Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова "Бакыт издедик"
Жанр:Поп
00:03:38
57,07 Мб
Жүктөлгөн: 16-05-2015


Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет,
Ар жүрөккө бирден түгөй берет.
Ишене бергин жалган жашоодо,
Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт.

Билемин, жаным, ишениш керек,
Мындай сезимди жүрөк сезе элек.
Кыялдарымды өзүңө арнайм,
Жакшы тилектер кепилдик берет.

Кайырма:
Сен, мен, бакыт издедик,
Тандап кимди сүйбөдүк?
Бакыт дайыма жанаша,
Жүрсө неге сезбедик?

Махабатыбыз ынтымак берсин,
Бакыттын даамын жүрөктөр сезсин.
Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын,
Салкындап кетпей, эселеп өссүн.

Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым,
Көп жигиттерден бир өзүң жактың.
Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем,
Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым.

Кайырма:
  • Currently 4.82/5
(57 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (101)

16.05.2015. 18:20
 rah
жакшы клип болуптур сайкалдын мимикалары жакшы озуно жарашат алга
18.05.2015 21:28
zina_NUR25
rah,Мимикалары го жакшы,бирок ото катуу озун ачып кулуптурМодератор admin_media түзөттү 2015-05-19 12:12:13
16.05.2015. 20:22
 Aselya_9105
Азаматтар, клип да ыр да жакшы болуптур. Өздөрү да жакшынакай, сүйкүмдүү, таланттуу ырчылар.Өзгөчө Нурлан. Экөөңөргө тең чыгармачылык ийгилик.....
20.05.2015 00:06
zoro21
Aselya_9105,Иляз Кудретов корсо кызганат эми)))Сайкал Иляздан айрылып калба!
16.05.2015. 21:32
 upol92
Сооонун ийгилик. Сайкал эн назик эн татына
16.05.2015. 22:43
 lale82
молодцы!просто супер!
16.05.2015. 23:57
 omurzak
Сонун
17.05.2015. 00:52
 jalguzum
Клип эн соонун, формалары да жарашып жакшынакай болуп турат кайра кайра кордум тажабай
17.05.2015. 01:09
 Naku01
Соонун чыгыптыр ийгилик сиздерге Сайкал жакшы аткарган и ырдаган
17.05.2015. 02:31
 mascha
Abdaaan jakty ,kaira kaira korup atam
17.05.2015. 10:38
 burulu
экөө үйлөнсө сонун болмок
21.05.2015 23:55
AFRODITA-89
burulu,экоо уйлонсо Асель не болот ыйлайтго... Сайкал аябай сонун аткарган Нурлан болмо мыкты жигит ошон учун да супер мырзада!!!!
17.05.2015. 11:43
 shamilaisan
Жакшы бирок клип анча болбой калыптыр
17.05.2015. 12:55
 Lisun
ХХХ ХХХ ХХХ Сайкал более похожа на певицу и по внешностью.Видно что ухоженная.Да и клип очень простой.Модератор admin_media түзөттү 2015-05-18 11:32:06
17.05.2015. 14:20
 Gulshan_kf
Jakshy klip boluptur)
17.05.2015. 19:47
 bliznesy
жакшы ыр жакшы клип болуптур.
17.05.2015. 21:20
 sonka89.
Клиптеги баланын соц сеттеги ссылка сын бергилечи ....инсаграмдагысы болсо жакшы болмок
17.05.2015. 21:36
 Koshaly
Бул клип аябай жактты ))
17.05.2015. 21:37
 borbuk
Боя ушакчылар болду еми
17.05.2015. 23:36
 Mirba24
Клип жакты. Сонун. Базар жок.
17.05.2015. 23:44
 Abaika22
Клип дагы, ыр дагы аябай жакшы чыгыптыр. Сайкал как всегда красавица))) бирок клиптеги бала такыр жакпайт да, башканы эле тартса болмок(((
31.08.2015 18:15
tagokg
Abaika22, бардык ырчылардын кыздарын тартып алса (клиптерде) жакпайт да. Негизи жакшы жигит корунот.
18.05.2015. 00:10
 kanat4ik
Экоонорго тен ийгилик каалайм. Саку дайымкыдай татынакайсын.
18.05.2015. 00:11
 Nurluujan16
ХХХ ХХХ Калгандары жакшы!Модератор admin_media түзөттү 2015-05-18 11:34:27
18.05.2015. 09:36
 Aruuzat2011
Клиптеги баланы атайын женил ойлуу, орой баланын образын жаратуу учун тандаса керек да, сонун аткарыптыр го образга кирип, эмнеси жакпай жатат, кыз менен пара болуп эле жатып калат экен
18.05.2015. 09:53
 toocool
Saykal ХХХ ХХХ juzuno soz jok makiyaj oz ishin kylyptyrМодератор admin_media түзөттү 2015-05-18 11:35:04
18.05.2015. 10:30
 Guli.K.E.
Эн сооонун Kubatov молодец ишине ийгилик!!!
Сайкал , Нурлан молодцы аягы аябай жакты да "расскана болот" дегенсип кетип калганы)))
18.05.2015. 10:45
 mersedes2013
Аябай жакшы экен. Ийгиликтер.
18.05.2015. 11:37
 admin_media
toocool, Nurluujan16, Lisun,
Силерге эскертүү! Кимдир бирөөнү мазактап, кемсинтүүгө тыюу салынат!
30.08.2015 18:49
anya
admin_media, Админ.медиа Саламатсызбы эмне учун гезиттеги супер-хит менен сайттагы супер-хит добуштары окшош эмес же бирдей эмес.
31.08.2015 10:15
admin_media
anya, саламатсызбы!
Себеби, Супер Хит ар жуманын шаршемби күнү токтотулуп, жыйынтыгы жума күнү чыкчу гезиттин санына жарыяланат. Супер Хиттин жыйынтыгы алынары менен добуш берүү кайрадан жандырылат.
18.05.2015. 12:22
 SULUU-KYZ
soonun boluptur
18.05.2015. 12:28
 deva
Сонун клип болуптур. Малайзияда жүргөн кездерин да кошушуптур
18.05.2015. 13:59
 Samara12
Магада абдан жакты +5
18.05.2015. 16:57
 Aiaium
Азаматсынар сооонун клип болуптур
18.05.2015. 17:59
 gizulya94
Эн сонун клип болуптур мага да жакты.Сайкалдын коздору кара карагат го.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: