Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова "Бакыт издедик"
Жанр:Поп
00:03:38
57,07 Мб
Жүктөлгөн: 16-05-2015


Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет,
Ар жүрөккө бирден түгөй берет.
Ишене бергин жалган жашоодо,
Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт.

Билемин, жаным, ишениш керек,
Мындай сезимди жүрөк сезе элек.
Кыялдарымды өзүңө арнайм,
Жакшы тилектер кепилдик берет.

Кайырма:
Сен, мен, бакыт издедик,
Тандап кимди сүйбөдүк?
Бакыт дайыма жанаша,
Жүрсө неге сезбедик?

Махабатыбыз ынтымак берсин,
Бакыттын даамын жүрөктөр сезсин.
Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын,
Салкындап кетпей, эселеп өссүн.

Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым,
Көп жигиттерден бир өзүң жактың.
Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем,
Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым.

Кайырма:
  • Currently 4.82/5
(57 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (101)

16.05.2015. 02:12
 Asiko95
Жакшы болуптур.ишинерге ийгилик.
16.05.2015. 02:20
 dastan_nookat
Малазиядагы кадырлар да кошулуптур го эн сонун клип хит болоруна ишенем
16.05.2015. 03:13
 Zairbek88
Бог тебя выдумал
16.05.2015. 03:45
 papanstan
Соонун чыгыптыр Сайкал чачын кыркып алганбы?
16.05.2015. 03:47
 Qnet
Бир гезиттин жаны санында Нурлан Асельге сойко салды деп жазышыптыр,ошол чынбы?Супер билип бериниздерчи!
16.05.2015. 03:51
 Qnet
Клип сапаттуу жакшы тартылыптыр,Сайкал озу го ото сулуу болуптур,бирок ырдап жаткандагы формасы вообще ни в тему!Сызыктуу кийим толук кылып,курсагы чыгып,джинсысы да клипке тартыла тургандай эмес экен...
16.05.2015. 04:42
 sergo
Ушу Сайкал менен Нурлан уйлонсо соонун болмок. Асел экоо ырдаган ырда милион эсе жакшы ыр жана клипда ото сапатуу тартылган.
16.05.2015 08:03
KYRGYZJERI
sergo,
кошо ырдаса эле уйлонуп алышмак беле?!
16.05.2015. 04:44
 sergo
Ырдаган ырдан деп жазайын дедим эле ырда болуп калды.
17.05.2015 19:11
shekerbek81
sergo,баары бир коп катандын баарын ондой албапсын
16.05.2015. 07:01
 nurzada78
Клипти коптон бери кутуп журдук эле,жакшы сонун чыгыптыр!Ырды уккан сайын, уккун келет!Азаматсынар Нурлан жана Сайкал!Бактылуу болгула!
16.05.2015. 09:27
 ainuska00
мага жакты)))Нурлан жаш корунуп калыптыр...Клип соонун,..,Сайкалдын формасы повседневкаго ..бир аз конул буруп койсо болмок.
17.05.2015 19:30
Aselya_9105
ainuska00,бул деген клип, жашоодо жүргөндөй реально кылып тартыш керек да. Менимче клиптеги кийимдери жакшынакай эле, сахнанын формасы башка, клиптеги форма башка, сенин оюң бонча не сахнага чыккандай жылтырак көйнөктөрдү кийип тарылыш керек беле клипке?
16.05.2015. 09:51
 Loli
Эн сонун аткаруучула жана формаларыда ар бир сьемкага жарашыктуу кийинишкен. Менин ырларын суйуп уккан ырчыларым.
16.05.2015. 10:02
 aziatka15
Клип супер!!!! Браво! Молодцы!!!
16.05.2015. 10:20
 jazgul80
Эн сонун клип болуптур супер жылдын мыкты клибине ылайык . Мыкты клиби деген наамды алгыла ылаайым . Оздору сонун ыры сонун клип сонун жалан 5555555555555555555555555
16.05.2015. 10:27
 g.jumabekova
Ушу баладан башка клипке тартыла турган бала жокпу. Бир баланы коро берип ар кайсы клиптен тажап кеттим. А так клип супер.
16.05.2015. 10:32
 rysbek31
жакшыы
16.05.2015. 10:49
 Aipri
Клиптин идеясы, орусиянын бир клибинен алыныптыр. Бирок, жакшы. Эмнегедир акыркы кундору ушул актер баланы клиптен коп корчу болдум. Асель, Маликаларга караганда, Нурлан менен Сайкалдын дуети мыкты болуптур.
16.05.2015. 12:36
 Beka95
Ушул да клипби? Бала тугонуп калганбы ушул эле образ кайра кайра бир бала бардык клиптерге чыга берсе жарашпайт экен жаны образдарды алып чыксынчы Кубатов .
16.05.2015 12:42
Patrik
Beka95,жанагы бала жонундо айтып жатасынбы. Ошол баладан башка эле бала тапса болмок мисалы мени.
16.05.2015. 13:28
 suiuktuujar
Жакшы сонун болуптур.
16.05.2015. 13:39
 ailam14
Сооонун 555 жакшы чыгыптыр клип,Сайкал жашынакай болуп калыптыр
17.05.2015 19:17
shekerbek81
ailam14,Кечиресинер ушул "чыгыптыр" деп жазган пикирчилер, бул "чыгыптыр" деген соз мындай мааниге колдонулбайт кыргыздарда(озбек элинде ушундай мааниде колдонулат). Ушуну билген тилчилер тактап койгулачы мумкун болсо. Алдын ала кечирим сурайм менден катачылык кетсе.
16.05.2015. 13:51
 Umka..00
СУПЕР! соонун чыгыптыр ишиниздерге ийгилик
16.05.2015. 14:32
 meerim8793
Сайкал сонун аткарыптыр.
16.05.2015. 15:19
 Mariyana
жакшы клип болуптур, чыгармачылык ийгилик!
16.05.2015. 16:15
 obon
Ой азаматтар менин сүйүктүү ырчыларым
16.05.2015. 16:42
 miraiymka
Молодцы!Я в восторге от этой песни и клипа,творческих высот Вам!!!
16.05.2015. 16:50
 fanatka19
Эхх сонун клип болуптур,ишинерге иңгилик бар болгула.
16.05.2015. 17:47
 Meerima.Majitova
эх сонун клип болуптур
ишинерге ийгилик дагы коптогонтклип жаратып журо бергиле,!
Сайкал ты красавица
16.05.2015. 17:48
 A3A
Сонун!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: