КЕҢЕШ тобу "Бир гана сен"
Жанр:Эстрада
00:03:37
45,65 Мб
Жүктөлгөн: 25-02-2013


Жалгыздайм жанымдан алыс кетсең,
Жалооруп издеймин, эгер сезсең.
Жаныма жашоонун демин берген,
Жалгызым, ишенгин, бир гана сен.
Бир гана сен, бир гана сен.

Жылдыздай жымыңдап эркелесең,
Өзүмдү бактылуу элестетем.
Өмүрдүн ачылган гүлү сымал,
Сүйүүдөн тапканым бир гана сен.

Бир гана сен, бир гана сен.

Кайырма:
Шам болуп жүрөккө жарык берген,
Жашоонун маңызы бир гана сен.
Жарашып жанымда жандап жүргөн,
Жашоодо жалгызым бир гана сен.

Бир гана сен, бир гана сен.

Өткөрүп өмүрдү сени менен,
Өзүңө арналып дайым келем.
Өрт болуп жүрөгү күйүп-жанып,
Түбөлүк сүйөрүм бир гана сен.

Бир гана сен, бир гана сен.
  • Currently 4.18/5
(33 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (58)

28.02.2013. 15:35
 nurizka
Ушул ырды "Арал" Кафесинде ырдаган эле эн сонун
01.03.2013. 11:18
 kinaza
Таптакыр тузу жок.
01.03.2013. 15:32
 kg_boys
мусур кайсыл областа туулган ким билет?
05.03.2013 13:38
aijanajana_7
kg_boys, Talasta
09.03.2013 20:33
kg_boys
aijanajana_7, чоооооон рахмат
15.08.2014 12:31
goodman02
kg_boys, Мусур эмес Музур дечи кокуй
04.03.2013. 14:56
 abc123
анчейин эскиче
06.03.2013. 09:29
 admin_media
maratb,
Сизге эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
06.03.2013. 22:17
 NADUW
обонун дагы жакшылап аранжировкалабаптыр! обону жаршпай калган ырга!
15.03.2013. 13:00
 ilgez
мен коро албадым , 20 сек корунуп калганы жок
26.03.2013. 19:48
 rayana86
Jakshy klip boluptur.birok yrlary jakshy chykkany menen 2ukkanga bolot.
30.03.2013. 23:19
 elif.bikech
супер!!!
12.05.2013. 21:37
 KaSuBa
клиптин идеясы жакшы экен,Гулмира эже макияжын озу жасагандыктанбы,иши кылса "мешки под глазами" даана байкалып турат.анан дагы любой клипте жаны туруп аткан кыз уже дапдаяр макияж менен эле,жуунуп таранбастан,жон гана кийинип кете берет.бир аз естественность болсо..
27.06.2013 10:41
mikinookat
KaSuBa, ooba kozunun janyndagy tyryshtary aiabai bilinetko e
16.05.2013. 23:52
 talant....93
соинун ырларды чыгарышат ээ булардын ырын ар жерде койсо болот тойгода вечиргеда туулган кунгода отоберт мага жагат уш топтун ырлары мен булардын ырларын биринда калтырбай угам
21.05.2013. 23:20
 Aygerim_tls
Sonun azamatsynar, ijilik silerge, yr abdan jakty! Gulmira eje siz daiym supersiz!!!
22.05.2013. 11:06
 killer-star
Magada a9bai jakty
22.05.2013. 15:34
 Azapatik
эй диги дигинин музыкасы экен башы
11.06.2013. 20:22
 AltinayAltinay
ыр жакшы экен бирок клип тушунуксуз болуп калыптыр
01.07.2013. 13:01
 akusya.kg
мммммммммм
02.07.2013. 18:19
 Tomega
Катардагы клиптердин бири.Эч озгоруу жок мурдагы клиптерине окшош.
21.07.2013. 21:25
 Hanzada
Россияда жалан Кенеш тобунун ырларын угушат ийгилик сизге
22.07.2013. 13:05
 azamatsultanov.tegirmenti
ырлары да клиптери да жакшы, коро албагандар суйлой бербегилечи жон эле.
12.08.2013. 07:01
 fara2503
Кыргызстанда биринчи жолу жана акыркы жолу ушундай клип тартып Кенеш тобу тарыхта калыптыр дейт имиш.
14.08.2013. 13:06
 nelli
Мага жакты, ыры да клип да жакшы. Ийгилик!
14.08.2013. 14:46
 pretty-nuri88
Азаматсынар! сонун клип болуптур! чыгармачылык ийгилик!
14.08.2013. 20:33
 ayaza
Ушул эле ыры жаккан жок
17.08.2013. 00:53
 Salim1
ушулардан кымбат анан сапаттуу клипти куто берем. баштаганда эле Мусур байкебиз секирип титиреп баштады го...
17.08.2013. 03:15
 nazgul-78
ыры сонун бирок Гулмиранын макияжы начар жашы отуп калганго
18.08.2013. 01:12
 omurbek9393
Макияждар кандай болгон билбедим бирок ыры да клиби да сонун экен браво!!!)))
12.12.2013. 12:50
 Asus84
жакшы жакты кайра угайынчы бир
28.02.2014. 17:08
 Almaz-85
Сонун клип болуптур! Чыгармачылык ийгилик силерге!
06.03.2014. 07:22
 erkele
клиптеги кыз супер сулуусу Орункулбу?
06.12.2014. 10:56
 Beckulan199212
Кыз аябай жакты )))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: