|
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Кайдан келет махабат,
Акылымдан алып азгырган.
Оо,Аида, Аида,
Аида, сен сулуусуң.
Күндөр, бактылуу күндөр,
Түндөр, уйкусуз түндөр.
Түгөнбөгөн таттуу кыялдар.
Оо,Аида, Аида,
Аида, сен жайнайсың,
Аида сен айдайсың.
Сөзү : Аалы Токомбаевдики
Обону : Жамин Акималиевдики
Ачылган аппак гүл көрсөм,
Окшотуп коём өзүңө.
Таалайдын таңы өңдөнүп,
Жалжалым, көрүнгүм келет көзүңө.
Ойлогон сырды айта албай,
Аптыгып кетет жүрөгүм.
Жаңсасаң боло жактырсаң,
Жалжалым, канчага минтип жүрөмүн?
Күттүрдүң мени гүл бакта,
Күүгүмгө калдым сен үчүн.
Күйүттүн оту өңдөнүп,
Жалжалым, көрүнгүм келет сен үчүн.
Ала-Тоо башы Ала-Арча,
Ала арча өсөт жанаша.
Алышып ойноп жүрчү элек,
Жалжалым, алты эле жашар балача.
Тат десең ууну татайын,
Дартымды ичке катайын.
Ашыгын күткөн жолугуп,
Ай болуп , ай болуп тоодон батайын.
Уурттасаң балды уурттайын,
Ууртуңдан сүйүп жыттайын.
Жан азык кылып күлкүңдү,
Жаныңдан, жаныңдан алыс чыкпайын.
Дем берген ичтен жашыруун,
Делбирим сага баш урдум.
Өзүңдөн таптым байланып,
Өмүрдүн, өмүрдүн алтын казыгын.
Гүлдөрдүн барктуу гүл барын,
Күндөрдүн барктуу гүлдөрүн.
Көзүмдөн кайра окудуң,
Көңүлдүн, көңүлдүн мендик сырларын.
Сөзү : Нурак Абдракмановдуку
Обону : Нурак Абдракмановдуку
Бабалардан калган турмуш ыргагы,
Бул жашоонун көркү – көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең, орток,
Сен кандайсың, жаным, көңүл ачууга.
Сенсиз көрккө келбей,
Жазгы тентек желдей,
Сансыз күндөр өттү,
Баасы ирмемдей.
Келчи, жаным, келчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшигин,
Ачып киргендей.
Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор,
Көлкүп-чалкып калсак жаштык көлүндө.
Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп,
Ай-жылдызга сермеп колду сунсаң да.
Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну
Тилейли.
Өмүр наркы бизден,
Көңүл наркы бизден.
Майда адамдар майда сүйгөндөй,
Биз майда сүйбөйлү.
Чындык ошол жашоо шартында,
Эмне жетсин көлкүп-чалкууга.
Мен да сага аппак сүйүү берейин,
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен өзүмдү сага бүтүн берейин,
Сен да өзүңдү мага бүтүн тартуула.
Сөзү : Турар Кожомбердиевдики
Обону : Эсенбек Мааданбековдуку
Эскерем түндө жылдыз санаганды,
Эскерем таңкы Үркөр тараганды.
Сезимди өрттөп кеткен ал күндөргө,
Биле албайм, кайрадан мен бир бара аламбы?
Мейли мен карап турсам, көздү жумсам,
Ар дайым элестейсиң бассам-турсам.
Жетпедим канча азап чексем дагы,
Жетпедим канчалык бийик колду мен сунсам.
Баш ийдим тагдырымдын салганына,
Айта албайм арманымды эч адамга.
Ишенбейм, бирок сүйүү жок дегенге,
Ишенбейм махабаттын жазганына.
Билинбей өтүп кеткен ал күндөргө,
Биле албайм, кайрадан мен бара аламбы...
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Чынын да эле айтсам күндөрүм,
Чыдабаймын сени көрбөсөм.
Азаптуу күнгө туш болом,
Көңүлүң чындап көлбөсөң.
Кайырыма:
Эй, кызыл жолукчан,
Болдумго сен деп оорукчан.
Токтогул менен Алымкан,
Жолукчу жерден, эй, жолуксам.
Сыланып күндө тарансаң,
Суктанбай сага кое албайм.
Жароокер селким жайнаган,
Кааласаң өзүмдү сага арнайм.
Кайырма:
Эй, кызыл жолукчан,
Болдумго сен деп оорукчан.
Данияр менен Жамилия,
Жолукчу жерден, эй, жолуксам.
Эй, кызыл жолукчан,
Болдумго сенден оорукчан.
Раймалы менен Бегимай,
Жолукчу жерден жолуксам.
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Өзөндү бойлоп, өзүңдү ойлоп,
Жаз келсе ме да келээрмин.
Өзүңө жаккан, сага арнап жазган,
Ырымды ырдар берермин.
Кайырма:
Жол боюндагы, жол боюндагы,
Ыргалып өскөн ак кайың.
Сагынтат мени, сагынтат сени,
Сагынтат мени, эй жаш чагым.
Алыста жүрүп даалай күн күтүп,
Сагынсам сага келээримин
Жүрөктө жүргөн, өзүң деп күйгөн,
Сүйүүмдү сага берермин.
Кайырма:
Сагыныч эзип, сүйгөнүм сезип,
Күз келсе мен да келээрмин.
Армандуу жүрөк, жалындап күйөт,
Өзүмдү сага берермин.
Кайырма:
Азандын үнү угулат,
Жүрөкө ыйман куюлат.
Таңкыман аманымда,
Таалайлуу бакыт туюлат.
Кайырма:
Отуз күндүк орозо,
Жан дүйнөбүз тазарсын.
Энедей эмизген
Аппак сүттөй агарсын.
Ааламга аппак куш келдиң,
Аллахым бизге кут бердиң.
Ак калпак кыргыз элиме,
Рамазан айы кош келгин.
Кайырма:
Арууланып жүрөктөр,
Айтылсын жакшы ниеттер.
Кадыр түндү тосолу,
Кабыл болсун тилектер.
Сөзү : М.Абылкасымовдуку
Обону : М.Рыскулбековдуку
Өмү деген, берилет бизге бир жолу гана,
Жараткандын буйругу экен жашоо ааламда.
Адашпайлы жашоодо жаманга жанашпайлы,
Биз эч качан досторго жамандык санашпайлы.
Кайырма:
Өмүр, өмүр өтпөсүн бекер
Бир келген өмүр.
Өмүр, өмүр калбасын
Биздин бул өмүр.
Өтөт өмүр эсте калып кызык бир баяндай
Өмүр барда жакшылык жасайлы биз аянбай.
Адашпайлы жашоодо жаманга жанашпайлы,
Биз эч качан досторго жамандык санашпайлы.
Кайырма:
Сөзү : Э.Кушчуевдики
Обону : Э.Кушчуевдики
Сулайман тоосу кош жүрөк анык,
Суктандык ага кошулуп барып.
Жүзүмдөй жүзүң жүрөктү эзет,
Оң бетиң өсөм сол бетиң калат.
Адамды аста абайлап карап,
Асманда гана ай калкып барат.
Жутунуп жутуп ийчүдөй болуп,
Бир көзүң өпсөм бир көзүң калат.
Окшошуп ошол тоодогу күндөр,
Ойлонуп бастык Оштогу түндө.
Кол кармашып чаркылдап жүрсөк,
Келечек өмүр, келечек күндө.
Жаздын күнү чиркин жапжаш балдай
Жазгы жамгыр себелейт эч басылбай
Жамгыр менен кошо чуркап бийлеген
Кызды көрдүм аппак көйнөк кийинген
Бийле бийкеч бийлей бергин тартынбай
Тоскоол кылбай карап турдум жалдырай
Мен ал кызга таанышууга умтулдум
Тике карап, таң калгандай бурулдум
Назик колун мага сунуп жылмая
Күлүмсүрөп атын айтты Гүлбайра
Ай Гүлбайра жакты мага атыңыз
Түк түшүнбөйм кереметпи затыңыз
Жибек сымал жамгыр болгон саамайың
Саамайыңдан назик гана сылайын
Мен өзүңө айткым келди шыбырап
Жалгыз сенсиң менин бактым таалайым
Ай Гүлбайра, күтөм сени Гүлбайра
Эстен кетпейт таанышканың жылмая
Жыпарың сенин Жийдегүл,
Жыттагым келет Жийдегүл.
Жаныңдан өткөн жигиттин,
Жүрөгүн неге жибитиң.
Кайырма:
Жийде, Жийде, Жийдегүл,
Жигит сүйгөн шибер гүл.
Жарк эткен сендей сулуунун,
Жараткан өзү Жийдегүл.
Караның сенин Жийдегүл,
Карагым келет Жийдегүл.
Жаным бир сага жетемби,
Жарганат болуп кетемби.
Кайырма:
Өмүрүмдүн саргайып жалбырагы,
Үмүт үзүп сүйүүдөн алдыдагы .
Жүргөн кезде жолуктум миң бир түнүм,
Махабаттын тургузуп пайдубалын.
Түгөнбөгөн жомогум миң бир түнүм,
Үзүң ачтың жашоомдун өмүр гүлүн.
Жомок болуп кылымдарга калса деймин,
Сага арналган жомоктой ысык сүйүүм.
Өмүр жазым, миң бир түнүм жомогум,
Айың болуп толгон айдай толоюн.
Ханым болчу күн-түн чыкпай жанымдан,
Жомок айткан шахризадаң болоюн.
|