КЕҢЕШ тобу "Жаккым келет"
Жанр:Поп
00:04:46
60,96 Мб
Жүктөлгөн: 27-10-2015


Сөзү:Замир Казакбаевдики
Обону:Мүзүр Мамбетовдуку

Мен сага арнаганы,
Гүлдсте тандаганы,
Баратам көңүл шайма-шай
Кыялдар орундалып,
Чуркасам жолум тарып,
Сүйлөсөк экен жайма-жай
Өзгөнү көзгө илбей,
Таманым жерге тийбей,
Баратам сага жакканы,
Алгачкы, акыркымды,
Бир келген бакытымды,
Баратам сенден тапканы.

Кайырма:
Жамгырда, жаанда калып,
Гүлдесте кармап алып,
Келе жатканын карачы.
Жылмайып койбодуң да,
Суу болгон колдоруңда,
Канча гүл даана саначы
Жөн эле койсоң болмок,
Көңүлүм ансыз тоймок,
Өзүңдү көргөнүм жетет.
Сүйүүнүн мааниси бар,
Жөн эле бере бербейт,
Гүлдүн да кадыры кетет.

Так санды болжогонмун,
Алганда ойлогонмун,
Түгөйү менен болсо деп.
Гүл берип көрбөптүрмүн,
Маанисин билбептирмин,
Сурабай алганым башка кеп.
Алдыңда билбей турам,
Гүлдү эми кантип сунам,
Ойлорум кетти чачырап.
Жетсем деп жүгүрөмүн,
Билбепмин күбүлгөнүн,
Кайчылап салчы, кайчылап.
  • Currently 4.83/5
(18 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (62)

29.10.2015. 03:22
 daniar781121
Обондорун окшош обонду башка еле кишиге жаздыртып ырдаса болмок.
29.10.2015. 13:03
 aidai88
Детский мир. Эки адамдын маегин эле музыка кошуп койгондой,мээнет,акча,убакыт кетиринге жараша жакшыраак ырдабайбы?
29.10.2015. 13:14
 arbuz
качан ушул кенеш тобу стилин озгортот айланайын женил желпи ырларды эле ырдай бербей бираз серезный стилге отсо болот эле
29.10.2015. 13:28
 pirim77
детсаддагы балдардай эле ырдай беришет, чоон эле адамдар го.
29.10.2015. 15:01
 nazi94
Ааййй ииййй Ааййй тим эле баарынар кыйратып жаткансып коро албастыктын не кереги бар ушунча болду укпай эле койсонор болмок Кенеш тобу ар ким ар кандай суйлой берет конул бурбаныздар булардан башкасы баарыбыз сиздерди Жакшы коробуз колдойбуз дагы коп коп чыгармаларды жарата бериниздер.... клип да ырда соонун болуптур супер соз жоооокк 55555555555
29.10.2015. 15:59
 sabyr86
Ыр сонун күндө угам,клипте көчөдө гүлдү үзгөнү жаккан жок,
30.10.2015. 08:57
 kake90
Аргим ардекени айта берет онгозун солгозуно душман дейтко музуру брат озу н билип отукту торго ил мен ардайм силер тараптамьн
30.10.2015. 09:14
 dastan.bujun
Uwul klipti ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2015-10-30 09:24:54
30.10.2015 09:25
admin_media
dastan.bujun,
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
30.10.2015. 09:28
 admin_media
World_of_tanks,
Порталдын эрежелерин сактаңыз!
http://www.super.kg/erejeler
30.10.2015. 11:27
 Ledi89
Ыр жакты жашоо дон алынган ыр экен. Коруп алып аябай кулдук, жолдошума дайыма гул бербейсин деп айта берет элем.
30.10.2015. 14:25
 Ailino
Ырдабай эле жон эле суйлоп тура бергендей реп сыяктуу болуп калыптыр. Уккулуктуу эмес -1
30.10.2015. 17:42
 zeet
den sooluk ele kaalaim
01.11.2015. 05:19
 lenovo820
5
01.11.2015. 11:56
 Eseke2013
Базар жок клип болуптур
01.11.2015. 14:25
 altynbek9191
ыр мындай реп сыяктуу экен ))))))
01.11.2015. 17:14
 shazi
Клиптеги кыз бийик така кийип жакшы баса албайтго... гулмира эжеда уйдо кийингендей ак туника менен шым кийсе эч эле жарашпаптыр.
01.11.2015. 18:26
 Nazik96
ии соонун ыр болуптур мага кенеш тобунун баардык ырлары жагат.ийгилик сиздерге
02.11.2015. 00:12
 aqua.94mema
Кайра кайра уккун келе турчу ыр экен .
02.11.2015. 17:03
 amanatym
ушундай ырлырды уккандарга да рахмат.
06.11.2015. 22:41
 Abaika22
Мага такыр жакпады, тооба ушул кантип ыр болсун(( обону деле жок,декламация айткандай эле болуп калыптыр гоо
18.11.2015. 15:25
 aiposha
Айланайын алтындарым деги качан озгоросунор апей??? баягыле кочурмо эптемей клип, Музур байке кантет курсак байлап алганбы? менин оюм, озгорту киргизиш керек, ошол учун ырчыларда. Элге деле жагат болуш жаны образ. Анан кечке эле бир эле окшош нерсени коруп атышса, тажап кетет эл деген.
21.11.2015. 18:47
 uli95
зор!!!!!!!!!!!!!!!!!!
22.11.2015. 21:54
 KG_vip
Эх кандайгана сонун ыр
24.11.2015. 12:57
 Titi
Ыр жакшы клип -3
27.11.2015. 12:00
 tynych88
супер килип
02.01.2016. 23:45
 dastan_nookat
Kensh tobu ek muktu top !
10.01.2016. 00:38
 Sabyr_Baymatov
Мага кыздын таарынганы жакпады. Анан жигитин да убара кылып коюптур.
20.01.2016. 08:33
 esimdesin
эми бирөөнүн гүл берип атканын көрүп ошого таарынып ыйлаганга чейин барабы кудай урбадыбы? башкача сценарий болсо болмок.
19.03.2016. 02:14
 alisherkgkg3
Абдан жакшы мага аябай жакты
18.12.2016. 01:03
 Sunrice
Jaqwy
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: