00:00:49
5,68 Мб
Жүктөлгөн: 07-09-2018
Автор:Кызжибек Раимова
Оператор:Мундуз Нурланбек уулу
Ош шаарында келин колундагы 7 айлык баласы менен үйдүн 4-кабатынан боюн таштап жиберди. Ош ШИИБи окуядан кийин эне-бала дароо ооруканага жеткирилгенин маалымдады. Учурда эненин абалы орто, ымыркай оор абалда экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Терезеден боюн таштаган аял Кара-Балта шаарында күйөөсү менен жаңжалдашып, Ошко кеткен. Боюн таштаган кезде аял мас абалда болгондугу аныкталган.