КЕҢЕШ тобу "Нике кайып"
Жанр:Поп
00:04:10
69,65 Мб
Жүктөлгөн: 17-03-2011


Сүйүшөт көп жигиттер суктанып сага гана,
Таалайым сенден издейм, талапкер болуп сага,
Мен дагы арнап келем сүйүүмдү, жаным, садагам.
Бир болсо ойлорубуз үзүлбөйт колдорубуз,
Түбөлүк бир болобуз, түз болот жолдорубуз,
Баары бир жетем сага, батпачы, жаным, санаага.

Арнадым, тандадым, болоюн ардагың,
Буюрса, нике кайып.
Ардагым, калбагын, болбоюн арманың.

Сүйүшсө көп жигиттер аларда эмне айып?
Сүзө албайт көк деңизде калаксыз калган кайык,
Сүйүшкөн жандарбыз го, кайгырба, жаным, садагам.
Сен болсо алтын балык, мен болсо торду жайып,
Өзүмдүк кылып алам, буюрса, нике кайып,
Ардагым болоруң чын, алдырба, жаным, санаага.
  • Currently 4.10/5
(10 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (13)

17.03.2011. 15:43
 saraltyn
«нике кайып» деген эмне?
04.09.2012 03:10
ainura220888
saraltyn, нике кайып деген соз нике буйруп деген жашоодо 3 кайып бар адам баласына жазылган торолуу кайып нике кайып олум кайып
20.03.2011. 15:08
 armi
ooba, men dagy bilbeim, bilgender bolso jazyp koigula4y surany4!!!
21.03.2011. 01:55
 Karamel
нике дегенди тушундум, бирок кайып дегенин тушунгон жокмун(((
21.03.2011. 17:23
 upelline
кайып эмес кайык
22.03.2011. 01:55
 cosmopolit
"Нике кайып" дегендин мааниси - Кудай насип кылса же болбосо кудай буйуруп дегенди тушундурот...башка да варианттары болсо керек...нике кайык дегенди уккан эмесмин...
28.03.2011. 16:26
 bloodboy
Сонун ыр жана клиби да жакшы
05.04.2011. 14:57
 areneV
bala jakshy yrdait eken
17.04.2011. 10:10
 chocolate
Нике кайып=Нике капут))
19.04.2011. 16:32
 Kaibek
Нике кайык эмес, нике кайып. Бул соз айкашы, кимге буйруса ошол менен турмуш курасын, алдын ала айтып болбойт дегендей мааниде да.
01.07.2011. 15:08
 Ryskeldi2
Bliin kyrgyz bolup turup mankurt bolbogula4y ...Suranam kyrgyzdar...bilbesener okugula kyrgyz tilin..
29.04.2013 02:06
med9
Ryskeldi2, bilbegenin ubagynda suragany jakshy da...araket kylyp. kee bir adamdar murun oshondoi choirodo, oshondoi zamanda jashap kalyshkan da, emi azyr bilbegenin bilbeim degen ele emne degen erdik...
01.10.2011. 17:55
 lidia
нике кайып деген, нике буйруп дегенди билдирет болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: