Жанр:Эстрада
00:04:08
63,66 Мб
Жүктөлгөн: 10-09-2008
Сөзү:Ж.Сыдыковдуку
Обону:М. Мамбетовдуку
Кыз колунан кармадым балбылдаган,
Колунда шакеги бар жалтылдаган.
Алтын шакек колум менен сизде турат,
Дагы кандай сөзүңүз бар айтылбаган?
Эх, сулуу кыз, сен мага таарынбагын.
Чынын айтсам, мен өзүңдү сүйүп калдым.
Көздөрүңдөн көрүп турам сүрдөнөсүң.
Сүйөрүңдү сезип калдым, билип калдым.
Кайырма:
Эх, сулуу кыз, сулуу кыз,
Бир көргөндө жагып калдыңыз.
Айтыңызчы, чоң жигит,
Качан дагы биз жолугабыз?
Ортобузда сүйүү шамы жанып турса,
Досторубуз кошулушар оюбузга.
Бакыт берсин, таалай берсин экөөбүзгө,
Бакыт кушун кондуралы колубузга.
Жаратканым жарык чачсын жолубузга,
Нике шакек салайынчы колуңузга,
Досторубуз каалоо айтып экөөбүзгө,
Ата-энелер бата берсин тоюбузда.
Кайырма:
Эх, сулуу кыз, сулуу кыз,
Бир көргөндө жагып калдыңыз.
Айтыңызчы, чоң жигит,
Качан дагы биз жолугабыз?