,
Аман болсун асыл башың.
Кыргыз элим көптөн күткөн,
Келе берсин ушул жазым.
Жыттуусу сенсиң гүлдөрдүн,
Назиги сенсиң үндөрдүн.
Сүйлөсөм сага жолугуп,
Жыргалы ошол күндөрдүн.
Кайырма:
Багым бар, багым бар,
Багымда чүрөгүм бар.
Маңдайында келишкен,
Чүрөгүмдүн калы бар.
Башкадан сени кызгандым,
Чүрөгү белең кыздардын.
Жүрөгүм сүйүп жактырдым,
Мүрөгү белең жыргалдын.
Кайырма:
|