Нурлан Насип "Бүгүн сенин туулган күнүң"
Жанр:Поп
00:04:02
50,37 Мб
Жүктөлгөн: 02-06-2014


Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики

Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат,
Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап.
Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам,
Ар жыл сайын, ай, уланат.
Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр,
Туулган күн шаңга бөлөнөт.

Кайырма:
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Амандыкты тилейли,
Ден соолукта жүргүн.
Ачылсын ар дайым
Жаштык өмүр гүлүң,
Бактың, сүйүүң.
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Ата-эне бир тууганга,
Алтын башты ийгин.
Жашоонун кадырын
Узак жашап билгин,
Ойноп-күлгүн.

Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап,
Жакындарың кымбат белек алып камданат.
Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп,
Куттук сөздөр, ай, арналат.
Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген
Эх, кандай сонун салтанат, эй.

Кайырма:

  • Currently 4.44/5
(9 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (128)

02.06.2014. 20:56
 nietkabyl
Адамдын пейили кандай болсо кылган иши да ошондой болот емесби,Нурлан байке ачык муноз дайым жылмайып шайыр жургон ырчы озуно жараша супер клип болуптур,дагыда жакшы клиптерди жарата бериниз ийгилик сизге
02.06.2014. 21:33
 KGZ.KG.9695
Эн соонун клип болуптур
02.06.2014. 21:38
 alai81
Клип жакшы болуптур азамат.туулган кунго келип алып анан белеке чуркаганы жакшы экен.
02.06.2014. 21:51
 Nurzada88
Супер клип азаматсын Нурлан! Ийгилик бийиктиктерди багындыра бер.
02.06.2014. 21:53
 Nurzada88
Сулуу кыз тандаптырсын клибине. Татынакай кыз экен.
02.06.2014. 21:57
 dodo
вааааууууууу проста супер.... Нурлан 11 июль менин туулган кунум 23 жашка чыгам буйруса. Чакырам келип ырдап берип койбойсузбу сураныч.Ага чейин сиз менен байланышам.... рахмаат
02.06.2014. 22:18
 elvira1980
Аябай сонун клип болуптур азаматсын Нурлан силерден дагы да жакшы ырларды кутобуз!Силер менен сыймыктанабыз!
02.06.2014. 23:27
 asanbekov
кыз сулуу экен.
03.06.2014. 00:01
 13-nazi
Жакшы клип болуптур, Нурлан ийгилик
03.06.2014. 03:11
 almaz90
Соз жок ырга да,клипке да беш бееееш..!
03.06.2014. 03:17
 ilgiz-kg01
bravoo!!
03.06.2014. 03:51
 Nestandarejan95
Эн мыкты денгээлде болуптур!
03.06.2014. 04:22
 justbs
super,klip aiabai jakty
03.06.2014. 06:07
 Supataev.Salamat
Жакты коргондон тажабайсын
03.06.2014. 06:49
 melek1
Yryn ugup nakta tuulgan kundordo yrdala turgan yr eken dep koidum ele.klip da jakwy 4ygyptyr.anan uluk baikenin kulgonunon go kulgonunon))))))
03.06.2014. 08:46
 suyom_seni
базар жок!! Азаматсыз Эрнис байке!!
03.06.2014. 09:26
 danko2012
Жакшы болуптур!!!Ийгилик!!!
03.06.2014. 11:57
 bajzhan2003
Обычно продуктовый магазиндер кругло суточно иштейтко. Клипте тирик койон подарка кылганы окшобой калыптыр.
08.06.2014 09:02
Multicam
bajzhan2003,
тирик коен :-)
03.06.2014. 13:32
 goodman02
No nameдеги балабы клиптеги
03.06.2014 20:02
kaisar
goodman02, таптын
03.06.2014. 13:42
 Нуркыз Курманбек кызы
Тааааааак, бул клип деле нормальный. Актерлору жакшыле аткарыптыр, тусу да жайында бирок Нурлан темпке карабай, ырдын обонуна карабай шашылып 24-саат деген магазинге бараткандай басып коюптур ошонусу жакпады
03.06.2014. 13:49
 madi.miss
Супер ыр болуптур ийгилик нурлан
03.06.2014. 18:42
 Mister.Erik
азаматсын ийгилик сага
03.06.2014. 19:03
 Alai.kyzy
Клип мага жакты. Клиптеги кыз аябай чырайлуу экен. Жигиттердин актерлук чеберчилиги жакшы! Нурлан музыканын темпине жараша басса болмок.
03.06.2014. 21:38
 elvira1980
alai81 бала подаркасы менен келип досторуна алдырып ийбедиби.Шакек алып келген экен да.А так клипке соз жок.Нурлан азамат биз сен менен сыймыктанабыз Мазар-Суу айылынан эжен.
03.06.2014. 22:10
 justbs
klip suuuper birok 1 kata bar eken))rafaellonun i4inen telefendu alyp 4ykkany telefondun syrttyn tappay koydunarby emne))je bayakabai kalywat dedinerbi tuwunbodum
04.06.2014 12:28
jalgyzdyk
justbs, вообще то бул сюрприз деген мааниде мен ошентип эле тушундум
05.06.2014 14:31
Bakuli12
justbs, атайын озгочолонтуп сюрприз кылган ,не обычный подарок молодец!
03.06.2014. 22:30
 Aikoo2014
Ыргада клипгеда +5
04.06.2014. 02:11
 tavsan
maga ayabai jakty yr dagy klip dagy
04.06.2014. 03:19
 Baktyluumun
Super!
04.06.2014. 16:43
 kg5stan
Басбай ордунда ырдаса жакшы болбосо ххх ххх нурландынМодератор admin_media түзөттү 04.06.2014 18:01
04.06.2014 18:03
admin_media
kg5stan,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
04.06.2014. 19:25
 kyzymka
сонун клип болуптур 5деген баа берем ийгилик сага...
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: