Мирбек Атабеков "Алдадың"
Жанр:Поп
00:04:19
101,91 Мб
Жүктөлгөн: 03-09-2012


Сөзү:И. Жунусовдуку
Обону:И. Жунусовдуку

Гүл бакчаны аралап,
Экөөбүз бирге жүрөбүз.
Көз артышат бизди карап,
Баарысы, жашы-карысы.

Көз тийдиби, суук көздөр,
Билбедим, көздөр тийдиби?
Биздин сүйүү муздап барат,
Барган сайын муз болуп барат.

Кайырма:
Сен мени алдадың,
Алдадың, дагы-дагы алдадың.
Мен байкуш алдандым,
Алдандым, дагы-дагы алдандым.
Сен мага сүйөмүн,
Сүйөмүн деген сөздөрүң кайда?
Мен болсо ишенип,
Ишенип жүрүпмүн кайра-кайра.
Деген сөздөрүң кайда?
Ишенбеймин эми сага, сага.
Алдадың, алдадың мени...

Менин болгон сүйүүмдү,
Өчүрдүң болгон сүйүүмдү.
Ишеничим түгөндү сага болгон,
Баары түгөндү...

Эми жалгыз кетсемби,
Жер жүзүнө тентип кетсемби?
Же болбосо бул ааламды,
Колум шилтеп, таштап кетсемби?

Кайырма:
  • Currently 4.27/5
(59 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (118)

03.09.2012. 15:56
 kumushai
ооооооо мына сага клип сооонун болуптур..РЕСПЕКТ!!!
03.09.2012. 15:57
 nuradyl88
Бул жагы Кенеш тобунун "Нике кайыбы" болуп калыптыр го....
03.09.2012 16:45
zara
nuradyl88, :) мага дагы ошол клип эске келди. Кнеш тобу өз деңгээлинде, Атабеков өз деңгээлинде тарткан да баардык жагынан. А идея ошондой эле го. Кеңеш тобунукун көрсөңөр ишенбсеңер http://www.super.kg/media/?type=video&id=44879
03.09.2012. 16:03
 Roki
Клип да ыр да тимеле укмуш! Мирбек онорун дагыда оркундой берсин!
03.09.2012. 16:09
 malyshka123
Клип получился на ураа!шикарный и богатый.но мне кажется девушка слишком высоко подняла платье.
03.09.2012. 16:51
 andormeda
Мирбектин деңгээлине татыктуу эмес клип экен. Өтө эле "шалтак" клип. Идея жакшы, бирок актердук чеберчилик нөлгө эсе. Беш балдан үчтү берем. Өкүнүчтүүсү Мирбек баштапкы абалынан кыйла артта калып баратат
03.09.2012 20:01
kampotik-91
andormeda, sen ushu mirbekti koro albagan yr4ylardyn 1i okshoisun e.klip oto ele en aldynky dengeelde boluptur.akterskiy masterstvosu dagy 5.e4 bir kosiak jok eken.azamatsynar.mirbek kanat ernist.
04.09.2012 12:19
andormeda
kampotik-91, көзүңдү чоң ачып окучу, мен Мирбекти жаман деген жокмун. Клип Миобектин деңгээлинен төмөн деп жатам. Сага жакса, жалдырап көрүп отура бер. Мага жаккан жок, жеке өзүмдүн пикиримди жаздым жана ал пикирди эч кимге таңуулабайм.
03.09.2012. 17:09
 Suluushka
Мага абдан жакты. Азамат Мирбек, Канат!!!
03.09.2012. 20:37
 timan86
Мынаны клип десе болот 2012 суупер клиби болот буйруса алга Мирбек +100
03.09.2012. 21:03
 nura_312
мага жакты особенно алданган бала
03.09.2012. 21:41
 Begimkyz
жакты, жакшы))
03.09.2012. 22:02
 FlowersGuli
Мага жакты ,ыр да,Кыз абдан сулуу кен.мурун коргондой болуп атам.аты ким ким билет.азаматсынар))
26.01.2015 19:06
Aslandira777
Урматтуу FlowersGuli,ой пикириниз учун чон рахмат! Клипте кыздын ролун жараткан актрисанын аты Светлана Аширова
03.09.2012. 23:24
 angel-love
аябай жакшы тартылыптыр! молодцы!
03.09.2012. 23:26
 molly
тартылган бала Канат менин классташым болчу. молодец!
03.09.2012. 23:36
 asusk52j
Туура айтасын ЗАРА эки клиптин идеасы бирдей, Кенеш тобунун клиби оз убагына ылайык.
04.09.2012. 00:09
 ASACOOL
Клип аябай жакшы чыгыптыр,очччень оочччень рада.Мирбекке чыгармачылык ийгилик.
04.09.2012. 00:15
 kreml87
клип кенеш тобунукуна окшогону менен,оз озунчо соонун тартылган.Ыр да,клип да соонун!Эх суйуу-ушул беш эле тамга адамды кандай гана азаптарга салбайт ээ?!Бул го клип,оорукчандыгына карабай баарынан кечип келди,а турмушта кандай болду экен???
04.09.2012. 01:13
 aigulya-2012
da klip da yryda sonun eken soz jok
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: