Нурлан Насип "Бүгүн сенин туулган күнүң"
Жанр:Поп
00:04:02
50,37 Мб
Жүктөлгөн: 02-06-2014


Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики

Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат,
Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап.
Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам,
Ар жыл сайын, ай, уланат.
Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр,
Туулган күн шаңга бөлөнөт.

Кайырма:
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Амандыкты тилейли,
Ден соолукта жүргүн.
Ачылсын ар дайым
Жаштык өмүр гүлүң,
Бактың, сүйүүң.
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Ата-эне бир тууганга,
Алтын башты ийгин.
Жашоонун кадырын
Узак жашап билгин,
Ойноп-күлгүн.

Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап,
Жакындарың кымбат белек алып камданат.
Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп,
Куттук сөздөр, ай, арналат.
Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген
Эх, кандай сонун салтанат, эй.

Кайырма:

  • Currently 4.44/5
(9 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (128)

02.06.2014. 10:10
 dastan_nookat
Супер Клип нурлан азаматыз мага жакты! Эн жакшы!
02.06.2014. 10:10
 Нуркыз Курманбек кызы
Кыскасы олдум дей бер(((((((((((((((((((((((((((((((((((((((((((((((((((((((((
02.06.2014. 10:27
 kama_future_millioner
Жакшы клип болуптур
02.06.2014. 10:55
 doooron
Нурлан мына эми клиптерине мани бере баштапсын клипке 5+ деген баа бердим жонокойлук суйуу ортодо женип кетиптир
02.06.2014. 11:17
 burka
клип шик болуптур чындыгында
02.06.2014. 11:31
 Floweryface
Мына ушундай клипти кутуп жаттым эле, азаматсын Нурлан!
02.06.2014. 12:47
 elamannn
ernis brat krasavchik
02.06.2014. 13:00
 Mechtatelnisa
клипке соз жок бирок коруп жатып улам нурландын башкача болуп дагы ырдашын куттум эле бирок эки эле кастюм менен бутуп калды,эми муну жеке мен куттум эле просто Нурланды кобуроок коргум келип анан коро албайсын андай мындай боп кетпесин. Негизинен клип соонун.
02.06.2014. 13:16
 Berdikulov
Эн жакшы клип
02.06.2014. 13:25
 aika_sv
Ыр мага жаккан, клип да жакшы экен.
02.06.2014. 13:33
 joodar.kg
Кеч болсо да алып келиптир подаркасын азаматсын ,клип супер ийгилик сага Нурланчик!
02.06.2014. 13:35
 nuri.88
Азаматсын Нурлан. Клип сонун,чыгармачылыгына ийгилик. Дагы сонун ыр,клиптерди кутобуз.
02.06.2014. 14:49
 wustraya
Клип сонун чыгыптыр, аябай жакты клиптеги кыздарда, жигиттерда сулуу экен
02.06.2014. 14:50
 merinargiz
Ыры сонун клиби да жакшы,аябай жакшы сонун болуптур.
03.06.2014 04:45
bishkek.kg
мыкты болуптур !! АЛГА!!
02.06.2014. 15:31
 Samat.A.A
Оноло баштаптыр а то бир кызды бир жерге камап туруп эле клип тарта берчу. Озуда коруп уялганга. Же кармандар бекер тартылып берген))
02.06.2014. 17:04
 advert
хороший клип!
02.06.2014. 17:08
 Beka.Alay
Ушул убака келип "Народныйда" тируу коен сатканын билбептирмин азаматсын Нурлан аябай сонун клип болуптур дагы да иштей бер
02.06.2014. 17:12
 ferrari1
о!мыкты!сонун чыгыптыр!
02.06.2014. 17:13
 Akun9
музыкасы миллион алых роз, деген ырдын музыкасын эле кичине озгортуп койуптур
02.06.2014. 17:18
 nuria karakol
Мыктынын мыктысы!

02.06.2014. 17:35
 elya-jan
super :)
02.06.2014. 17:36
 peri...97
Женгис гоооо.....молодец жакшы аткарыптыр....
02.06.2014. 18:15
 Akun9
чындыгында сонун ыр экен, аябай жакты... Молодец Нурлан
02.06.2014. 18:44
 orhideya
Нурлан алга! Дагы да оркундой бер!
02.06.2014. 18:54
 Alicia
oo kklassnyi klip! men tynchsyzdanyp kettim emi emne bolot dep
02.06.2014. 19:08
 Almaz-93
Зынк !! Пугачованын миллион розасына окшош экен музыкасы
02.06.2014. 19:09
 admin_media
Ananasky,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат?
02.06.2014. 19:44
 AMAH-2
Мына ушуну клип десе болот.Азаматсың Нурлан!
Туулган күнү болгон кыз жакшынакай экен.
02.06.2014. 20:14
 Mariyana
Так держать молодец.
02.06.2014. 20:20
 Tomega
Соонунго.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: