|
Сөзү : Ө.Абдыкалыковдуку
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эркин Мээркановдуку
Бийиктен жамгыр болуп себелегенде,
Булутмун сени жандап көктөн караган.
Сүйүүнүн сыйкыры бар, себеби сенде,
Кайтарам ал күндөрдү кол кармашкан.
Кайырма:
Айдайым жай күнүндөй бир маанайың жаркыраган.
Ар дайым жүзүңдөн нур бир сыласа жалтыраган.
Жытыңа куса болуп мен, көңүлдөш карлыгачым.
Жел менен сагынычтан мен бир сага калкып барам.
Созулуп сүйкүм сенин сүйлөгөнүңдөн,
Жылмайсаң канат бардай өндөнөмүн мен.
Келечек күндөр биздин алдыда болсо,
Өзүңдөн жашаганды үйрөнөмүн.
Кайырма:
Жашоомдун жарык кылган шам чырагысың,
Жамгырдын жүздөн сүйгөн тамчыларысың.
Тагдырга таазим кылып моюн сунбаймын,
Баары бир мендик кылам карлыгачым.
Кайырма:
Бүгүндөн, жаңы кадамдан, жол салып сага барам,
Бир болуп ойлорубуз да, булутту аралаган.
Кармашкан колдорубуз, да үзүлбөс болуп турса,
Сүйүнүч толгон коздөрүм башканы карабаган.
Сөзү : К. Урманбетовдуку
Обону : Х. Азиреткуловдуку
Айланчыктап сени көргөн кезимден,
Ай-жылдызды карачумун көзүңдөн.
Ал ансайын ала качып карегиң,
Атаганат ошондогу көз ирмем.
Кайырма:
Жылдар өтөт, жылдыз өчөт
Жаштык өтөт, жалын өчөт,
Жалгыз гана, сен өчпөйсүң сезимден.
Эгер эркем чыгарбасаң эсиңден,
Эреркегем эргүү алып өзүңдөн.
Элесимде элесиңе эркелеп,
Эми минтип эт жүрөгүм эзилген.
Кайырма:
Болочоктун бак-таалайы сезилген,
Бото көзүм бой эргиткен сөзүңдөн.
Боздогонум билсе билер бир гана,
Ботосунан ажыраган боз инген
Как много лет во мне
Любовь спала,
Мне это слово ни о чём
Не говорило,
Любовь таилась в глубине,
Она ждала,
И вот проснулась
И глаза свои открыла.
Теперь пою не я,
Любовь поёт,
И эта песня в мире
Эхом отдаётся.
Любовь настала так,
Как утро настаёт,
Она одна во мне
И плачет, и смеётся.
Кайырма:
И вся планета
Распахнулась для меня,
И эта радость,
Будто солнце, не остынет.
Не сможешь ты уйти
От этого огня,
Не спрячешься,
Не скроешься,
Любовь тебя настигнет.
Как много лет во мне
Любовь спала,
Мне это слово ни о чём
Не говорила,
Любовь таилась в глубине,
Она ждала,
И вот проснулась
И глаза свои открыла.
Сөзү : Дүйшөнбек Чомоевдики
Обону : Жолдошбек Исраиловдуку
Сөзү : Гүлмира Рыспаеваныкы
Обону : Рамис Алиевдики
Сен, мен дегенде...
Себелер сезимим зор бекен.
Себепсиз, жан жүрөгүм,
Сагынып мени ойлойт бекен?
Кайырма:
Соолуган гүлдөрүм ачар бекен,
Томсоргон таарыныч канча бекем.
Сени издеп сенсиз мен сагынып зарыгып,
Сансыз го санаалар...
Сен, дале кайра сен,
Дилимдин кайраты дале сен.
Мейли мен жашай берем,
Дем албастан берекем.
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Автандилдики
Ашыгым, айтар сөзүм сага деген,
Ажарыңды айга теңеп келемин мен.
Жүрөгүмдү, жан дүйнөмдү сага арнасам,
Ак сүйүүмө ишенбейсиң эмнеге сен?
Кайырма:
Кара жаным, кара жаным,
Кайдигер мени карабагын.
Кайда барсаң, кайда жүрсөң,
Карааныңа зарыгамын.
Кара жаным, кара жаным,
Кайда барсаң жаныңдамын,
Капысынан алыстасаң,
Кайкып учуп мен барамын.
Башкага ыраа көрбөйм сени, жаным,
Канчалардан өзүң мага буйругансың.
Айтып бүтпөс махабатым сага арнасам,
Аппак сүйүүм сендик гана, арзыганым.
Кайырма:
Кара жаным, кара жаным,
Кайдигер мени карабагын.
Кайда барсаң, кайда жүрсөң,
Карааныңа зарыгамын.
Кара жаным, кара жаным,
Кайда барсаң жаныңдамын,
Капысынан алыстасаң,
Кайкып учуп мен барамын.
Өпкүм келип үлбүрөк эриндериң,
Өмүрүмдүн кусалуу жериндемин.
Өзөгүмө от жаккан жан болсо да,
Өзгөлөргө бир өзүңдөй,
Башкаларга бир өзүңдөй, берилбедим.
Кыскым келип боюңду кучагыма,
Кыйналуунун жашаймын учагында
Баштагыдай шаңданган өңдөн азып,
Батып барам сыр билгизбей,
Батып барам сыр билгизбей, ыза-муңга.
Көз нуруңа кагылып мөлтүрөгөн,
Көлөкөңө зар болуп мен түгөнөм.
Туткундалып ар мүнөт сагынычка,
Туталанат эт жүрөгүм,
Туталанат эт жүрөгүм, сен түнөгөн.
Сөзү : Т.Байзаковдуку
Обону : С.Искеналиевдики
Алтын жибек күн нурундай сүйкүм элесиң,
Бек кучактап кыялымда жашаймын.
Ар күнүмдү арнап сага сенден адашпай,
Ар убакты, ар кадамды санаймын
Кайырма:
Таңдай аппак таң сулуу
Тагдырлашым сен сулуу
Тандай катып тамшандырган бир сулуу
Атың дагы таң сулуу
Затын дагы тан сулуу,
Жаратканым жалгап берген сен сулуу...
Акылымды байлап алдың билсең карындаш
Азаптарга эми мени таштаба
Көздөрүңө тойбос болдум, көрсөм-көрбөсөм
Суранамын кетпе менден башкага.
Кайырма:
|