Мирбек Атабеков "Унута албайм"
Жанр:Поп
00:04:23
43,67 Мб
Жүктөлгөн: 26-08-2015


Сөзү:Гүлсара Момунованыкы
Обону:Мирбек Атабековдуку

Атыңды угуп калсам капыстан,
Алоолоп күйүп-жанам унчукпастан.
Унут деп өзүмдү өзүм алдасам да,
Ичимен берилип улутунам.

Көрө албаска, ал сөздөргө азгырылып,
Мен жүрөм жообун таппай жазыгымдын.
Таң калам жоругуна ашыгымдын,
Ишенип, ишене албай...

Кайырма:
Азыр деле жашайсың,
Жүрөгүмдөн өчүрө албайм.
Ак сүйүүмдү башка жанга,
Көчүрө албайм, унута албайм,
Баары бир сени...

Күч барбы тыйып коёр сүйгөн жанды?
Сен мага ишенбедиң, айла барбы...
Канчалык мен өзүмдү өзүм сооротсом да,
Жүрөктүн буйругуна арга барбы?

Таттуу тилек, максаттар кайда калды?
Кол жеткис көк мелжиген жайда калды.
Курманы болбойлу айың кептин,
Өчпөгөн үмүт калды...
  • Currently 4.67/5
(21 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (35)

26.08.2015. 18:34
 Dinaraa
Ушул ырды коптон бери угуп журдум эле,, клип жакшы тартылыптыр,, ийгилик Мирбек...
26.08.2015. 20:05
 obon
Мирбек байке азаматсыз
26.08.2015. 20:05
 Qnet
Создору маанилуу экен абдан
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: