Самара Каримова "Эстелик"
Жанр:Эстрада
00:04:33
56,75 Мб
Жүктөлгөн: 23-04-2015


Сөзү:А.Жакыповдуку
Обону:Х. Азиреткуловдуку

Аттанган туулган жер үчүн,
Аттанган кутман эл үчүн.
Гүл коюп, эскер, ыйлап ал,
Уулуңар, жоокер эл үчүн

Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.

Жан берип кандуу кармаштан,
Кайткан жок, кайра батыштан.
Эстелик болду эми алар,
Түбөлүк отту жагышкан.

Кайырма:

Тосушуп таңды атарда,
Узатып күндү батарда.
Түбөлүк тирүү турушат,
Уулуңар биздин катарда.

Кайырма:
  • Currently 4.82/5
(22 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (61)

23.04.2015. 09:53
 elaman_sulaimanov86
керемет клип болуптур, рахмат ушундай патриот ырлар, патриот ырчылар кобойуп турсун!
23.04.2015. 10:42
 zamirabegim
Азаматсын Самара жакшы ырдаптырсын.Кичинекей кезибизде дайыма 9-майда ушул ырды ырдачу элек окуучулар.Самат Садыковдун да эстелигин кошуп койсон болмок экен.
23.04.2015. 11:57
 Alisher
Maaniluu en jaksi irdi jaksi atkargan jana klipda en jaksi den dengeelde boluptur.Irdi ugup okuuculuk kundordogu 9 maydi mayramdagan ubaktar eske keldi.
23.04.2015. 12:03
 Ayda0408
Эн жогорку денгээлде болуптур!
23.04.2015. 13:23
 rnurzida
Тээ илгери мектеп убагында ырдачубуз. Керемет сөздөр менен жазылган ыр. Самара жакшы ырдаптыр. Клип да жакшы.
23.04.2015. 13:25
 geniy
Ыр да клип да сонун болуптур
23.04.2015. 14:35
 g.jumabekova
Супер ыр супер клип
23.04.2015. 14:36
 fanatka19
Азамат 9чу майга карата сонун ыр.Модератор admin_media түзөттү 2015-04-23 15:24:04
23.04.2015. 14:49
 marlisboy
Азамат кыз. Эмне кийсен да жарашат. Мектепте аткарчу элек солдат болуп))) клипке 555555555555555 ырга666666 сулууга+++10 жагат
23.04.2015. 15:08
 aikol87
Самара озу таланттуу,сулуу айым.Ун десе ун бар.баардык ырды тубуно жеткире ырдай.Бирок бир кемчилиги аракет кылып озу жаны ырларды ырдап чыкпайбы жалан эле эскилерди ырдай бербей.
23.04.2015. 15:38
 Oi_pikir
1 пайыз талант, 99 пайыз аракет керек дейт... Самара ошону далилдеп жатат. Үнү начар эмес. Мурун бул ырчыны эптеп-септеп ыр жаздыра калып, эки күндүк клип тарта берет... деп жактырчу эмеспиз Бул ыр, аткаруу мактоого татыктуу болуптур. Клип дагы начар эмес.
23.04.2015. 16:12
 Нуркыз Курманбек кызы
э болот экенго Самара жакшы клип тартса. Азамат эй.
23.04.2015. 16:41
 Jaz3
молодец ыйлагым келип кетти
23.04.2015. 17:03
 Nazmirjaz
айланайын озун зордоп жатып ырдаптырго эмнеге озун кыйнайт деймда уну жетпесе
23.04.2015. 20:15
 pirim77
Ар кимдин ырын эле баса калып ырдай берет экен да да ХХХ! озуно тиешелуу сагындым атамды дегени эле мыкты чыккан, Алла Пугачеванын ырын ырдаган сон кыргыз ырчыларынын ырын ырдоо не болуп калыптыр чиркин бугаМодератор admin_media түзөттү 2015-04-24 09:54:30
23.04.2015. 20:24
 Salman777
ХХХ ХХХ Самара ырдабай ким ырдасын.. туура айтасынар ар кимдин ырын ырдап эле акча таап атат..озунун ырлары барбы дегиМодератор admin_media түзөттү 2015-04-24 09:57:01
23.04.2015. 22:18
 aijan00
Ушул ырдын текстин кошуп койгулачы
23.04.2015. 22:43
 ULUUBEK.KG
Кимге кандай билбейм мага жакты зор ырдаптыр. Коро албагандар калемпир шимигиле)) ушул созунорду Самара укса))) алга алга баракелде
24.04.2015 10:51
zinaniz
ULUUBEK.KG,Самара укса эмне болуптур.биз комментти окусун, уксун деп жазсак керек.
24.04.2015. 00:02
 airwater
Сезимди ала-салдырган бул гениалдуу ырдын денгээлине жараша жакшы клип тартылбай журот. Жогорудагы клиптин эч кандай озгочолугу жок. Козубуз конуп буткон согуштук кадрларды чаптаган. Эстелик жанына келген апа да жеткиликтуу аткара алган эмес. Эсиниздерде болсо, Роза Аманованын "Ооган ыйында" Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетова кандай гана келиштире ойногон. Мин тамырынды сыздатып, козуно жаш алууга мажбур кылат. Самаранын унундо болсо бул ырга болгон сезим жок.
24.04.2015 00:37
Nuraza
airwater, туура айтасын мен да сага кошулам. Мындай Дуууун этчу озгочулук жок экен, аткаруу мыкты болсо эптеп септеген ырларда эсте калат го! Тема, клиби жакшы эле бирок аткаруусу томон!
24.04.2015 18:31
peki
airwater, туура айтасын эч кандай озгоруу жок. Эми эптеп 9майга жан талаша чыгарды да.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: