Самара Каримова "Жаз"
Жанр:Поп
00:04:16
54,11 Мб
Жүктөлгөн: 21-07-2015


Сөзү:Н.Алымбековдуку
Обону:А.Бөдөшовдуку

Көксөгөн кышта жүрөгүм,
Көктөмдү гана самайт, билемин.
Жайнаган кызыл гүл көрсөм,
Жаштыктын сеземин илебин.

Жан дүйнөм кошо жашарып,
Жазда бар гана кирсиз тазалык.
Жыпар жыт майдын деминен,
Жыргабайт кимдер наз алып.

Сулуулук жаздан жаралып,
Сулуулук барда койгон таралып.
Алдыман кетпей тартылат,
Алыстап калган балалык.
  • Currently 3.89/5
(19 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (65)

21.07.2015. 19:12
 Mongol1155
Аябай кооз жер экен!Бул кайсы жер, ким билет?Клип жакшы тартылыптыр.
21.07.2015. 19:40
 UkAA
Сонун клип болуптур, ырды жакшы ырдаган.
21.07.2015. 19:41
 edu.k
000000------------===0000
21.07.2015. 20:01
 Lazat
Клипке машина, кыздар, дагы чет жакты туурап клип тартпай эле кыргыздын кооз жаратылышын деле тартып койсо кандай керемет. Соонун клип болуптур. Аябай кооз жер экен. Кайсы жак болду экен?
21.07.2015. 23:41
 kyrgyz_girl
формасы м.н чач жасалгасынын устунон иштесе клипке дагы корк кошмок! Жаратылыш Самарадан сулуу экен....
22.07.2015. 02:31
 lika83
у нее природная красота, сейчас редко кто носит такие длинные и густые волосы. Красавица!
22.07.2015. 03:14
 Aida21
Бул Алайдын Мурдаш деген айылында тартылыптыр.
22.07.2015. 04:06
 aidka-1310
Соонун кооз жер экен...) Кыргызстан жаратылышка ото бай!!!
22.07.2015. 05:45
 aimoon
jaratylyw kozdu suktandyrat, koinogu jaratylywka top kelbei kalgandai sezildi
22.07.2015. 05:49
 elmaramahamat
Урматтуу Супер-Инфо, созун кошуп коёсуздарбы?
22.07.2015. 06:53
 bolotbai
Самаш айым клип жакшы,Кыргызстандын природасы супер.Озун да жаратылыш адамдын сулуулугу айкалышып бир ажайып сулуулук.
22.07.2015. 08:45
 Akzholtoi
Жаны ырлар менен дагы иштесе болмок. Ар кимдин ырларын ырдап журо бербей...
22.07.2015. 09:00
 Nagi-s
Каныкей Эралиевага жетпейт!!!!Akzholtoi туура айтасыз...

22.07.2015. 13:57
 janaika-95
Аябай кооз жергооо
22.07.2015. 14:52
 ainuska00
ушул не в тему эле кийине берет...мурдагы жылкы койногуго...стилисттер менен иштешсе жакшы болот эле
22.07.2015. 15:52
 Mirba24
Жакшы чыгыптыр
22.07.2015. 16:55
 HAPPY.GIRL
Жайлоодогу жаз го ээ)))
22.07.2015. 20:55
 Aimax14
Бул койногун синдисине берип койгон элегоо???инстаграмда синдиси кийип тушкон.0
22.07.2015. 21:45
 Ermek010292
Кыргыздын керемет жерлеринин бири экен. Жакшы тартылыптыр клип.
22.07.2015. 23:18
 erika8982
самара жап жаш туруп ар кимдин эски ырларын ырдай бербестен озу жаныланып изденсе жакшыраак болмок,бул ыр Каныкей Эралиева эжекебиздин озунун аткаруусунда аябай уккулуктуу.
23.07.2015. 00:19
 Aigul-aigul
Эн сонун аткарган сулуулугуна да соз жок азамат!!!ит уро берет кербен журо берет!!!алга Самара мындан ары да талантын ташкындай берсин!
23.07.2015. 03:55
 joker007
Ар кимди туурап эле журот,кочого кийген койнок менен эле клип тарта бериптир куйоосу жакшыраак букет жасатып берип койбоптур да акум-кукумдан коро.Жудомууш мага жаккан жок.Жаратылышка соз жок.
23.07.2015 09:21
capslock
joker007, колундагы гул отоооооо сейрек кездешчу Чымындык гулу - ал акум-кукум эмес... Ал гул тиии ушундай тоонун чокуларында майдын аягы июндун башында гулдойт. Аябай сонун гул. клиби мага тоолорду соонун жерлерди тартканы жакты. Койногун чын эле кыргыз оймосу барларын деле кийсе болот болчу...
23.07.2015. 05:43
 anar-87
ой тобо баары кыйын аа сындатып койсо .килип жакшы чыккан ыр да жакшы .Бул менин жеке пикирим аз болсо да жаманбы ,жакшы адамбы анын конулун которолу элге жария кылбай койногун .
23.07.2015. 05:49
 anar-87
Озу ырчы болсо, аткаруучу болсо акындардын,ообончулардын чыгармаларын аткарат да.
23.07.2015. 11:32
 Maxima
Койногун жаз деген ырдын темасына жараша кийген турбайбы. Оюу койнокторду коп эле киет ко, баарына эле оюу кыла бербейин деди да. Эмгекчил экен азамат. Сындатып эле койсо. Ушуга деле канча мээнет, каражат кетти туурабы. Кичинекей баласы бар экенине карабай, жон жатып албай, чыгрмачылыгын оркундотуп атат. 24 жашынарда силер нелерге жетиштинер эле? Бир аз озунорго суроо берип, ойлонуп коргуло...
25.07.2015 03:27
Aikoo2014
Maxima,


Ак соз!
23.07.2015. 12:58
 aidai88
Кийими менен чач жасалгасы бойунча иштебептир ар дайым бир стильде кичине озгоруу киргизсе сонун болмок,клипе соз жок аябай кооз жер экен айланса болот кырзымдын жерлеринен кооз жерлерге суктанып маанайым которулду.иалантына таазим,унун аябай сонин бирок Ар кимдин эле ырларын кайталап ырдай бербей Асакеси да кичине акча коротуп ыр сатып берип койсо болмок,койногу менен причёскасы менен бир жыл алдын маек курган супер инфого.
23.07.2015. 15:07
 samat9595
Биздин айылго Мурдаш айылы,Шаркыратма жайлоосу
23.07.2015. 19:28
 lika83
Эмне эле кийими анан чач жасалгасы деп эле жабышып калдынар унун уксанар кандай таза мындай ырдаган эч ким жок азыр баары жасалма койногу жакшы уну жок бети шпаклевка у всех разные вкусы не могу спорить
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: