|
Көзүңө чөккүм келет,
Эрдиңден өпкүм келет.
Шыбырап кулагыңа,
Сүйүүмдү төккүм келет.
Кайырма:
Жаныңа баргым келет,
Шам болуп жангым келет.
От чачкан карегиңде,
Түбөлүк калгым келет.
Сен менен баскым келет,
Жан дүйнөм ачкым келет.
Жакшы адам сапаттарын,
Бүт сенден тапкым келет.
Сырымды айткым келет,
Сырдашып кайткым келет.
Махабат жыргалына,
Сен менен баткым келет.
Кайырма:
Сагынып сени эстедим,
Кыялбай дале келемин.
Алгачкы сенде махабат,
Ак сүйүүм жашайт билесиң.
Кайырма:
Күтөмүн далай күндөрдө,
Уктабай айлуу түндөрдө.
Жүрөгүм сыздап кыйналса,
Сезилер бекен өзүңө.
Махабат жаздын демисиң
Мээримиң неге тең келсин.
Табылгыс сенин дүйнөңдөн,
Сезимиң ыйык билемин.
Издедим далай күндөрдү,
Табалбай сенин сүйүүңдү.
Талыкпай сезим канаты,
Талпынып сен деп күн-түнү.
Бакыт тилеп ар бир адамга,
Махабат келесиң жазда.
Жашырып ошол мезгилден,
Сүйүүңдү менден аяба.
Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың сен,
Бeл жолуң өтөт билинбей.
Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбайсың сен,
Кызык кез өтөт билинбей.
Күнүгө сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңде сен,
Эс акыл менен пайдалан.
Күүлөнөт күлүк күнүндөй,
Туйлайт дейт тулпар ушундай.
Турмушка өчпөс из калтыр сен,
Туягың бүтүн чагыңда.
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Көз алдымдан кетпей элесиң,
Жүрөгүмдө жашап келемин.
Капаланып, кейип турганым,
Тагдырлашым билер бекенсиң?
Кайырма:
Сыгылып жүрөк серпилеби,
Жай албай жаным эзилеби.
Сен үчүн болгон бүткүл дартым,
Кантемин, билбейм жеңилдейби.
Өзүң менен эми болбоймун,
Өчүрдүң го көңүлдүн отун.
Өксүттүрүп аябай мени,
Терс кыялың арнап болгонуң.
Кайырма:
Көз алдымдан кетпей элесиң,
Жүрөгүмдө жашап келемин.
Капаланып, кейип турганым,
Тагдырлашым билер бекенсиң?
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Кайырма:
Балбылдап жанган көздөрүң,
Жалооруп сага жетпедим.
Жаш кезек өтүп кетсе да,
Оюмдан такыр кетпедиң.
Кайгыдан жүрөк жанчылып,
Карекке көзүң тартылып.
Караймын дайым жолуңду,
Кайгынын жүгүн артынып.
Сагыныч мени жүдөттү,
Саналуу далай күн өттү.
Сагынтпай келсең болбойбу,
Сароору кылбай жүрөктү.
Сөзү : Б.Сейитбекованыкы
Обону : А.Карымовдуку
Жапжашыл жибекти жамынгандай,
Жайкалган төрүңдү сагындым, ай.
Жашоодо керемет кандай күч бар,
Жол күтүп мен сага камынгандай.
Кайырма:
Сактадым унутпай элесиңди,
Салкын төр, кызгалдак, белесиңди.
Саймалуу тоолоруң көздөн учуп,
Сагындым, туулган жерим сени.
Жол алып учушкан каркыралар,
Жолдогон саламым айтып барар.
Жол бою ак көйнөк кийип алып,
Жолумду күткөндүр гүлкайырлар.
Кайырма:
Жылдызың сагындым жыбырашкан,
Жымыңдап мага арнап ыр ырдашкан.
Жоодурап жолумду карашкандыр,
Жол четин ээлеген кызгалдактар.
Кайырма:
Жаңы турмуш улакмак,
Жакшы го дейм бул адат.
Келин келсе биздин эл,
Кут келгендей кубанат.
Кары –жашы чогула,
Калбай келет тоюна.
Боорсок чачып башына,
Тыйын чачат жолуна.
Түшүнүп ал сен эми,
Боорсок чачкан себебин.
Ыйык нандай табылгыс,
Ак жолтой бол дегеним.
Тыйын чачкан себебин,
Сырын чечип берейин.
Дүнүйөгө келиним,
Кароо болбо дегеним, эй.
Кыздар аста гүлкүлдөп
Бөбөктөрү бүлкүлдөп.
Келин жанында отурат,
Көшөгөдө үлпүлдөп.
Мүнөздөрү өзгөрүп,
Ой үстүнөн өчүрүп.
Келечегин ар кимдин,
Көз алдынан өткөрүп .
Бүгүн баары башкача,
Мөл булактай таптаза.
Ар киминин дилинен,
Оргуп чыккан ак бата.
Жакшылыгын ашырган,
Жамандыгын жашырган.
Бүлөө болгун ак жолтой,
Жолук түшпөй башыңдан.
Кайрымдуу бол карыңа,
Жагымдуу бол жарыңа.
Өз өзгө деп чектебей,
Бирдей кара баарына.
Алпештеген эл дагы,
Алдыңдагы жер дагы.
Жакшы болсоң сен эгер,
Жарың менен тең кары.
Наристелер төрөлсүн,
Ак бешике бөлөнсүн.
Ортоңордон жыл өтпөй,
Көшөгөңөр көгөрсүн.
Балкытып кош денемди,
Бата берет эл эми.
Келеркиде оомийин,
Бешик тойго келели.
Сөзү : С.Жусуевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Ишенсең өзүмө, айткан сөзүмө,
Сүйүүмдү окусаң тиктеп көзүмө.
Эх, десем махабат кошсо бизди,
Жетпестир ошол кезиме.
Айтылмак жүрөк сырлары,
Ырдалмак жүрөк ырлары.
Мага да, сага бир келсе жаным,
Махабат жандын жыргалы.
Көзүмдөн жадырап жарык нурумду,
Көңүлгө сактагам аяп сырымды.
Айта албай жүргөнмүн сага жаным,
Айтамын бүгүн чынымды.
Өзүңдү ойлоп жыргаймын,
Өзүңө гана ырдаймын,
Жамгыры болуп төгүлөм жаным,
Жагымдуу жашыл жаз, жайдын.
Баары өтөт дүйнөдөн, сүйүү түбөлүк,
Бактылуу көңүлдө турат күүлөнүп.
Жаралган кымбат өмүрлөр, жаным,
Жашоону, жаным сүйөлү.
Сүйүүнү кимдер ката алат,
Сүйүүсүз кимдер жашамак.
Жашасын өмүр, тирүүлүк, жаным,
Жашасын сүйүү, махабат.
Өзүңдү сүйүп жыргаймын,
Өзүңө гана ырдаймын,
Өзүңө жаным ырдаймын,
Өзүңө гана ырдаймын,
Жамгыры болуп төгүлөм жаным,
Жагымдуу жашыл жаз, жайдын.
Сөзү : К.Калыковдуку
Обону : К.Калыковдуку
Айпер, Айпери.
Ырда берекем, ырда көлөкөм,
Ырда чырагым, ырда жыргалым.
Ырда жаңырсын, оо,
Ырдайбер жылдызым.
Кайырма:
Айпери, Айперим,
Ырда кызым сен эми.
Айпери, Айперим,
Ырдайтурган кез келди.
Айпери, Айперим,
Бийле кызым кел эми.
Айпери, Айперим,
Кубат берсин эл деми.
Тунгуч кулунум, кандай улугум,
Күндөй жарыгым, суудай тунугум.
Таңшы булбулум, ээ,
Уча бер сен бүгүн.
Кайырма:
Талпын алга берекем,
Таалайга талпын көлөкөм.
Тынардай учкун чымчыгым,
Чынардай өскүн чырпыгым.
Узун болсун өмүрүң,
Ачык жүрсүн көңүлүң.
Акылдуу бол көлөкөм,
Бактылуу бол берекем.
Кайырма:
|