Нурлан Насип "Бүгүн сенин туулган күнүң"
Жанр:Поп
00:04:02
50,37 Мб
Жүктөлгөн: 02-06-2014


Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики

Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат,
Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап.
Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам,
Ар жыл сайын, ай, уланат.
Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр,
Туулган күн шаңга бөлөнөт.

Кайырма:
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Амандыкты тилейли,
Ден соолукта жүргүн.
Ачылсын ар дайым
Жаштык өмүр гүлүң,
Бактың, сүйүүң.
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Ата-эне бир тууганга,
Алтын башты ийгин.
Жашоонун кадырын
Узак жашап билгин,
Ойноп-күлгүн.

Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап,
Жакындарың кымбат белек алып камданат.
Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп,
Куттук сөздөр, ай, арналат.
Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген
Эх, кандай сонун салтанат, эй.

Кайырма:

  • Currently 4.44/5
(9 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (128)

05.06.2014. 00:46
 shaiyrkyz
Биз тобунун туулган кун жонундогу ырына окшоп эстен кеткис ырлардан болуптур, туулган кун ж.до коптон бери мындай сонун ыр чыга элек эле,негизи Нурлан жакшы ырларын чыгып жатат жылдыз оорусу менен эле ооруп калбайсын деген ойдомун.
05.06.2014. 02:10
 sergo
Клип катардагы сапатуу клип баягы эле кымбат машина ресторан сулуу кыз одни панты. а ырга келсек супер.унун да аябай жагат мага.
05.06.2014. 02:20
 Ханбийке
Кыз "Браво" филминдеги башкы рольдо ойногон кыз экен.
05.06.2014. 08:11
 aura2013
Баары сонун болуптур, ырды дагы клипти дагы клиптеги бала дагы аябай жакты))
05.06.2014. 11:40
 golden_boy_KG
татынакай кыз го я)))
05.06.2014. 13:00
 baiyshvip
Клип аябай жакшы болуптур шериктер бирок Бала облом болгонго ха хаМодератор admin_media түзөттү 09.06.2014 15:04
05.06.2014. 14:27
 Bakuli12
Аябай сонун клип болуптур!Негизи Нурлан Насиптин ырларынын мааниси жакшы!
05.06.2014. 16:08
 nurando
Кыз еле жактыы
05.06.2014. 17:33
 nurizka
Бул кыз Нурлан Насип тартылган Браво кинотасмасында да катышкан аябай татынакай,сулуу кыз. Анан да айтам кетсем жигиттерден Замир деген бала жакшы аткарыптыр
05.06.2014. 22:06
 elvira1980
Ыр деп ушуну айтыш керек,клип дагы жакшы Нурландын ырлары уккулуктуу АЗАМАТСЫН!
06.06.2014. 15:23
 madi.love77
Нурлан байке сизге чыгырмачылык ийгилик.Ыр дагы клип дагы сонун.

07.06.2014. 18:59
 moon.alty6a
Ыр аябай жакшы аткарылган, клип да жакшы тартылыптыр. Бир аз болсо да жылыш бар азыр клип тартууда. Ийгилик Нурлан
08.06.2014. 01:23
 aman94el
клиптин коркун клиптеги кыз ачыптыр сулуу кыз экен..мма
08.06.2014. 23:53
 elvira1980
Нурлан клиптери бардыгы жакшы ыры менен дагы топ келишет эч кандай минус жок жакшы азаматсын!
11.06.2014. 10:12
 Muslima1696
Мага жакты, аябай сонун тартылыптыр...
13.06.2014. 11:59
 B.o.s.s
Замир го ???
15.06.2014. 11:22
 Chyngyzhan01
мага клиптеги кыз жакты суйуп калдым ушул кызды таанып билгендер болсо мага номерин или логинин алып бергилечи сураныч
16.06.2014. 18:04
 mediko.nurlanovna
Азаматсыз Нурлан байке! ыр жакшы чыккан екен! Клип дагы аявай суктанарлык ,сиздин унунуз,сулуу сулуу кыздар,балдар.Алардын аткаргандары сиздин ырыныздын коркун ачкан!
16.06.2014. 18:38
 admin_superstan
bib, аймактык бөлүнүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
20.06.2014. 14:51
 admin_superstan
Ulashkin1717, маанисиз билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз!
20.06.2014. 21:08
 faha
menden +5
21.06.2014. 13:49
 mirledi83
Ыры да, клиби да жакты, жакшы болуптур,Нурлан иштерине ийгилик каалайм!
21.06.2014. 14:57
 Almanbet
Жакшы болуптур, жакты.
21.06.2014. 18:54
 miki87-06
Иштетип жүргөн соткасы болчу ал.
26.06.2014. 03:20
 Mirba24
Нурлан ак көңүл бала. Ушунусунан жазбаса тарыхта калуучу ырчы болот.
27.06.2014. 08:16
 Eseke2013
ото жакшы ырга да клипке да 5+5 кочкордо баары ушул ырды угуп журушот жакшы нурлан байке дагы да коп коп жакшы ырларды чыгара бериниз
27.06.2014. 09:17
 baha08
соонун баары
01.07.2014. 02:01
 rey
azamatsyn Nurlan, yry da klip da mega sonun chygyptyr, alban iygilikterdi kaalap ketmekchimin !
02.07.2014. 17:13
 mersedes2013
молодец Нурлан .аябай сонун ыр жана мыкты клип
06.07.2014. 08:17
 Bars-13
Ыр дагы клип дагы сонун.мен кечке угам тажабай +5
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: