КЕҢЕШ тобу "Эки жаш"
Жанр:Поп
00:04:26
75,94 Мб
Жүктөлгөн: 02-08-2011


Тоюңарды алыстан угуп келдик, эки жаш,
Кечеңерге ыр майрам коруп келдик, эки жаш.
Үзүлбөсүн колуңар, куттуу болсун тоюңар,
Белек кылып бул ырды сунуп келдик, эки жаш.

Кубанчыңар кайгыга чөмүлбөсүн, эки жаш,
Кулачыңар биригип сөгүлбөсүн, эки жаш.
Эң биринчи достошкон, эми минтип баш кошкон,
Эң биринчи достошкон, эми минтип баш кошкон,
Экөөңөргө Кудайым,
Экөөңөргө Кудайым бакыт берсин, эки жаш.

Бир-бирине түбөлүк байланышсын эки жаш,
Эл суктанган түгөйгө айланышсын эки жаш.
Өздөн артык өз болор, экөөңөргө бел болор,
Өкүл ата-энелер шайланышсын, эки жаш.

Дастарконуң дайыма жайыл болсун, эки жаш,
Урпагыңар көбөйүп айыл болсун, эки жаш.
Көшөгөңөр көгөрсүн, наристелер төрөлсүн,
Көшөгөңөр көгөрсүн, наристелер төрөлсүн,
Калың журттун батасы,
Калың журттун батасы кабыл болсун, эки жаш.
  • Currently 4.57/5
(21 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (31)

02.08.2011. 20:44
 tabiygat
heheheh kyzdyn mashine turtkon jeri jakty bednyashka... omur boyu aytat go emi any kuyoosu....
03.08.2011. 00:03
 Akyikatchy
Ушу топтун кайсы гана клиби болбосун айтор бир жылмайып аласын.Азаматсынар,мага жакты !
03.08.2011. 06:59
 lider-kg
Чыныгы той ыры
03.08.2011. 15:21
 jaina
Бала халявщиккен да, хе-хе. Ушунча болду досторун да кошуп алса болмок экен.
04.08.2011. 11:25
 deka
Кыз куйого тийеалбай жургонбу озу эле качып кетиптир. Машине туртсом дагы макулмун эн башкысы алып кетчи дегендей. -:) Жайна айткандай бала халявщик. Мага дагы ушундай биро болсо уйго алып барып огородко кунунду коробер деп агытып коет элем -:)
10.08.2011 01:40
aikoledi
deka, суйгон кызынды алып барып огородуна сала бер круглосуточно
04.08.2011. 17:00
 Tokmok
deka: kichine terengirek oilonchu, tereng dem alyp shashbai...... Suiloshup, suiushup jurushso baryp tietda anan emne kylysh kerek? Oiu taikylardan jaman sozdor paida bolo beret, kancha jakshy adam bolsoda tileke karshy.....
06.08.2011. 13:52
 nerrazuri
Хе хей аяабай сонун!!!
13.08.2011. 21:47
 gulshana
Супер Рахмат кулуп алдык бир топко !!!!
15.08.2011. 15:43
 Дикуся
Аман эле болгула. Музур акчанын баары уйубузго барсын дебей жакшы кыз алсан боло? Аялын кыйкыра эле берет, ун деген жок. Тамагына куч келет.
21.08.2011 19:28
ulake
Дикуся, Дагы дагы буттан тарткыла
17.08.2011. 13:09
 lmakenovna
клип жакшы кенеш тобу жакшы ырларды ырдашат да
21.08.2011. 19:29
 ulake
Ушинтип уйлонгондор бактылуу болушат, анткени бири бирине ишенишет
26.08.2011. 17:13
 gunsNroses
Музур мага аябай жагат,ырдаганы да, озу да приятный.
06.09.2011. 17:23
 feruza85

Соонун экен.Клип кайсыл жерде тартылган экен а?
08.09.2011. 23:34
 Kubatbek
Соонун клип экен Негизи жакшы ырдашат Кенеш тобу!!!
12.09.2011. 13:54
 cliff
Ыр жакшы но клип ото эле аша чаап кеткен го
17.09.2011. 14:15
 Bacitgul
"Кенеш" тобунун бардык клиптери супер. Талыкпай эмгектене бергиле.
17.09.2011. 21:26
 salidat8087
Жакшы ыр
15.10.2011. 12:59
 FIRDAUS
Аялы жакшынакай эле анда сен тийип ал сени албайта бутун сурткон тирияфка кылбайт болуш керек сени ээ Дикуся
15.11.2011. 21:44
 abduvali
Жакшы ыр.уккулуктуу
13.12.2011. 02:13
 supeeri
Мага ушул ыр оло жакты да,баржогунан бар кино коргондй кайра кайра угуп коро бересин клибини.
13.12.2011. 05:17
 LEYLA
ушул ыр мага да абдан жагат
25.02.2012. 21:49
 Sandra
Super,men jigitim ekoobyz syiloschkonbyz,bizdin svad'bada uschul toptu chakyrabyz dep,uraaa
02.04.2012. 18:10
 marato
бул клип аябай сонун!
18.06.2012. 15:35
 emira
ыр сонун а клиби дайыма оригиналдуу
супер!!!!!!
22.08.2012. 02:02
 Nuridin
ээээ, сонун да килип дагы ыр дагы мага жагат
21.09.2012. 18:28
 Nukthai
Мага аябай жакты, жакшы азаматсынар
10.11.2012. 18:27
 kyyazbek
абдан маанилу уклукту ыр
23.01.2014. 14:03
 gulbar_85
Ыр маанилуу жазылыптыр, ар бир созу уйкашкан, сонун. Бирок акын ким болду экен жазыл эмеско же Музур байке озу жазабы ыя?
18.03.2016. 14:27
 Nur9400
Клиптин мааниси жок болуп калыптыр жаштарга терс тасир калтыратго. бирок ыры жакшы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: