КЕҢЕШ тобу "Ак жамгыр"
Жанр:Эстрада
00:05:12
82,46 Мб
Жүктөлгөн: 13-10-2011


Сөзү:Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону:М. Мамбетовдуку

Бурулуп, кеткениңде махабаттан,
Буулугуп кусалыгым ичте жаткан.
Жүзүмө изин салып ачуу жаштар,
Булуттун жашы менен жуурулушкан.

Бурганак түшүп турду жан дүйнөмө,
Булуттун арасында жалгыз калып.
Сүйүүмдү арнап алып сүйбөгөнгө,
Сүйүүдөн запкы жедим, алсызданып.

Кайырма:

Себеле ак жамгыр, токтобо,
Сезимдин жалынын жоктобо.
Себеле ак жамгыр, токтобочу,
Жаай берчи ак жамгыр, токтобо.
Жаратпа алыстык ортого,
Жаай берчи ак жамгыр токтобочу.

Түгөнүп турса дагы кыялдарым,
Түнөрүп мен өзүңдү кыя албадым.
Түбөлүк бир өзүңдү сүйүп алып,
Түгөнгүс үмүтүмдү тыя албадым.

Канткенде мен өзүңдү унутамын,
Кайгырып жалгыздыктан жүдөп бүттүм.
Кайрылып келбесиңди билсем дагы,
Карайлап карааныңды күндө күттүм.

Кайырма:
  • Currently 4.52/5
(67 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (91)

20.12.2011. 02:10
 ainura120488
molodzy, yr aiabai jakty,i sonun klip.jakshy atkaryshyptyr,udachi vam.
21.12.2011. 13:36
 musulmano4ka
Кенеш тобу ийгилик аябай сонун килип экен))
26.12.2011. 16:23
 557
Ырдын созунун маанисине кеп жок, бирок музыкасы, ырдаган кыздын уну ачуу бир калемпирди элестет экен
27.12.2011. 18:41
 zakir-shah
аябай сонун ыр экен музыкасыда
31.12.2011. 17:39
 ergazy.kgz
О_о )))))))
31.12.2011. 19:05
 nursultan_011992
ir jakty .. klip ancha elemesko "
02.01.2012. 23:49
 nurdin11
кенештин клипин корсон кызыктуу даагы кандайын чыгарат экен деп кутосун !!!!!!!!!!! алга кенеш алга Музур брат !!!!!!!!
03.01.2012. 20:41
 chika
Анча жага бербейт....кичине заманбапыраак ырларды чыгара башташыңарды күтөюүз....
05.01.2012. 11:46
 dina
2011-жылды той-топурлардын коркун ачкан Кенеш тобунун бул клипи да, ыры да жакшы болуптур. Клиптеги бала А.Алдашев болсо, дагы бир талантын коргозуптур. Алга!
06.01.2012. 12:35
 zema
"Кенеш тобунун" бардык ыры сонун...сиздерге ийгилик.
07.01.2012. 00:29
 bekanto
Ждем новых произведений ,чтоб отличались друг от друга
09.01.2012. 13:19
 Dinarka95
сонун сонун ыр
16.01.2012. 20:57
 RIELTOR
Балдарки и кыздарки ошон учун жолдун четинде ойнош керек! :-))))
28.01.2012 22:22
O6-OZGUR.KJ
RIELTOR,))КЕНЕШ ТОБУНА ийгилик
29.01.2012. 11:56
 SCARPION
Аябай жакшы тартылыптыр сюжети менен, эмесе акыркы клиптер озун коргозуп жатып бутуруп салып жатат.Аягында бала кызды карабай эле койсо болмок!
01.02.2012. 20:57
 turatbek-92
Ушул эконун ырын угуп калсам эле бала бакчадагы балдарды элестете берем.
06.02.2012. 18:21
 matrica89
Просто супер!

15.02.2012. 10:30
 Suiuktuu
Клип жогорку деңгээлде деп айта албайм. Бул жакта ыр ырдалып жаткандан кийин кадр артындагы кыздын апасынын сөздөрүн, баланын апасынын кыйкырганын угузбай эле койсо болмок.
25.02.2012. 20:11
 A-T
Баарынана да Аскат молодец, ушунчалык жеткиликтуу аткарган!
25.02.2012. 20:53
 A-T
клиптеги кыздын аты ким? билсенер шилтеме берип койгулачы!
26.02.2012. 14:55
 adilxx
Kenesh tobu kichine keneship ish kylgylachy ai
28.02.2012. 16:50
 Molodec
Кенеш тобу азаматсынар ушунунардан жазбагыла!!!
14.03.2012. 15:25
 erketaika.kg
klip a9bai jakty,azamatsyzdar!
19.03.2012. 09:40
 jazi8701
сонун клип негизи эле КЕНЕШ тобу дайыма кызыктуу клиптерди тартуулайт го.
06.04.2012. 08:48
 snejka
клиптин аягында ыйлагым келди,абдан жакшы тартылган экен.
18.04.2012. 12:01
 Барби
Маниси сонун клип болуптур. Азаматтар кенеш тобу
22.04.2012. 00:33
 dort123
Эн сонун. Азаматсынар!!!
11.05.2012. 15:08
 djmaks22
Клип классный!!! Кенеш тобу алга!!! Уй булолук бакыт.
13.07.2012. 21:44
 jibeka_foreve.live
Кенеш тобу силерге ийгилик ырларынардын баары сонун азаматсынар уйбулолук бакыт каалаймын силерге
31.08.2012. 16:37
 erik06068
Кенеш тобунун ырлары жагат абдан, ийгилик коштосун ар дайым!
21.10.2012. 23:47
 barsovich
сонун клип.азаматсынар
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: