Самара Каримова "Өрүкзарга кетели"
Жанр:Эстрада
00:04:00
46,29 Мб
Жүктөлгөн: 27-10-2014


Сөзү:М.Тураеваныкы
Обону:А.Жайнаковдуку

Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.

Мөл булакка барабыз ай тоскону
Ат жалында шамалга ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.

Айлуу түндө никелеп сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздардын терели чачыласын,
Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.

Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.
  • Currently 4.55/5
(11 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

27.10.2014. 15:38
 gulsan
Мынча соонун, Ырды соонун ырдаптыр, Айлананын кооздугунан козун уялат, Кыз менен жигит куп эле жарашып калыптыр. Сезимдери даана билинип, рольдорун ачып бере алышкан. бийлеген жеричи ииий соз жок! Азаматтар!!!!!
27.10.2014. 15:52
 g.jumabekova
Сонун клип. Жакты. Самаранын уну укмуш да. Конкурстарга катышса женмек.
27.10.2014. 16:44
 akula79
мага да клип жакты...клиптеги бала сулуу экен...
27.10.2014. 17:26
 esennnn
Оох жазды сагынып кеттим суйгум келип кетти. Кызда балада жакшы аткарыптыр азамат Самара мага жакты .
27.10.2014. 18:00
 uylaak
сонун жакты .Самара эже жакшы клиптерди тартып баштады азаматсыз...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: