|
Сөзү : Турар Кожомбердиевдики
Обону : Сардарбек Жумалиевдики
Жүздөр кызарып, буттар тушалып,
Бирге да баспасам бийлеп кусалык.
Күлкүм жоголот күндөр узарып,
Жүзүң көргөндө жүрөк лакылдап,
мезгил закымдап.
Жаркын керемет ойду терметет,
Келчи жакындап.
Ойлор жадатты, күндү санатты,
Кантип унутам ушул адатты.
Берди көңүлгө сүйүү канатты,
Санаа түмөндөп, түндө уктабайм
жылдыз түгөлдөп.
Сүйүү сырлары, сүйүү ырлары
Кантип түгөнмөк.
Сөзү : Т.Актановдуку
Обону : К.Абыловдуку
Күн дагы бүркөлдү,
Адамдын кабагындай.
Турмушуң үзүлөр,
Алманын сабагындай.
Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Бөксөрбөйт ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашаймын эл менен.
Базарда көр турмуш,
Кыйналдың сен бир укмуш.
Күдөрүң үзбөчү,
Болор чоң бурулуш.
Кайырма:
Кыргызым, ыйлаба,
Күн тиет сага да.
Намыстуу эр чыгат,
Буюрса, бактыңа.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Элим мен сени менен.
Элимдин ырысын,
Демиткен адамдар.
О дүйнө барганда,
Бир Кудай жазалаар.
Тийбечи, суранам,
Элимдин нанына.
Убалы кыргыздын,
Уктатпайт сени да.
Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Кемибесин ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Элиме дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашайм мен эл менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Келем мен сени менен,
Кыргызым, ай, сени менен.
Кере жутуп салкын абаны,
Шаттуу кыял ага канабы?
Булак бойлоп бүлдүркөн терген,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..
Кубалашып чыгып кыяга,
Күч жок эле бизди тыярга.
Каткырыктан тоону жаӊыртып,
Батчу элек го, түркүн кыялга.
Тунук булак жашын чубуртуп,
Саамайына мончок тагалы.
Экөөбүз теӊ чөлмөк суу болгон,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..
Ал кезекте биз, биз эселек,
Таттуу сезим колдон жетелеп.
Далай жылдар өтүп кетсе да,
Бирок ал кез эстен кете элек.
Бирге жүрүп кетип калдың уурданып,
Билгениң жок калганымды ууланып.
Түгөйүнөн түк ажырап калганга,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.
Жайлоо гүлүн терип жүрдүк кубанып,
Кеттиң, жаным, калдым өңүм кубарып.
Жыттап алып ошол түркүн гүлдөрдү,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.
Чырак сындуу жанып турсаң нурданып,
Жыргаар элем кирпигиңден нур тамып.
Андагы нур, ал кездеги күлкүм жок,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.
Сөзү : Табылды Актан
Обону : Табылды Актан
Ырдаймын ышкым бар үчүн,
Ынтызар болдум жар үчүн.
Айтамын арман бар үчүн,
Азапка түштүм жар үчүн.
Ак ороону колго алган,
Ак жибектей нурданган.
Алганым сендей болбосо,
Аңтарылсын шум жалган.
Адамдан артык порумуң
Азапка салат жоругуң.
Акырет кетсем унутпайм,
Ак алма жытуу мойнуң.
Чач мончогуң шурудан,
Таппадым издеп уруудан.
Кыргызда сендей жок экен,
Чыкпаса эле тигил буруудан.
Алкымың аппак жылдыздан,
Акылың артык топ кыздан.
Бул дүнүйө жалганга,
Адашып келбе нур кыздан.
Жыпырдай жытың буркурап,
Жибектей чачың нуркурат.
Денеден сендей чыкпаса,
Пендеден сулуу ким чыгат?.
Агарып атчу таң барбы?
Алтыным сендей жан барбы?
Акактай аппак мойнуңдан,
Аймалап жатчу түн барбы?
Тоодон бир атчу таң барбы,
Күмүшүм сендей гүл барбы.
Күмүшүм менин эркем деп,
Тогошуп жатчу түн барбы.
Сөзү : А.Абдыкалыковдуку
Обону : М.Токтобаевдики
Сөзү : Ш.Дүйшеевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Сөзү : Какен Алмазбековдуку
Обону : Аксуубай Атабаевдики
Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.
Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.
Жарк дегенде неге сени карадым,
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.
Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол күндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
Көп ойлонуп кызыл роза тандадым,
Кош айталбай ошол гүлдү арнадым.
Унутам деп канча убараны тартам,
Бирок сени унуталбай койдум ардагым.
Аа,аа, сени ардагым..
Кызыл розалар, кызыл розалар,
Кызга арналат арбайт жүрөктү.
Кызыл розалар айтып сүйөрүн,
Кызыгы экен ар бир күндөрдүн.
Кызыл розалар.
Бүт оюмду ай ааламга сапырып,
Айдай жүзүң турат дайым чакырып.
Алып учуп үмүт, ал ансайын күтүп,
Аткан таңдай турам сага ашыгып,
Аа, аа, сага ашыгып.
Кайра баштан, кайрадан,
Күтөм сени калаадан.
Бакыраң көз бактыма,
Жете аламбы биле албайм.
Кайырма:
Батырак келчи мени сагынтпай,
Кайда жүрөсүң, менсиз канттиң , ай.
Бакыраң көз бактым ай,
Жүрөм сага жете албай.
Көз алдыма тартылат күлкүң, ай.
Караңгы түн, тунук ай,
Бак ичинде жаштардай.
Бейкут жашап баалана,
Келчи мени кыйнабай.
Кайрыл мени сынабай.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Өзүбекованыкы
Обону : С.Бактыгуловдуку
Сөзү : Ж.Саалаевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Жүргөндө такыр аргаң да ,
Жооругуң салды арманга.
Же өзүң такыр чалбайсың,
Номуруң жок же чалганга.
Күтүлбөй күндө таң атат,
Кең дүйнөм тарып баратат.
Сен неге күндө чалбайсың,
Кабарсыз арсар тажатат.
Кайырма:
Нөл тогуз алло,
Мага,мен,мен.
Мен өрттөнүп барам,
Мен күйүп барам.
Мага керек тез жардам.
Чындыгын билбей түшүмүн,
Шыңгырын сенин күтөмүн.
Шыбырың сенин сагынып,
Чыдабай жаным түтөдүм.
Сагындым үнүң кандайсың,
Санааңа неге албайсың.
Сагынтып коюп сары кыз,
Саат сайын неге чалбайсың.
Кайырма:
Мен, бир, алло?
Мен, мага, мен, мен, мен өрттөнүп барам,
Мен күйүп барам.
Күтөмүн күндө кур калбай,
Күтүүдөн болдум улгаймай.
Тыңшагыч элес колумда,
Жүрөгүң сенин тургандай.
Демиңден секет болоюн,
Бир сенсиң күткөн коногум.
Чалчы бир үнүң жаздырып,
Yйүмө коюп коёюун.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : А.Өзүбековдуку
Сөзү : Ш.Дүйшеевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
|