КЕҢЕШ тобу "Ак жамгыр"
Жанр:Эстрада
00:05:12
82,46 Мб
Жүктөлгөн: 13-10-2011


Сөзү:Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону:М. Мамбетовдуку

Бурулуп, кеткениңде махабаттан,
Буулугуп кусалыгым ичте жаткан.
Жүзүмө изин салып ачуу жаштар,
Булуттун жашы менен жуурулушкан.

Бурганак түшүп турду жан дүйнөмө,
Булуттун арасында жалгыз калып.
Сүйүүмдү арнап алып сүйбөгөнгө,
Сүйүүдөн запкы жедим, алсызданып.

Кайырма:

Себеле ак жамгыр, токтобо,
Сезимдин жалынын жоктобо.
Себеле ак жамгыр, токтобочу,
Жаай берчи ак жамгыр, токтобо.
Жаратпа алыстык ортого,
Жаай берчи ак жамгыр токтобочу.

Түгөнүп турса дагы кыялдарым,
Түнөрүп мен өзүңдү кыя албадым.
Түбөлүк бир өзүңдү сүйүп алып,
Түгөнгүс үмүтүмдү тыя албадым.

Канткенде мен өзүңдү унутамын,
Кайгырып жалгыздыктан жүдөп бүттүм.
Кайрылып келбесиңди билсем дагы,
Карайлап карааныңды күндө күттүм.

Кайырма:
  • Currently 4.52/5
(67 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (91)

13.10.2011. 12:51
 semakg
клип орто+4 сюжети жакты... ийгилик Кенеш тобуна
13.10.2011. 14:55
 jaina
Мынча жестоко?! Сюжет оор экен.Тренер баланы тааныдым, "Аят-2деги" борчиктердин бири экен))))
13.10.2011. 15:57
 NADUW
жакшы клип зкен бирок ГУЛМИРА ЭЖЕ тушунуктураак болуш, учун шашылбай ырдабаптыр!
13.10.2011. 17:47
 Нукура кыргызка
журогум болк этип кетти... Жакшы соз жок...
13.10.2011. 18:08
 azamat44
клип да ыр да аябай жакты.деги эле "кенеш"тобунун клиптеринин баары абдан маанилуу.силерге ийгилик.
13.10.2011. 18:36
 n-bolot
соонун !!!!!!
13.10.2011. 22:41
 tagdur
жакшы жакшы.
13.10.2011. 23:34
 Abud
классная песня
14.10.2011. 07:29
 Aelina
ukmush jomok kino kilip koyushkan go, kop dele jakkan jok birok ayagi jakshy butkonu jakshy eken
14.10.2011. 11:46
 Eshka
Менимче бул ыры клипи менен аз да болсо окшощ экен жакшы мага жакты, чыныгы жашоодо деле бар да.
14.10.2011. 12:39
 FIRDAUS
Аябай жакшы тартылыптыр ийгилик силерге.негизи эле кенеш тобунун ырлары баар укулукту и клиптери дагы башкаларга окшошпойт.дагы дагы клиптерди тарта бергиле ийгилик и бактылуу болгула!!!
14.10.2011. 16:54
 Guliza
maga abdaaaan jakty,kaira kaira ukgup jatam
14.10.2011. 20:47
 engel
daa jakshy klip jakshy yr eken yrdyn maanisine konul bursanar aiabai jakshy jasylyptyr Tashkent kysy Gul molodez ne to chto kuidum suidum degen maanisi jok yrlarga karaganda jakshy boluptur azamattar iygilik silerge Kenesh tobu!!!
14.10.2011. 20:48
 jani
Maga abdan jakti. soonun iri da klibi da! Azamatsinar Kenew Tobu iigilik silerge!
14.10.2011. 21:55
 Akyikatchy
Ырынар магада жакты.Оркунунор оссун! Эч кимден кем болбогула.Ар дайым изденуунун артында бийик чокуларды багынтып ай-ааламга созолонгон унунор угула берсин.Бул биз жашаган жарык дуйнонун кубаныч-кайгысын,жакшысы менен жаманын ырга айлантып эч талбастан ырдай бергиле !
15.10.2011. 00:07
 Baku
Мага аябай жакты. Бир жарым саатык кино коргондой эле болдум. Ийгилик силерге "Кенеш" тобу.
15.10.2011. 01:16
 Karkyra
Ыр жакшы, клип да маанилуу. бирок макияж жактан ото эле боенгон анан Жанетта Бобковага окшошуп калыптыр го....
15.10.2011. 10:44
 nnn
Молодцы! Жакшы чыгыптыр!Удачи!!!!!!!!!!!!!
15.10.2011. 10:57
 Muratbei
Jakshy eken,azamatsynar.
15.10.2011. 12:48
 FIRDAUS
Эй койгулачы озу калагандай бойонота зато жарашып жатпайбы.Жанеттага эчнерсеси окшогон жок жакшынакай Гулмира эже.озубустун колубустан эчтеке келбейт анан сындап койобуз.Ырчыларды кайра биз колдош керек Кыргыстар!!!
13.04.2012 19:55
u4kunu4kun.
FIRDAUS,эгер сен кыргыз болсон,кыргызча жазбайсынбы? же "З" тамгасына тилин келбейби?
андан башка ката толтура экен.
15.10.2011. 15:14
 janishboss
класс))))))))))
15.10.2011. 16:17
 dsamidinov
Эн жакшы азаматсыздар чыгарма чылыгыныздарга ийгилик боёнгону озуно жарашкан мага жакты.
15.10.2011. 23:10
 azamat1992kg
Жакшы клипп экен!
18.10.2011 09:05
cvbcvb
azamat1992kg,
16.10.2011. 01:02
 Karysh
Ыры клип айабай жарашыктуу болуптур аябай жакты Ак жамгыр эки да угалы еми)
16.10.2011. 20:14
 Danijarov
ийгилик мага аябай жакты клип дагы ыр дагы !!!!!!!!!!!!мындан дагы жакшысын кутом Кенеш тобунан

17.10.2011. 10:56
 Jazi94
жакшы клип экен
17.10.2011. 11:55
 sogdi_1991
жакшы ыр,жакшы клип вооопще "Кенеш тобу" азаматсынар!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: